Жаңы сериал
Бул кыштоодо жети түтүн жашайт. Жети жепирейген жер там. Жети тамда тогуз жан. Илгертен ушунда жашап, ушул тоо түбүн, бир кулак суусу бар булакты байырлап келатышат. Өздөрүн алмат уруусунанбыз дешет.
Тээ ылдыйдан, эл арасынан качкан адам ушуларды эш тутуп, тоолор ичинде жашынат. Качкынды куугандар да алгач ушуларга келип түшөт. Ушулар ал тууралуу биле тургансып, сурап калышат. Булар болсо укса да, көрсө да айтышпайт. Башкалар менен түк иши жок өз арабаларын өздөрү сүйрөй күн өткөрүшөт. Дегеле буларга илгертен “элге түшкүлө, бизге кошулуп жашагыла” деп эч ким сунуш кылбаган.
Андыктан унутулган кишилердей, тоо боорунда жашап кала беришкен. Айта берсең, булар эми ушундай бир журт.
Булардын өнөрү – тоо-ташты кыдырып аңчылык кылмай. Анан жаныбарлардын эти менен майын, аңдардын терисин жаңгак токойдун койнунда күн кечирген адамдарга алпарып, зарыл нерселерге алмаштырып келүү. Көбүнчө мылтыкка, окко жана унга. Буларга башка эмне керек? Өмүрүндө жашылча жеп көрүшпөгөн. Оттук ташы, жаргылчагы колдо. Тузу болсо мына бул тоолордо.
Анда-санда тээ этектеги жаңгактуу жылгаларга кирип, жаңгак, мисте, алча, карагат, кызылгат, чие, кожогат сыяктууларды терип жеп, калганын ала келишет. Антпесе эмне кылышсын, булардын турагында алар бышпаса?!
Булар турактаган жер тоо-таштын арасы болгону менен, шамалдан далдоо, кышта кар аз түшөт. Бир байлам булагы соолуп калбаса, жепирейген жер тамдарын көчкү шыпырып же зилзала силкип салбаса эле болгону. Ошентип, жашоо кылдырап өтүп, көзү өткөндөрдүн ордуна наристелер жарык дүйнөгө келип, жашоо уланып келүүдө.
xxx
Ошол алматтардан бир мерген бул жолу да адаттагыдай эле тоо-ташты аралап көпкө жүрдү. Жети түтүн үчүн аң уулап, жети күн жүрдү. Ак кар баскан ашууларды ашып, андан ары шагылдуу, чөп да чыкпаган, түтөктүү зоого келди. Кайберен, илбээсин атып, аларды мерчемдүү жерлерге калтырып кетүү анын адаты. Артынан жигиттер келип атылган аңдарын чогултуп, кыштоого жеткиришет.
Мерген бүгүн да жолдуу эле. Шагылдуу аска тараптан семирген текелерден тандап туруп бирди атып, дароо мууздап, боорун кактап жеди. Ичин оодарып таштап, анын ордуна жыттуу чөптөрдөн салып, алматтын жигиттери билген таштын алдындагы оюкка жашырып кете берди.
Караңгы кирерде жаай баштаган жамгыр көнөктөп төгүлүп, бир ыктуу коңул табылбай, мергендин шаштысын кетирди. Бир-эки таштын коңулуна жашырынса, жайлуу болбоду. Кайра ары басты. Чагылган чартылдаса мергендин айланасы жарык боло түшөт да, кайра эле көөдөй караңгы түн үстөмдүк кылып калат.
xxx
Бир жуп адам-жапайы жашаган бул тоолордун кокту-колотун киши баласынын буту баса элек. Ал эми тиги адам-жапайыларга айла жок. Экөөнүн атасы да, энеси да өмүрүн ушул жерден өткөрдү. Бир кезде адам-жапайылар кыйла болуучу. Азайып-азайып отуруп, акыркы экөө калды. Негедир булардын тукуму соңку жылдарда уланбай келет. Абаданбы, сууданбы же табияттын башка дагы бир сыры барбы, айтор, адам-жапайылар жер үстүнөн куруп кетмек болду. Мурдагыдай эмес, азыр эми жем издеп кыйла тоону кыдырып, кыйла сууну кечип, кыйла тозокту башынан өткөрүп чыгат.
Бүгүн да эркеги жер кыдырып, жей турган бир нерсе издеп кеткен. Ургаачысы үңкүрдө үңкүйүп отуруп, эми минтип жаан жаап, күн күркүрөп, чагылган түшкөнүнөн кабатырланып, үңкүр оозуна чыкты. Тээ алысты көзүн албай көпкө карады.
Чагылган жарк эте асманды тилип өттү эле адам-жапайынын көзү жарыктан уяла түштү. Ошол жарк эткен жарыкта төмөндөн бир караан көрүнгөндөй болду да, кайра көөдөй караңгыга сиңип жоголду.
Кайра чагылган. Кайра караан…
Тойчубай Анаркулов
(Уландысы кийинки сандарыбызда)