«Министрдин кызынын махабаты» тасмасында Жоробектин ролун жаратып элдин эсинде калган актёр Аскат Эрбаев өзүн ыр багытында сынап көрөм дейт. Жакында ал “Эки така” деген аталыштагы тамашалуу ыр жаздырып, клип тарттыруу алдында турат. “Бала кезден музыкалык аспаптарда ойнойм. Ырчылыкка кызыгуум күч болчу. “Слух” жакшы, актёрлук чеберчиликке окугам, вокалдан сабак алгам. Андыктан музыка жаатында түшүнүгүм бар. Негизи бала чагымдан ырдаганды жакшы көрчүмүн, кыңылдап ырдай берчүмүн. Ошондуктан көөдөнүмдө жаткан нерсени ишке ашырайын деген чечимге келдим,- дейт Аскат.
Чыгармачылыкка олуттуу киришем деген Аскат мырзага ийгилик каалайбыз!