Апта башында АКШ менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди Кыргыз өлкөсүнө кайтарып берүү жөнүндө эки тараптуу келишим түзүлдү. Ага 25-февралда АКШнын мамкатчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уеллс менен Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кол коюшту. Маалыматка ылайык, мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин досу Евгений Гуревич АКШда камакка алынып, сот тарабынан
6 миллион доллары конфискацияланган. Анын
4,6 миллион доллары Кыргыз өлкөсүнүн Финансы министрлигинин эсебине которулду.
Евгений Гуревич былтыр Бакиевдер өлкөдөн миллиондогон долларларды чыгарып кетишкенин айтып, Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргыз өлкөсүнө кайтаруу боюнча кыргыз бийлиги менен кызматташууга даяр экенин билдирген.
2010-жылы Убактылуу өкмөт да, кийинки башкаруучулар да Бакиевдердин өздөрүн жана алар чыгарып кеткен акчаларды кайтарып келүүгө аракет кылып, бирок майнап чыкпай келе жаткан.
АКШ мындай жол менен Атамбаевдин тушунда токтотулуп калган эки өлкөнүн ортосундагы мамилени калыпка келтирүүнү көздөп жатканы түшүнүктүү. Бирок АКШдай ири держава мындай кадамы үчүн эртең эмнени сураары, талап кылары кызык.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg