Нурбек Токтакунов, укук коргоочу, жактоочу: «ДИКТАТУРА БАШТАЛСА ЭЛ БИЙЛИКТИ АЛМАШТЫРАТ»

Акыркы күндөрү укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакуновдун ар-намысына, жеке жашоосуна байланыштуу адамдык жана саясий маданиятка туура келбеген, каралоочу макалалар жана видеолор социалдык түйүндөр аркылуу коомго таратыла баштады.

“Адилеттүүлүк үчүн” комитети бул көрүнүшкө тынчсызданып жатканын билдирип, коомчулукка кайрылуу таратты. Анда “бул каралоолор Нурбек Токтакуновдун адвокаттык ишмердүүлүгүнө жана жарандык позициясына байланыштуу” деп айтылат.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана эл аралык практикага ылайык, ар бир Кыргыз жараны, өз укугун коргоо үчүн адвокат алуу укугуна ээ. Ошол эле убакта адвокат катары Нурбек Токтакунов каалаган адамын коргоого укуктуу. Башка көз караштагы эгемендүү жарандарды атайын кызматтарды пайдаланып каралоо, жеке турмушуна тиешелүү маалыматтарды жарыялоо бир дагы бийликке кадыр-барк, стратегиялык ишеним алып келбейт. Бул – бийликтин күчтүүлүгүн эмес, тескерисинче, алсыздыгын жана акылсыздыгын көрсөтөт. Өлкө жетекчилигинен, УКМК төрагасынан Кыргызстандагы көрүнүктүү укук коргоочулардын бири жана адвокат Нурбек Токтакуновго карата болуп жаткан каралоолорду токтотуу жана мындай каралоолорду уюштургандарга чара көрүүнү талап кылабыз. Бардык ар-намысы, туруктуу позициясы бар жарандарды, журналисттерди жана саясатчыларды ушул сыяктуу ыплас көрүнүштөргө каршы турууга чакырабыз»,- дешет аталган комитеттин мүчөлөрү.

Бул окуядан улам биз жактоочуну маекке чакырып, акыркы учурдагы ишмердүүлүгү, коомчулукта, бийликте болуп жаткан окуяларга анын юристтик көз карашын угуп көрдүк.

– Нурбек мырза, сиз өлкө башында турган Сооронбай Жээнбековдун бийлигин теңселте турган маалыматтарды жарыялап, сындап келе жатасыз. Бир нече күндөн бери сиздин дарегиңизге карата каралоо аракети күч алды. Бул бийликтин фактылар менен күрөшө албай калгандагы аракетиби?

– Мен бийлик тууралуу маалыматтарды мыйзамга таянып гана айтып келем. Мурунку президенттер Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында деле сындарды айтып келгем. Атамбаевди сотко да бергем. Бирок эч качан менин үстүмдөн азыркыдай каралоо жүргүзүлгөн эмес. Жаңы бийлик учурунда, өзгөчө акыркы күндөрү каралоо башталды. Эгер бийлик мен айтып чыккан маалыматтарды мыйзамсыз деп эсептесе, менин ойлорумдун туура эмес экендигин маданияттуу деңгээлде соттон же өздөрүнө тиешелүү ММКлар аркылуу ачыктап, далилдеп көрсөтүшпөйбү. Алар мындайды кыла албай, айла жок ушундай каралоо кадамдарына барып, өзүнүн жүзүн көргөзүп жатышат.

– Эмне үчүн дал ушул маалда каралоо күчөдү деп ойлойсуз?

– Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча 2018-жылы август айында ЖЭБди жаңылоо боюнча кредиттик келишимди караган комитет башчылары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев жана Курманбек Дыйканбаевдин үстүнөн арыз жазгам. Бирок ал учурда эл бул маселеге көп маани берип, байкаган эмес. Акыркы учурда ошол маселе боюнча көп билдирүүлөрдү жазып баштадым. Бишкек ЖЭБин жаңылоо ишинде 111 миллион долларга зыянга учурадык деп жыйынтык беришти. Буга Жогорку Кеңештин да жоопкерчилиги бар. Депутаттар азыр “бизге туура эмес маалыматтарды берип койду, документтерди алып келебиз деди, биз ишенип алдык” деп актанып жатпайбы. Мыйзам кабыл алуу оюн эмес да, Жогорку Кеңеш бирөөгө ишенип иштебеш керек, алар текшериш керек эле. Бул боюнча көп маалымат чыгарып баштаганымдан улам ушундай каралоо күчөдү деп ойлойм.

– ЖЭБди жаңылоого байланыштуу ошол кездеги спикер жана тийиштүү комитет төрагаларына мыйзам чегинде күнөө коюуга эмне тоскоол болууда?

– Анткени алар президентке каршы чыкпайт, президентке кызмат кылып берет, ошол үчүн аларга эч ким тийбейт. Мыйзам чегинде Конституциянын 52-беренесинин 1-пунктунда жазылып турат: “Республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга жарандар укуктуу”,- деп. Бул берене түздөн-түз бузулуп жатат. Анткени Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча мыйзамды кароого эл катышкан жок. Коомдук талкуу болуш керек деген беренени ким бузду? Жогорку Кеңеш. Бирок бүт 120 депутатты кармай албайсың, анткени ар бир эл өкүлү парламентке келген маселелерге кийлигише албайт. Ошол үчүн жоопкерчиликтүү комитеттер бар. Алар маселени изилдеп анан Жогорку Кеңешке сунуштайт. Укук-кылмыш жоопкерчилиги дал ошол комитеттерде.

Мыйзам боюнча, депутаттардын үстүнөн арыздарды текшере турган орган Башкы прокуратура. Бирок алар арызымды ЖЭБ боюнча тергөө болуп жатат деп, УКМКга жөнөткөн. Арызда мен Жогорку Кеңештин аппараты регламентти бузуп, тартип боюнча кылбай мыйзам келип түшкөндүн эртеси эле комитеттерге берип салганын билдиргем. Комитеттер болсо 1 күндө чечим кабыл алып коюшкан. Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев бул мыйзам долбоорунун 3 окуусун бир эле карап коёлу деп Жогорку Кеңешке сунуш да берип жатат. Мыйзам долбоору 3-декабрда келип, 4-декабрда комитеттер колдоп, 11-декабрда жалпы палатада кабыл алынган. 1 жума ичинде мындай ири долбоор боюнча чечим кабыл алып, чоң мыйзамды кароого мүмкүн эмес. Тергөөчүлөр “Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген кызматкерлердин үстүнөн жазган арызыңызды карадык, ишке тиркеп койдук" деген маалымат менен чектелишти. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары жөнүндө эч нерсе дешпеди. Аларга карата арыз жазылбагандай мамиле кылып коюшту.

– Бийликти сындаган адамдар Кыргыз өлкөсүндө ар кандай кысымдарга туш боло беришет. Канткенде адамдар өз пикир, ойлорун коркпой айтып, жарыяланган маалыматтары үчүн зыян тартпаган абалга жетебиз?

– Мен эл ушундай деңгээлге жетсе экен дейм. Биз ар дайым бийликке ишенбей, аларды текшерип, көзөмөл кылып жүрсөк бийликти тарбиялайбыз. Ошол үчүн ар бир жаран активдүү болсо, Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарын колдонуп мамлекеттин ишине катышса, мыйзамдарды талкууласа деп ойлойм. Бизде административдик сот бар. Ал аркылуу ар бир жаран кандай бийлик болбосун анын аракетине каршы чыкса болот. Биздин элде бийликтин ишине кийлигишпеш керек деген түшүнүк орноп калган. Чынында биз бийликти көзөмөлдөп турушубуз керек.

– Бишкек ЖЭБин жаңылоо ишиндеги коррупция боюнча соттук отурум башталды. Соттук процесстин келечеги кандай болот деп ойлоп жатасыз?

– Бул саясий буйрук. Мен ойлойм, бул саясий буйрук аткарылат. Анткени азыркы укук коргоо органдары, прокуратура, соттор баары эле мыйзамга эмес, президентке баш ийет. Бизде президент абдан күчтүү. Ал бийликтин бүт бутактарына кийлигише алат. Бирок өзүндө эч кандай жоопкерчилиги жок. Сот процессинде биз мыйзам чегинде аягына чейин күрөшөбүз. Биз өзүбүздүн үнүбүздү элге угузабыз, эл өзү бул маалыматтарды угуп өзүнүн чечимин чыгарат.

– Сапар Исаковдун абалы кандай? Эркиндикке чыгам деген үмүтү барбы?

– Ден соолугу жакшы, ал мага бул жерим ооруп жатат деп арыздана элек. Өзүн бекем кармап жатат, чөгүп кеткен жок. Эркиндикке чыгам деген үмүтү өчө элек.

– Ал “менин ишимди Сооронбай Жээнбеков жеке өзү көзөмөлдөп жатат” деп жарыялады эле. Мындай абалда соттон адилеттүүлүк күтүүгө болобу?

– Күч органдары мыйзамга эмес, президентке баш ийет. Аларга мыйзам – президенттин каалоосу. Аларга айткандын деле кереги жок, алар президенттин оюн айттырбай билип калган.

– Соттордун адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин арттыруу үчүн кандай кадамдар жасалышы керек?

– Мыйзам иштеш үчүн бийлик бутактары тууралуу айтылган “тең салмактуулук, бири-бирин көзөмөлдөп туруу” деген систем иштеши керек. Тагыраагы, бийликтин үч бутагы тең салмактуу болуп, бири-бирине көзөмөл кылуулары керек. Ошондо гана мыйзам бузуу азаят. Андыктан биздин президенттин кол кармашып иштегиле дегени туура эмес. Ал президенттин деңгээлиндеги сөздөр эмес. Бизде президенттик институт басымдуу болгондуктан, бул систем иштебей жатат.

Азыр президенттин прокуратура, сот системи, укук коргоо органдарынын үстүнөн ыйгарым укуктары бар. Конституциялык реформа өткөрүү менен ошол органдарга президенттин көзөмөлүн азайтышыбыз керек. Реалдуулукта ал реформаны азырынча кыла алайбыз. Бирок 2020-жылы парламенттик шайлоодо өз алдынча, көз карандысыз иштеген, президенттин көзүн карабай, анын иштерин көзөмөлдөгөнгө жарагандар келет деп ишенип жатам.

– Социалдык баракчаңызга президент Сооронбай Жээнбековдун “бийликтин 3 бутагы биримдикте иштеш керек” деген пикирине байланыштуу кескин сын жазып чыктыңыз. Мындай аракеттериңиздин өлкө үчүн жардамы тиет деп ойлойсузбу?

– Албетте. Анткени кол кармашып иштейбиз деген сөздөр залалдуу экенин эл түшүнүш керек. Эгер бийлик бутактары бириксе, алар биригип алып элди алдайт. Бийликке барганда бардык адамдар өзгөрөт. Мисалы, темирди сууга салсаң ал дат басып кетет. Ошол сыңары бийликтин адамды бузганы – бул жаратылыштын мыйзамы. Бийликке келгенде көз караш өзгөрөт. Жадакалса “адам укуктары” деп жүргөн жарандык активисттер деле бийликке барганда өзгөрүп кетүүдө. Качан гана көзөмөл болгондо адамдар мыйзам чегинде иштөөгө аракет кылат. Кандайдыр бир деңгээлде эл ошону түшүнсө, демек, менин айткандарым текке кеткен жок.

– Учурдагы өлкө башчынын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

– Президент бийликке келгенине 100 күн болгонунда эле жыйынтык көргөзүп, кандай программалары, стратегиялары бар экенин билдириш керек эле. Бирок, тилекке каршы,
1 жылдан ашты, биз анын программалары тууралуу эч нерсе уккан жокпуз. Көрүп жатабыз, эч өзгөрүү жок. Ошол эле милиция кызматкерлери, ошондой эле прокурорлор, ошол эле мыйзамдарды сыйлабаган чиновниктер.

2020-жылы өз алдынча парламент келсе, ал президентти тарбиялап, сактап калат. Бирок президент 2020-жылы азыркыдай парламенттин келүүсүн каалап жатат. Эмне үчүн Текебаевди чыгарбай жатат, себеби коркуп турат. Күчтүү оппозициянын, өз алдынча көз карандысыз саясатчылардын болушун каалабайт. Азыр Атамбаевдин саясатка катышуусуна тыюу салгысы келип жатат. Учурда өлкөдө оппозициялык күч жок. Өз партияларын киргизип, парламентти ээлеп алгысы келүүдө.

– Кыргыз өлкөсүнүн келечегин кандай элестетесиз?

– Биздин өлкөнүн келечегине мен ишенем. Азыр тарыхый процесс жүрүүдө. Акырындап элдин деңгээли өсүп жатат. Парламентти эл шайлады, алардан жыйынтык болбогонун да эл көрдү. Эми кийинки шайлоодо добушун саткандар азаят деп ойлойм. Президент кандай болсо да, кыргыз эли диктатурага жеткирбейт. Диктатура башталса эл бийликти алмаштырат. 2020-жылы биз туура тандоо кылышыбыз керек. Күчтүү, өз алдынча парламентти шайлап алсак, жакшы жолго түшөбүз.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан