Апта айымы - ЭЛИЗА

Жылдыз баян

"Биринчи Чыгыш радиосунда" үнү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан Элиза аттуу ди-джей кыз бар. Радиодо ал угармандарга суроо берсе, бул жолу биз ага суроо узаттык.

Толук аты-жөнү – Кененбаева Элиза Автандилбековна
Туулган жылы –
1987-жыл, 19-июнь
Туулган жери –
Кемин району, Орловка айылы
Бою –
156 см
Салмагы –
44 кг
Билими –
Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура факультети
Бут кийиминин өлчөмү –
33
Учурда –
Ди-джей
Жашаган жери –
Бишкек шаары, 4-кичирайон
Фобиясы
– Чычкан
Үй-бүлөлүк абалы
Бойдок
Жигиттердеги баалаган сапаты – Кең пейил жигиттерди жактырат

– "Тумар" радиосуна кантип келип калгансың?
– 2007-жылы сентябрда “ди-джей керек” деген жарыяны угуп, эжем резюмесин бериптир. Кастингге чакырышканда мени ээрчитип алды. Ал жактагы кирип-чыккандарды көрүп кызыгып, мен да катышып калдым. Кийин кастингден өтүп жумушка алынганымда көпкө ишене албай жүргөм.
– Көпчүлүктөн суурулуп чыкканыңа караганда баштан эле таланттуусуң го...
– Кайдан, мектепте окуп жүргөндө такыр сүйлөчү эмесмин. Жаңы ди-джей болгондо да кошуна, классташтарым, “сенби? Ди-джей болуппу?..” деп аябай таң калышты.
– Радио чөйрөсүнө аралашууда кыйынчылыктар болдубу?
– Мен эң жаш кызматкер болгондуктан башында көп жумшашчу. Кичинекеймин, жардам беришим керек деп күнү-түнү калып иштеген күндөрүм да болгон. Аракетимди директорубуз байкады көрүнөт, 5 айдан кийин эле музыкалык редактор болуп көтөрүлдүм. Азыр баарына көнүп калдым.
– Кесиптештер арасында көрө албастыктарды байкай­сыңбы?
– Билбейм, мага эч нерсе сезилбейт деле. Балким, атаандаштык бардыр... Бирок кесиптештерим менен сый мамиледемин.
– Анда азыр директордун оң колу экенсиң да...
– Ооба, ошондой десе да болот. Алексей менен тыгыз иштешкениме байланыштуу бат-бат бөлмөсүнө кирип турам. Ошондуктан кесиптештерим кээде “Алексей Элизанын атасы. Элизаны жамандасак, жумуштан куулуп кетебиз” деп тамашалап калышат.
– Окууңду ийгиликтүү аяктадың. Эми алдыга кандай пландарды коюп жатасың?
– Дипломумду алган соң журналистика бөлүмүнө тапшырсамбы деп турам.
– Маегиңе рахмат. Иштериңе ийгилик!

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Nura
2010-07-20 13:15:41
Мага Элизанын эфири абдан жагат.
0
Мика
2010-07-21 09:42:57
Мага бул ди-джейдин алпарганы эч жакпайт. Үлдүрөп адамды уктатып коет го. Анан да "биринчи чыгыш рядосу! (радиосу эмес)" деп шыбырап айткан жингл өлө жакпайт да.
0
freid
2010-07-21 19:40:04
Уну жакшы, бирок корнгосу кондой кыздай сезилет....
0
шахзода
2010-07-21 20:07:47
Биринчи чыгыш рядиосу деп айткан Элиза эже эмес Чолпонай.Элизанын уну бир да джинглда жок!!!!
0
дото тытынч
2010-07-22 00:43:35
Абдан назик кыз,чыныгы кыз атына таттыктуу,акылдуу,сезимтал жана суйкумдуу,жылдыздуу. Мен Элизага кааларым узун омур, бакты-таалай,бар бол,бай бол,жана Сидоров "атанар" менен онугуп осо бергиле,суротто Бегай башкача болуп калыптыр го мен тааныган жокмун........деп Рахат.
0
MiraL
2010-07-25 19:00:46
бут кийиминин олчому 33 ?о.О
0
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан