УРМАТ БОРЧЕНОВ: “КЕЛИНЧЕГИМ МЕНЕН 13 ЖЫЛ CҮЙЛӨШҮП ЖҮРҮП ҮЙЛӨНДҮК”

17-февралда коңур үнү менен таанылган телеалпаруучу, шоумен Урмат Борченов сүйүктүүсүнө баш кошту. Жаштардын үлпөт тою борбор калаабыздын тойканаларынын биринде болуп өттү. Эки жаштын жакшылыгына ырчылар Курал Чокоев, Данияр Эрматов, тамашоучулар Актан Рыскелдиев, Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу жана башка чыгармачылыктагы жакын достору катышты. Келинчеги тууралуу Урмат мырза төмөндөгүлөргө токтолду:

– Келинчегим Асел менен 13 жылдан бери сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Менден бир жаш ылдыйкы класста окуган. Мектепте таанышканбыз. Жыйырма жети жашта, кесиби дипломат, бирок учурда авиакомпаниялардын биринде стюардесса болуп эмгектенет. Менин чыгармачылыгымды колдоп турат.

Жаңы үйлөнгөн жаштарга бакыт каалайбыз.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Урмат Борченов: "Кээ бирөөлөр үйлөнөрүмө ишенбей тойго келбей коюшту"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Siren.ms
2019-02-25 09:56:18
Бактылуу болгула иии мынча сонун кесиби бар менин кыялымдагы кесип стюардесса Бир омур кыялдансам керек бул кесипти
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-25 20:18:52
Азамат экен ушу бала.Тарс-тарс бүтүрүптур, кыска-нуска өзүн кечке пиарлабай.Бакыт каалайм.
+8
pixduel1
2019-02-26 01:58:08
Аваз Айданага жб окшоп журуп жатканын коросотуп алып деле, эми кыз жигитпиз деп жар салып, анан созулуп пиар болуп атып колун сурап отурбай туура эле кылган ! Жазда той куздо той кылып, Элге жар салып жашоосуна аралаштырып алып, эл ушакчы боло калат! Ошол эл силерди багып жатат!
+7
pixduel1
2019-02-26 01:59:22
Уй-булону темный лес кылып чыгармачылыкты гана элге жарыялагыла, келинчегиниз да жонокой ыймандуу кыз экен!
+6
Nurislam2016
2019-02-26 14:57:47
Мен негизи ушулардын улпот тоюн ХХХХХ коруп биринчи ишенбедим эле .
-1
klarisa
2019-02-27 10:28:13
Оууу, 13 жыл ичинерге кантип батты?
Башкалар 7,8жыл десе тан калып койдум эле. Шоу бизнестин адамдары ушундай туруктуу болушабы деп.
Бактылуу бол! Мыкты жигитсин!
+1
Sarywkin.sarywkin
2019-02-27 20:07:45
4 ай мурун бизди тагдыр жолуктурду деп жүрдү эле го. Анан кантип 13жыл сүйлөшүштү. Не понятно болуп калды
-1
Aselya_9105
2019-02-27 23:44:26
Sarywkin.sarywkin,13 жыл мурун таанышып, арадан убакыт өтүп 4 ай мурун жолугуп калышты да. Эмнеси не понятно.

Урмат, Асель бактылуу болгула.
0
Asel33
2019-03-01 20:00:25
Келинчеги соонун кыз экен го. Бактылуу болгула
0
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан