«Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишти кароо үчүн Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитети расмий түрдө каттоого алды. Бул тууралуу "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова маалымдады. Аталган укуктук клиника Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо өтүнүчү менен БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине 2018-жылдын июнь айында кайрылган.
Маалыматта айтылгандай, эми ишти комитет мүчөлөрү карап чыгып, андан кийин өлкөнүн позициясын сурайт. Буга чейин "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, Текебаев боюнча ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жибергенин кабарлашкан. Соттон азырынча жооп боло элек.
Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, экөө тең 8 жылга эркинен ажыратылган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg