Калың эл күбө болуп жаткан Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын социалдык тармактарда кайым айтышканы бул жума да уланды. Эми Айжамал Кабылова Кенже Дүйшеевага жооп кайтарды. Сөз арасында топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын аты көп аталды. Чыр эки ырчыга аброй алып келбешин айтып эки жакты тең жоошуткан күйөрмандар, отко май чачкан сыңары тутантып коюп отургандар да жок эмес. Төмөндө Айжамал Кабылованын билдирүүсү кыскартылып, урунттуу жерлери берилди.
«СИЗГЕ ТЕҢЕЛБЕЙМ, ПОСТ ЖАЗБАЙМ ДЕГЕМ»
– Бир жумада сиз менин эле душманым эмес, жалпы «Кыз-Бурак» тобунун 330 кызынын жана устатыбыз Гүлшайыр Садыбакасованын душманы экениңизди далилдедиңиз. «Мен сизге теңелбейм, пост жазбайм» деп айткан элем, жазганга туура келди. Анда кеп учугун баштайлы. Сиз мени унуткам дедиңиз. Жок, унута албаптырсыз! Жолуккан жерде каарыңызды, заарыңызды чачып, ары-бери түртүп, микрофон талашып, сөгүнүп жүрдүңүз.
Баса, мени мектепте катуу тарбиялап, аябай жардам берип, жогорку окуу жайда окутуп, күйөөгө өзүңүз берип жибериптирсиз. Мени Оштогу Карл Маркс мектебине Гүлшайыр Садыбакасова сүйлөшүп киргизген. Орус класс болгондуктан, мен башында орусча окуй албай аябай кыйналгам. 9-11-класста гана кыргыз класска которушкан. Мугалимдердин жакшылыгынан окууну эң жакшы бүтүргөм. ОшМУнун музыка факультетине өз күчүм менен өтүп, ийгиликтүү аяктадым.
Ысык-Көлдөгү гастролдо ачка калган күндөрдү айтпай эле коёюн. Ал өзүнчө бир китеп болот. Баарыбызды урушуп, тилдеп, тажатып, ачка калтырганыңыз үчүн сизди көргөнгө көзүбүз калган эмес. Баса, эсиңизде калбаган окуянын чын-төгүнүн айта кетейин. Мен топтон качканда жалгыз мен эле эмес, «Кыз-Бурактын» 5 кызы да качып кеткен.
«АГК» тобун түзүүнү биз эмес, сиз сунуштагансыз. Себеби сизге акча суудай керек болчу. Куулугуңузду билбептирбиз. «Кыз-Бурак» деген атыбыз менен затыбызды пайдаланып акча табуу жолун тапкан экенсиз.
Үй-бүлөмө аралашканыңыз чын, Кенже эже. Эгерде менин таламымды талашып, күйүп-жанып, бир туугандай болгонуңузда үй-бүлөм бузулбайт эле. Мен үй-бүлөмдү сактап калыш үчүн, балдарымды атасыз калтырбаш үчүн мен жасабаган нерселерди да жасадым деп моюнга алганым чын. Аны тана албайм. Сиз Азаматка кайра-кайра «Айжамалды көптүрдүң. Жылда чет өлкөгө алып барасың, үйдү, машинаны сат, акча салба» деп сайрап жатып менин үй-бүлөмө киришкенсиз. Азамат сиздин сөзүңүзгө кирип баарын сатып, эки балам менен көчөгө таштап койгону эсиңиздедир.
Сиздин тоскоолдугуңузга карабай Гүлнара эже Гүлшайыр эже менен таптакыр байланышын үзгөн жок. А мен болсо сизди таарынтып, капалантып албайын деп, көңүлүңүздү карап, жолдошум Азаматтын «Сен Кенже эже тарапта болушуң керек» дегенин угуп эже менен катташа албаганым ырас. Сиздин бетиңизге караганда, биздин бетибизде «уят» деген сезим жашайт, Кенже эже! «Кыз-Буракты» сиз эле «Кыз-Бурак» кылгандай тантырай бербеңиз. «Кыз-Бурак» 1976-жылы сиз 2 жашта экениңизде түзүлгөн. Пейилиңиздин жамандыгынан «Кыз-Бурактын» бир кызы менен катышпай калганыңыз өтө өкүнүчтүү. Бул дүйнөдө сиз үчүн мындан артык катуу жаза болбосо керек!
Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
«ТОКТОТКУЛА, АКЫЛГА САЛГЫЛА ДЕП ТЫЙЫП ЖАТАМ»
Бул чырда аты улам аталып жаткан адам кандай пикирде? Биз «Кыз-Бурактын» жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасовага кайрылып, төмөндөгүдөй пикирин билдик:
– Өзүм социалдык тармакка аз кирем. Мен экөөнүн урушуп жатканын элден уктум. Үйгө келип, Айжамалдын интервьюсун көрүп, андан кийин Кенженин жазгандарын окудум. Чындап эле Айжамал олдоксон сөз айтып коюптур. Кенже атаандашып жеке баракчасына жазыптыр. Мен өмүр бою буларга какшап келгем. «Бириңди-бириң жамандабагыла, урушсаңар ырбап кетет. Бириңди-бириң чукусаң өзүңөргө эле эмес, «Кыз-Буракка», мага сөз тиет» дечүмүн. 42 жылдан бери мындай ызы-чууну көргөн эмесмин. Кенже деле жашы улуу адам, Айжамалдын өзүнө эле телефон чалып «сен ушуну туура эмес кылыптырсың, сага эмне болду?» деп сүйлөшүп алса болмок. Айжамалдын «Кенже – менин душманым» дегени туура эмес болуптур. Кенже бир том кылып «мектепке бардым, гүл көтөрүп бардым» дегенге чейин майдаланыптыр. Бул уят иш. «Бул чырды минтип уланта берсеңер, чындыкты эч ким таппайт» деп Айжамалдын жазганын чыгартпай бир жума кармап отурдум. «Кенже постун алып салсын» деп аттуу-баштуу адамдардын бир тобунан айттырдым. «Аралашпагыла, ишиңер болбосун» деп коюптур.
Кийин Айжамалдын посту чыгыптыр. Мен ага чалып «эмнеге чыгардың?» десем, «Эже, баканы бассаң деле «бак» деп үн чыгат. Мени ар тараптан каралап жамандап шыбап жазып жатышат, ызаланып чыгардым» деп жооп берди. Мен дароо эле «Элди удургутпай, коомчулукту дүрбөтпөй алып сал постуңду» деп Айжамалга айттым. Ал болсо «анда Кенже эже дагы алсын» деди. Азыркылар баары эле акылдуу. Тим эле Кыргызстанды, «Кыз-Буракты» бутуна тургузуп койгондой сүйлөшөт. Топтун кашыктап жыйнаган намысын чөмүчтөп төгүштү. Мен ачык эле айтайын, эми дагы уланта беришсе, мындан да жаман абийирлери кетет. Кенже «кара куту» деп жазыптыр. Ошол куту ачылганда экөө тең жаман болот. Ошого жеткирбей элдешип, же менин, же «Кыз-Бурактын» абийирин сактап экөө тең токтоп калышы керек. Экөөнүн уяты, абийири, намысы болсо токтоп калышар. Ачууга алдырбай, тең салмактуулукка келип, бул жаңжалды токтотуш керек. Буга аксакалдар бардык аракетибизди көрүп жатабыз.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg