Саясатчы Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берет. Бул тууралуу ал жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып айтты. Ал БШКны сотко берүү чечимин 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодогу айрым жагдайлардан улам кабыл алганын айтат:
– Борбордук шайлоо комиссиясы сыртта жүргөн 18 миң 500 жаран гана шайлоого катыша алат деп чечим чыгарды. Алар ким мындай чечим чыгаргыдай? Конституцияда Кыргыз мамлекетинин жарандык паспорту бар адам шайлоого катышууга жана шайланууга укугу бар деп жазылып турат. Ошондо 18 миң 500 жарандан башкаларынын мындай укугун ким алып койду? Жарым миллиондон ашык Кыргыз жарандары Орусияда, Түркияда, Кореяда, Казакстанда жүрүшөт. Москвадагы Кыргыздын элчилиги жарандарга шарт жаратмак турсун каттоодон өткөн жарандарды ур-токмокко алып, кимге добуш бересиң деп сурак кылышкан. Ал жерден электен өткөрүү – жапайычылык. "Керектүү кишини колдойм десең киресиң, болбосо кирбейсиң" деп эле сыртка көкүрөктөн түртүп чыгарып коюп жатышты. Мунусу аз келгенсип нааразы болгон адамдарды милицияны чакырып ур-токмокко алышкан. Бул боюнча видео, документ түрүндө далилдерибиз бар. Мына ошолордун баарын жыйнап келип БШКны сотко берүүнү туура көрдүк,- дейт саясатчы.
Учурдагы бийликтин кемчиликтерин бетке айтып, кескин сындап келе жаткан оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровду каралоо аракеттери акыркы күндөрү кескин күчөп кетти. Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу саясатчыны Бакиевдердин кланына жабыштыруу менен каралоо кампаниясы жүрүүдө. Парламенттик шайлоо алдында бул саясатчынын таасиринин ылдам өсүп баштаганы бийликтин тынчын алып жаткан өңдүү.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg