– Самат, салам. "Дык-кын-дыш" ырына тартылган клипти көргөндө Исанов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде бийлеген жигитти элестеттим. Идеяны ошол жигиттен алдыңар беле?
– Саламатсыздарбы? Ооба, бийдин автору сиз айтып жаткан Нурсултан деген жигит. Интервьюга келерде ал жигитке жолугуп, ыраазычылыгын алдым. Нурсултан да «бийим жакшы жайылып жатыптыр» деп сүйүнүп калды. Негизи клип чыкканга чейин эле балдар менен Нурсултанды туурап бийлеп жүрчүбүз. Челленж болуп элге тарасын деп алгач бийди киного, андан кийин клипке коштук. Ырга кичинекей кездеги оюндарды эскерип, жаттаганга оңой сөздөрдү колдонгонбуз. "Ырдын сөздөрүнүн мааниси жок" деп бизге комментарий жазгандар болуп жатат. Эгер маанисине көңүл бөлүп, уйкашкан ырларды жазсак, анда азыркыдай популярдуу болмок эмес. Анткени андай ырлар абдан көп. Терең маанилүү ырларды ырчылар аткара беришсин. Биз юмор жаатында жүргөн балдарбыз, биздин максат - элге позитив тартуулоо.
– Чыгармачылыкка жаңы аралашкан Самат менен азыркы Саматта өзгөрүүлөр болдубу?
– Өзүңүздөр көрүп тургандай, боюмда деле, келбетимде деле өзгөрүү болгон жок. Болгону үй-бүлөлүүмүн. Көз карашым өзгөрдү десем болот. Мисалы, жумушка, жеке жашоого, досторго олуттуу карап калдым. Биз жаңы чыгып жатканда кыялдарыбыз бийик эле. Эң биринчи сиздердин гезитке берген маегимде ырчы болгум келет деп айтпадым беле. Ал кыялым минтип акырындап ишке ашып отурат. Каалоо күч болсо, аракет да жакшы болуп, кыялдар сөзсүз орундалат экен.
Мына, биздин чыгармачылыкка күчтөнүп киргенибизге бир жыл болду. Учурда кол алдыбызда 10 чакты жигит иштейт. Балдар менен «ушундай калыпта иштесек, 10 жылда чоң ийгилик жаратабыз. Ал үчүн жөнөкөй бололу» деп дайыма сүйлөшөбүз.
– Кубаныч Курманбеков экөөңөр жараткан Жора менен Гуля жөнүндө сурабасак болбос. Образ кандайча жаралды?
– Бул эки персонажды такси кызматын жарнамалайбыз деп ойлоп тапканбыз. Образдын идеясы Рүстөм (ред.: Аскенов), Кубаныч (ред.: Курманбеков) үчөөбүзгө таандык. Ролдорду бөлүшкөнчө эле кимдин ким болушу билинип калган. Жора деп Куба өзүнө ат койду, мен Гуля болдум (күлүп). Персонаждарды Шайыр Касымалиеванын апасы Гүлнара эже ишке ашырган. Биз эжеге 45-50 жаш курактагы үй-бүлө болсо деп идеябызды айттык. Ал көпкө ойлонбой бизди боёп кирди. Бүткөндө карасак, бизди күзгүдөн азыркы Гуля менен Жора карап туруптур.
Персонаждардын артында 10дой киши иштейт. Жакында күйөрмандарга Жора менен Гуля тууралуу тасмабызды сунуштаганы турабыз.
– Сени ар кайсы образда көрөбүз. Өзүңө кайсынысы жакын?
– Мага көбүнчө эмоция менен, көз, кабак-каш менен ойногон жагат. Ушул кезге чейин кандай образ жаратпайын, баары өзүмө жагат. Роль жакпаса мен ойнобойм.
– Тагдырдын сыноолорунун баарын жеңе алдым деп ойлойсуңбу?
– 2007-2009-жылдары жаңы сахнага чыккан кезде ата-энемден айрылып оор күндөрдү кечирдим. Кудайга шүгүр, бир туугандарым менин окуумдун келишимдик төлөмүн төлөп, «Тамашоудо» ойноого шарт түзүп беришти. «Тамашоу», кинодогу ролдорум менен сыноолорду позитивдүү маанайда жеңгенге аракет кылдым.
– Чыгармачылык кризис болуп турабы?
– Андай былтыр күзүндө болду. Акча табайын деп тойлорго чыгып жүргөм. Кийин бир нерсе жазайын десем башыма эч нерсе келбейт. Мындай көрүнүш 2-3 айга башка жумушка алаксып калганда болот. Азыр балдар менен каалайбызбы-каалабайбызбы эргүү күтүп отурбай иштеп жатабыз.
– Эми жеке жашоого орун берели. Чолпонай экөөңөрдө үй-бүлө болгондон кийин жашоо өзгөрдүбү?
– Албетте, кыз-жигит кездин өзүнчө, үй-бүлө болгондун өзүнчө таттуулугу бар экен. Биз жаңы үйлөнгөндө түшүнбөстүктөр болгон. Анткени ал бөлөк үйдүн эрке кызы, мен да бир үйдүн эрке баласымын. Экөөбүз бири-бирибизге эркелеп жатып кээде урушуп кетчүбүз. Чолпонай кээде анча-мынча каржылык жактан кыйналып калганыбызда «башка жумушта иштебейсиңби, тиш доктурлар жакшы акча табат экен го» деп калчу. Бирок менин өнөр жолуна жакын экенимди түшүнүп, кайра «мейличи эми, болушунча болор» деп койчу. Убакыт өткөн сайын бири-бирибизге жуурулушуп, урушпай да калдык. Ишенесизби, бир жолу сүйлөшүп отуруп «акыркы жолу качан уруштук?» эле деп такыр эстей албай койдук.
– Силер жаңы баш кошконуңарда уруша кетип, Эмил Эсеналиев элдештиргенин уктук эле. Досторуңар дагы деле турмушуңарга кийлигишеби?
– Жок, аралашпайт.Чолпонай экөөбүз кыз-жигит кезде Эмил дайыма жаныбызда жүрүп, кеңештерин берип турчу.
Ооба, ошондой окуя болгон. Бир жолу үчөөбүз машинада келатканда Чолпонай экөөбүз кыжыңдаша кеттик. Эмил машинесин токтотуп алып бизге «бөтөн үйгө жаңы келип көнүш кыйын, жубайыңды туура түшүн. Чолпонай, сен да эртерээк көнүп кет. Силерди толтура эл карап турат. Урушуп кетсеңер кандай сөзгө каласыңар?» деген сөздөрдү айткан. Экөөбүз унчукпай отуруп кеңешин угуп, кайра элдешип алганбыз.
– Сени Эмил менен чогуу көрүп көнүп калыптырбыз. Экөөң эки башка иш баштаганыңарга эмне себеп болду?
– Буга көбүрөөк ар кимибиз өзүнчө чоң иштерге аралашканыбыз себеп болду. Эмил менен Азаматтын (ред.: Исмаилов) жаш курагы тең болгондуктан жакшы тил табышып "чала спортик" сыяктуу долбоорлорду алып чыгышты. Ал эми биз Рүстөм, Кубаныч үчөөбүз мурунку «Ак-Өргө City» деген атыбызды жоготпой өзүбүзчө иш баштадык. Чоң долбоорлор болуп калганда Эмил жардамга келет. Кызматташып турабыз.
– Маегиңе рахмат. Мындан аркы кыялдарыңар да орундалсын!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg