«Дарак ыры» тасмасынын режиссёру Айбек Дайырбеков Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп дайындалды. Ал кинорежиссёр, сценарист жана"Ак Илбирс" киносыйлыгын негиздөөчүлөрдүн бири. Республикалык "Карек" балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалынын жана кинолагеринин негиздөөчүсү. Өзү менен байланышып буларды билдик:
– Менин талапкерлигимди жаш кинематографисттер сунушташкан, улуу муундагылар да “иштеп бер” деп колдоп беришти. Мурун Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Садык-Шер-Нияз, Артык Сүйүндүков төрагалык кызматты аркалашкан. Эми мага берилген ишеничти актаганга аракет кылам,- дейт ал.
Кинематографисттер союзунун төрагалык кызматына Марат Сарулу, Айбек Дайырбеков жана Болот Алимбаевдин талапкерлиги каралган. Негизги атаандаштык Марат Сарулу жана Айбек Дайырбековдун ортосунда жүрүп, "Дарак ырынын" режиссёру жеңип чыкты.
star@super.kg