АТАМБАЕВ ПАРТИЯСЫН ШАЙЛООГО БАШТАП БАРАТ

22-февраль күнү Бишкектеги "Медиа-Форум" имаратында КСДПнын жыйыны өттү. Жыйынга келген экс-президент Алмазбек Атамбаев "Биздин партия эч качан күчүн жоготпойт. Эл арасында "бир күнү Атамбаев мамлекетти башкарууну өткөрүп бергендей партиясын да өткөрүп берет" деген сөз болуп жатат. Азыр партияны таштап кетпейм. Убагы келет, ошондо өткөрүп берем. Мага президенттик шайлоо сабак болду. Биздин курам жаңылануу менен күчтөнө берет", - деди. Ошондой эле ал жакынкы 2-3 айда партияда чоң өзгөрүүлөр боло турганын билдирди.
Жыйында Атамбаевдин 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышары белгилүү болуп, ал партиянын сап башында турары, ошондой эле партия жаңы жүздөр менен толукталары айтылды.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан