Ырчы Кундуз Канатбек кызы 20-февраль күнү эне статусуна ээ болду. Борбор шаарыбыздагы төрөтканалардын биринде көз жарып, наристесин бооруна алган ырчы сезимдери менен бөлүштү:
– Аман-эсен көз жарып алдым, кызым экөөбүздүн ден соолугубуз жакшы. Кызымдын салмагы 3 килограмм, 600 грамм, бою 54 сантиметр болду. Азырынча ысымын коё элекпиз, ойлонуп жатабыз. Жанымда апам жана жолдошум колдоп турушту. Азыр деле кыздуу болгонума ишене албай, жомоктогудай керемет сезим болуп жатат,- дейт ырчы.
Ырчыны жаңы эне статусу менен куттуктап бешик боосу бек болсун демекчибиз.
star@super.kg