14-15-февралда ырчылар Чыңгыз Турдубеков жана Ош шаарында милиция кызматкеринин чекесин жара тээп көпчүлүктүн эсинде калган Алтынай Жайнакова Москва шаарындагы мекендештерибизге ыр сунганы барышкан. Бирок Москвада аларды жылуу кабыл алышпаганын Чыңгыз Турдубеков ырчыларга билдирип, нааразы болууда:
“Биз концерт менен Москвага келгенбиз. Бизди Азиз Арман деген жигит жиберген. Ага ишенип келип көчөдө калдык! Анысы аз келгенсип “караларга” салып берди. Алар салыктарын салышты, көрсө, ушинтип иштешет экен! Аваз доске (ред.: Акимов), ачык айтып кой, көбү кыйналып калышпасын. Гүлбара деген айтылуу эжекебиз бар экен, Азиз Арман экөө Москвага батпай калыптыр! Жакында “Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова келет” дейт. Эгерде сүйлөшүүлөр болсо байкелер, эжелер ишенбеңиздер. Ошентип болбогон кафелерге уюштурумуш болот экен, ал кафелерди көрсөңөр жүрөгүңөр айланат”.
Бул жерде аты аталып өткөн ырчы Аваз Акимов менен байланышып, бул чырдуу жагдайдын чоо-жайын сурадык. Ал төмөндөгүлөргө токтолду.
– Чыңгыз айтып жаткан Азиз деген жигит менен жакшы таанышмын. Мен бул кабарды окугандан кийин эле дароо ага чалдым. Көрсө, иш мындай болгон экен.Алтынай Жайнакова чалып,“жол кирени, жаткан жайыбызды өзүбүз моюнубузга алабыз, бизге концерт уюштуруп бергилечи” дептир. Москвадагы клуб же кафенин ээси “мага баланча ырчы керек” деп чакырышат. Негизи Азиз ортомчу катары ырчыларды чакырып берет. Биздин жол киребизди, тамак-ашыбызды, бардыгын ким чакырса, ошол моюнуна алат. Гонорарыбыздын 50 пайызын алдын ала алып, анан барабыз. Алар болсо уюштуруп бер деп өздөрү чалышыптыр. "Жол киресин, жатаканасын өзүбүз төлөйбүз" деп жатса, баары эле макул болот да. Канча эл келсе ошонун акчасын өздөрү алышмак экен. Азиз сүйлөшүп жатса, алар ортодо башка бир эже менен кетип калышыптыр. Анын буга тиешеси жок экен. Эгерде "Чыңгыз менен Алтынайды чакырып берип койгулачы” деп Москвадан бирөө чакырса, анда гонорарын төлөмөк. Өздөрү суранып барып эл келбей калса кимдин күнөөсү?
star@super.kg