КТРКнын Байкоочу кеңеши Коомдук каналга башкы директор кызматына талапкерлердин документтерин карады. Жалпы 22 адамдан арыз түшкөн. Талапкерлердин арасында Коомдук каналдын учурдагы директору Илим Карыпбеков, жарандык активист Адил Турдукулов, акын Мирлан Самыйкожо, НТСтин учурдагы директору Жайнак Үсөн уулу, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу жана башкалар бар.
Тапшырылган документтери толук эмес деген себептен 3 талапкердин арызы өткөн жок.
"Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга Байкоочу кеңеш тарабынан жабык добуш берүү жолу менен шайланат. Башкы директорду шайлоо 14-мартка белгиленди.
Бийлик өзүнүн саясатын жүргүзүүдө курал катары колдонгон КТРКга бийликке көз карандысыз адам жетекчиликке шайланышы, дайындалышы дегеле болуп көргөн эмес. Андыктан 3 жылдан ашуун убакыттан бери Жогорку Кеңештин маалымат кызматын жетектеп келе жаткан Ибрагим Нуракун уулунда, бийликтин заказдарын ийгиликтүү аткарып келген КТРКнын учурдагы башчысында директорлукка шайлануу мүмкүнчүлүгү жогору.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg