АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮ ТАЛАП КЫЛГАНДАР БИРИКТИ

Саясатчы Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, мурдагы элчи Кылычбек Султан жана укук коргоочу Рита Карасартова биргеликте "Адилеттүүлүк үчүн" деп аталган комитет түзүштү. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бул жаңы гана түзүлгөн уюм экенин, келечекте кучагын кенен жайган көп маселелерди чечүүгө таасир эткен комитет болоруна ишенерин белгилейт:
– Кыргыз өлкөсүндө акыркы жылдарда маанилүү өзгөрүүлөр болуп жатат. Мисалы, өлкөдө мурдагы жылдарга салыштырмалуу сөз эркиндиги аябагандай өнүктү. Ошол сөз эркиндигинин жакшырышына биздин коом, биздин журналисттер, биз аябагандай чоң эмгек кылдык, аны кандайдыр бир деңгээлде орното алдык. Бирок бизде адилеттүүлүк маселесиндеги көйгөйлөр курч бойдон турат. Сот адилеттүүлүгү, өлкөдөгү социалдык адилеттүүлүк, билим берүү тармагындагы, мыйзамдагы адилеттүүлүк маселелери коомду, бизди көп кабатыр кыла баштады. Ошондуктан биз комитетти мен айтып жаткан адилеттүүлүктөр үчүн күрөшүүнү көздөп түздүк. Бул уюмдун эшигин ачык кармайбыз. Биздин максаттарыбызга, багытыбызга кошулууну каалагандар болсо кубанычта болобуз. Уюмдун эрежелери так жазылган, аны колдогондор кошулабыз десе чакырууга даярбыз жана кызыкдарбыз. Пландар түзүлгөн – кыймылдын курамын кеңейтүү, коомдогу маанилүү саясий-социалдык маселелерге активдүү аралашуу, анын оң жакка чечилишине таасир этүү. Акырындап саясий, укуктук акцияларды өткөрүү менен өлкөдө адилеттүүлүк аксап жаткан тармактарда адилеттүүлүктү орнотууну көздөйбүз. Бийлик же бийликтин бутактары тарабынан кайсы бир тарапка адилетсиз мамиле жасалып жатса, биз кийлигишип көз карашыбызды айтып, күрөшүп, талап кыла турган уюм болобуз,- дейт Жээнбеков.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан