Саясатчы Равшан Жээнбеков бир нече жылдардан бери бийликке карата оппозициялык позицияны карманып, реформаларсыз, демилгесиз өкмөттү, “бийликти бүт ээлеп алган” деп президентти сындап келет. Бул жолку маегибиз да өлкөнүн учурдагы абалы, келечеги тууралуу болду.
– Равшан мырза, акыркы күндөрү сизди теледен, интернеттен, гезиттерден байма-бай кезиктире баштадык. Бул активдүүлүк эмнеден кабар берет? Шайлоого даярдыкпы?
– Шайлоого эки багытта карашыбыз керек. Эгер жазында абал оорлоп, эл митингге чыгып, саясатчылар активдүүлүктү көргөзө баштаса парламенттин тарап кетүү мүмкүнчүлүгү аябай жогору. Күзүндө шайлоо болуп калышы мүмкүн. Себеби эл, саясатчылар, жарандык коом азыр парламентке чоң нааразычылыктарды билдирип жатат. Парламенттик шайлоо өз учурунда, 2020-жылы өтсө деле аз убакыт калды. Саясатта жүргөн адамдар өзүнүн көз карашын, саясий позицияларын, идеяларын коомго таратууга аракет кылыш керек. Көз карашын жарыялап, коомдук пикир түзүп, коомду өзгөртүүгө аракет кылган, өзүнүн позициясы, идеялары менен элди ээрчиткен профессионал саясатчылар өлкөдө өтө аз. Мен өзүмдү профессионал саясатчы катары эсептейм.
– Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн көп сындап жатасыз. Парламент эмнеден аксап жатат?
– Жогорку Кеңеш парламент катарында эгемендүү мамлекет болгонубуздан баштап эле өзүнүн негизги функциясын аткара алган жок. Парламент президенттин идеяларын, долбоорлорун ишке ашырууга жардам берген негизги мамлекеттик бийлик бутагы. Бирок Жогорку Кеңеш көп убакытта мамлекет башчынын, өкмөттүн жаман идеяларын ишке ашырып, аны мыйзамдаштырган негизги орган болуп калды. Мисалы, "Кумтөрдү" карай турган болсок, өлкөнүн кызыкчылыгын тебелеген бардык жаман иштерди парламент аркылуу мыйзамдаштырган. Азыркы Бишкек ЖЭБиндеги бардык жаман иштерди да парламент аркылуу бийлик толугу менен мыйзамдаштырган. Парламент өзүнүн функциясын аткара албай жатат. Биз Жогорку Кеңешти эгемендүү, өз алдынча, бийликтин бутактарынын карама-каршылыгын, тең салмактуулугун сактаган, эгерде бийлик туура эмес иштерди жасап жатса айтып чыгып, ошолорду мыйзамдаштырбай койгонго күчү жете турган парламент кылышыбыз керек.
Азыр бизде президенттик институт абдан күчтүү, ал парламентти да, өкмөттү да, жергиликтүү бийликти да толугу менен менчиктеп, көз каранды кылып алган. Президент мамлекеттик бийлик бутактарын каалагандай өзүнүн кызыкчылыгында пайдаланат. Бул начар мамлекет, начар башкаруу жолу.
Мурунку президент да азыркы президент да парламенттик мамлекетке өтүшүбүз керек дешкен. Биз жакынкы жылдары президенттик бийликти жоюшубуз керек. Президенттик бийлик жоюлса парламент күчкө кирет. Парламент өкмөттүн жаман идеялары боло турган болсо токтото турган негизги бийлик бутагына айланат.
– Келерки чакырылышта кайрадан эле президенттин көзүн карап, каалоосун аткарып берчү депутаттар келип калбайбы?
– Бизде бийликтеги адамдар гана өзгөрүп, бийликтин жаратылышы, системи өзгөргөн жок. Акаевдин ордуна Бакиев келди, анын ордуна Атамбаев, эми бийликке Жээнбеков келди. Бардыгынын негизги максаттары – мамлекетти башкаруу моделинин түпкү фундаментин өзгөртүү эмес, бийликти кармап туруу, өзүнүн бийлигин бекемдөө жана бийликте көбүрөөк убакытка кармалуу. Эгер бийликтин жаратылышын өзгөртпөсөк, анда мамлекетте маанилүү өнүгүүлөр болбойт. Ошондуктан коомдун негизги максаты – бийликтин жаратылышын өзгөртүү болуш керек. Биринчиден, президенттик бийликти жоюу. Экинчиден, сот реформаларын жүргүзүү. Үчүнчү маанилүү багыт – жергиликтүү бийликти жана шаар бийлигин эл тарабынан шайлоо. Эгер ушул үч маанилүү нерсени жасасак, тез өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз.
– Максатыңыз саясатчы катары өкмөт башчылыгына келүү, андан ары өлкө башчылыгына баруу экенин айтып келесиз. Бул кызматтарга өзүңүздү кантип даярдап, таптап жатасыз?
– Саясатта бийликке келүүнүн эки жолу бар. Бири авторитардык мамлекеттерде, экинчиси демократиялык чөйрөдө. Авторитардык мамлекетте даярдыктын кереги жок. Сенин кожоюнуң болот, мисалы, мурдагы президент же күчтүү коңшу мамлекеттер. Эгер алардын кызматын кылсаң, алардын айткандарын аткарсаң, сени президент кылып коюшат. Ал эми демократиялык жолдо премьер же президент болом деген саясатчы көп жылдар бою өзүн даярдайт. Көптөгөн оң жана терс окуяларды башынан өткөрөт. Бийликте иштөө, бийликке каршы иштөө, бийликти колдоо жана бийликке каршылык көрсөтүү менен көп тажрыйба топтошот. Тилекке каршы, бүгүн бизде авторитардык чөйрө. Бирок мен премьер болом, президент болом деп даярданган адамдардын убагы келе жатат. Мен демократиялуу мамлекетте премьер болгум келет. Анткени мага окшогон саясатчыларды мурдагы президент же коңшу мамлекеттер колдобойт. Анткени биз алардын айтканын аткарбайбыз, биздин өзүбүздүн көз карашыбыз, баалуулуктарыбыз, программаларыбыз бар.
– Жакында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков пландалбаган учурда барып, Орусиянын президенти менен бейформал жолукту. Путин ЕАЭБге кирген өлкө катары Кыргыздын бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын кыйытып айтып өттү. Эмне ойдо калдыңыз?
– Менин оюмча, президент Путин биздин президентти эмнеге чакырды деген суроо коомчулукка абдан кызык болушу керек. Анткени мурда пландалбаган жолугушуунун боло калганы жашыруун, элге айтылбаган маселелер талкууланды дегенге далил боло алат. Мен ойлойм, ал жерде эки маселе каралды. Биринчиси – бул бажы маселелери. Бул боюнча Кремль өзүнүн сайтында да жазды. Биздин бажы, салык маселелерибизде чоң көйгөй бар экенин Кремль өзү ачыктады. Бул Кыргыз өлкөсү менен Кытай өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы маселелери, акыркы күндөрү алака-катышы күчөгөн Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы маселелер болушу мүмкүн. Мен ойлойм, бул маселелер Орусияны абдан кызыктырып жатат. Бул боюнча Путин биздин президентке чоң маселелерди койду болуш керек деп ойлоп жатам. Экинчи маселе президент Сочиге 9-февралда учуп барды. 12синде Путин Татарстандын мурдагы президенти Шамиевди кабыл алып, ага “Биз Кыргызстандагы диний лидерлерди Татарстанда окутушубуз керек” деп тапшырма берди. Сооронбай Жээнбеков да өлкөгө келери менен эле диний маселелер боюнча билдирүү жасады. Президентке баш ийген диний агенттик жергиликтүү маалымат каражатына чоң макала жарыялады. Менимче, булардын бардыгы бири-бирине байланыштуу. Муну көп адамдар байкабашы мүмкүн, бирок анализ кылган адамдар, биз байкашыбыз керек. Путин менен Жээнбековдун ортосунда талкууланган экинчи маселе – дин маселеси. Себеби Кыргызстандын акыркы күндөрү бат исламдашып жатканы жана Кыргыз мамлекетинин башында турган адамдардын, анын жакын туугандарынын исламга аябагандай чоң басым жасап, алар менен активдүү иштейбиз деп жатышы Путинди кабатыр кылууда. Өлкөдө исламдашуунун күчөшү, мамлекетти башкарууга динди аралаштыруу аракети Орусияга гана эмес, Кытайга дагы, Батышка дагы, Америкага дагы жакпайт. Мен так билбейм, бирок анализ катары, Путин Сооронбай Жээнбековдун алдына “исламдашууну токтоткула жана светтик мамлекет кылгыла” деген катуу талап койду деп ойлойм. Биздин бийлик мындан чоң бир жыйынтык чыгарат.
Ал эми бажыда да жакынкы убакытта чоң өзгөрүүлөр болот деп ойлойм. Эгерде Путин бул боюнча талаптарды койгон болсо, анда мен так билем, Путиндин талабы, көз карашы биздин бийлик үчүн өтө маанилүү.
– Кытайга кайтарып беришибиз керек болгон карыз өлкөгө олуттуу маселелерди жаратат деп ойлойсузбу?
– Сөзсүз түрдө. Бүгүнкү күндө биздин тышкы карызыбыздын 50 пайызын Кытайга болгон карыз түзөт. Бул аябай оор кредиттер. Кытайдан карыз алууда биз эки чоң ката кетиргенбиз. Биринчиси, Кытайдын бизге берген акчалары кымбат. Себеби биз кредитти 2 пайыз менен алганбыз. Дүйнөдө мамлекеттер 2 пайыз менен кредит алышпайт. Биз кредитти дайыма Дүйнөлүк Банктан, эл аралык валюта фондунан, батыш мамлекеттеринен 0,45-0,75 пайыз менен алабыз. Бирок Кытайдан чоң пайыз менен карыз алдык. Биз өкмөттөн, бийликтен мындай кымбат карыздарды албоону талап кылышыбыз керек. Экинчи маселе, эгер кредит маселесинде Кытай менен биздин өлкөнүн ортосунда талаш-тартыш жаралса, анда бул маселе боюнча биз Батышта эмес Кытайдын аймагында соттошобуз. Бул мурдагы бийликтин экинчи чоң катасы. Адатта арбитраждык сот Лондондо, Стокгольмдо өтөт. Алардын соттору адилеттүү деп саналат, дүйнөнүн баары аларга ишенишет.
– Акыркы күндөрү сиздин атыңызды экс-президент менен байланыштырып каралоо иштери күчөдү. Байкап жатасызбы?
– Үч жумадан бери системдүү түрдө мени каралаган макалалар чыгып жатат. Каралоо иштери бийликтеги кандайдыр бир топтор көзөмөл кылган ММКлардан, интернет сайттардан жана социалдык түйүндөр аркылуу болуп жатат. Мен жалпысынан бул Сооронбай Жээнбековдун командасы боюнча болуп жатат деп айта албайм. Бул бийликтин ичиндеги кайсы бир топтордун жасап жаткан иши болушу керек деп ойлойм. Себеби Кыргызстанда азыр аябай оор саясий абал жаралып калды, оппозиция жокко эсе болуп баратат. Бардыгы бийликтин көзүн караган, бийликтен кандайдыр бир кызмат алалы деп үмүттөнгөн саясатчылар гана болуп калды. Мен мүмкүн ошолордун фонунда көз карандысыз саясатчы катары көздөрүнө түшүп жаткандырмын.
Экинчи маселе, акыркы убактарда мен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Каралоолордун күчөшүнө бул да себеп болушу мүмкүн. Менимче, президенттин тегерегиндеги адамдардын өздөрүнө ишеними жок, Кыргызстанда кандайдыр бир толкундоолор болуп кетеби же мурдагы президент менен союзга барабы деген ойлор алардын тынчын алып жатат. Ошон үчүн атайылап жамандап, колдон келишинче каралоо жүргүзүп жатышат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg