Каарманым Гүлзат Матисакова учурда Германияда жашап, иштейт. Европанын көпчүлүк өлкөлөрүн кыдырып көргөн мекендешибиз менен кыргыз аялдарынын жашоосу тууралуу маек курдук. Ал биздин аялдар коомдогу көпчүлүк түйшүктү моюндарына асып алышып, күчтүү болууга аргасыз, укугунун корголушуна муктаж экендиги тууралуу кеп салды.
“КЫРГЫЗ КЕЛИНДЕРДИН АЗАПТУУ ЖАШООСУ ТУУРАЛУУ ТАСМА ТАРТЫП БАШТАДЫМ”
– Мен 1989-жылы Ош шаарында туулгам. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин котормочулук факультетине тапшыргам. Бирок бүтүргөн жокмун. Окуп жүргөндө АКШнын ЮГРАД студенттерди алмашуу программасы менен АКШда бир жыл окуп келдим. Келгенден кийин БААУнун журналистика факультетине которулдум. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин өкмөттүк эмес уюмда иштеп жүрдүм. Ал учурда Евробиримдик тарабынан түзүлгөн “Erasmus Mundus” программасы менен даректүү кино тартуу боюнча магистратурага тапшырдым. Анда Португалия, Венгрия жана Бельгияда бекер окудук. Эки жылдын ичинде 12 кыска метраждуу тасма тартып, фестивалдарга катыштык. Окууну бүткөндөн кийин ошол эле "Erasmus Mundus" программасы менен Германиянын Гамбург шаарында бир жыл стажировкадан өттүм. Андан кийин атайын санатчыларга арналган виза алып, кайра эле Гамбургда жашап, иштеп жатам. Бул виза менен Германияда өзүмдүн тармагым боюнча фрилансер болуп иштесем болот. Азыр түнкү клубда, тойдо, саясий митингдерде, концерттерде сүрөт жана видео тартып, аны монтаждап иштеп жатам. Мектеп окуучуларына кино тартуу боюнча сабак берем. Муну менен катар кыргыз келиндердин азаптуу жашоосу тууралуу тасма тартып баштагам.
“ГЕРМАНИЯДА ИЛИМ-БИЛИМ, МАДАНИЯТКА КӨП КӨҢҮЛ БУРУЛАТ”
– Кыргызстанда экономикалык абал жүрөктү оорутарлык экени эч кимге сыр эмес. Адамдар көп иштеп, аз акча табышат. Мамлекет жарандарын социалдык жардамдар менен камсыздабайт. Германия жарандарына ар түрдүү социалдык жардам берет. Мисалы, иши, үйү жок балалуу аялдарга жөлөк пул төлөнөт. Мага жакканы, илим-билим, маданиятка чоң маани берилет. Кээде бизде бийликтегилерге элдин билимсиздиги ыңгайлуу болсо керек деп ойлоп кетем. “Үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүш керек” деген сөздү мен мамлекет пенсионерлерге жетиштүү пенсия төлөөнүн ордуна, карыган ата-энелерди балдары багыш керек деген түшүнүктү сиңирип, жоопкерчиликти өз моюнунан алып, элдин моюнуна илип коюу деп түшүнөм.
Биздин өлкөнүн адамдары жөнөкөй. Алар менен тил табышуу жеңил. Бирок Кыргызстанда эл адамдын жеке чөйрөсүн сыйлабагандыгы жагымсыз. Мисалы, сурабасаң деле жеке жашооң тууралуу кеңештерди бергенди жакшы көрүшөт. Мына, ушундай маанайдагы чөйрөдөн келип, Европа өлкөлөрүндө өзүмдү эркин сездим.
“КӨПЧҮЛҮК УЧУРДА АТАЛАР БАЛДАРЫНА ЖООПКЕРЧИЛИК АЛБАГАНЫНА КҮБӨ БОЛДУМ”
– Кыргыз аялдары алтын. Коомдо болгон түйшүктүн көпчүлүк пайызын аялдар көтөрөт. Алардын жашоосу татаал. Мен Кыргызстанда майып балдарга жардам берген уюмда иштеп калдым. Анда бардык облустарга барып тренингдерди өткөрчүмүн. Ошондо көпчүлүк аталар майып балдарына жоопкерчилик албай, мындай маселе башына түшсө үй-бүлөсүн таштап кетип калышарын байкадым. Энелер жалгыз калса да, мамлекеттен эч кандай жардам сурабай, бардык көйгөй менен өздөрү күрөшөт. Суукта базарда иштеп, балдарын да багып, коомго да пайдалуу иштерди жасагандар бар. Ал эми эркектердин арасында жоопкерчиликти моюндарына албаганы аз келгенсип, аялдарга, жаш балдарга кол көтөргөндөрү бар. “Жаш кыздарды чет өлкөгө чыгарбайлы. Алар башка жакта кор болуп калышат” деп айтып калышат. Бирок биздин кыздар зордук-зомбулукту эң алгач кыргыз эркектеринен көрүп жатышат. Аталары, агалары кичинекей кыздарды зордуктап, өлтүрүп, күйөөлөрү аялдарын сабап, өлтүргөнү тууралуу жаңылыктарды күн сайын окуп жатпайбызбы.
“КЫЗДАРГА ЭРТЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫГУУ ЭМЕС, БИЛИМ КЕРЕК”
– Менин чет өлкөгө көчүп кеткениме коомдун аялдарга болгон начар мамилеси себеп болду. Мен кичинемден эле өзүмдүн туугандарым, биздин коомдун аялдарындай жашагым келген эмес. Мен көргөн аялдардын баарынын жашоолору кыйын эле. Алыс кетпей, өз эжелеримди алсам, алардын айрымдарын ала качып турмушка чыкканга мажбурлап, зордукталгандарын билем. Минтип турмушка чыгып, эртеден кечке күйөөлөрүнүн үй-бүлөсүнө кызмат кылгандарын көрүп боорум ооручу. Бир үй-бүлөдө 10 чоң киши жашаса, алардын баарына тамак жасаган, идиш-аягын, кирин жууган, үйүн тазалаган жалгыз келин болорун айтпасам деле билесиздер. Эжелеримдин күйөөлөрү иштебегени аз келгенсип, үй ишинде жардам беришпей, балдарын тарбиялаганга катышпайт эле. Анан да көңүлдөш күтүп алышып, аларга аялдары тапкан акчаны сарпташканы ичиңди ачыштырат. Кыздарга кырк үйдөн тыюу, ал эми эркектерге эркиндик. Мени да ушундай келечек күтүп турабы деп суроо салып, коркчумун. Дагы бир мисал, кыз зордукталса, зордуктаган адамды эмес, зордук көргөн кызды күнөөлөгөндөр кездешет. Бул көрүнүштөргө азыр да таң калам.
Бизде кыздарды эрте күйөөгө беришет. 11-классты аяктабай күйөөгө тийгендер бар. Жаш кезибизден келин болууга үйрөтүшөт. 1-2 жыл мурун Коомдук биринчи каналда келин болууну үйрөткөн реалити-шоу көрсөтүлгөнү дале эсимде. Биздин кыздарга үйдү кантип тазалап, кайненеге кантип баш ийүүнү үйрөтүүнүн ордуна башка бирөөдөн көз карандысыз болуусуна шарттарды түзүү пайдалуу. Кыздарга кайсы бир кесиптин ээси болууга, хоббилерин өнүктүрүүгө, өздөрүнө болгон ишенимин өстүрүүгө көмөкчү болушубуз керек. Ошондо аялдардын да аң-сезими өсөт, коомго татыктуу балдарды тарбиялап өстүрүп берет. Ата-энелер кыздарынын келечегин ойлошсо, аларга бутуна турууга жардам бериши керек деп ойлойм. Анткени жаш кезинде күйөөгө тийген кыздар алсыз, бирөөгө көз каранды болуп калышат. Ал эми келин институту – бул, менимче, заманбап кулчулук. Ушул сыяктуу көрүнүштөргө каршы туруу үчүн феминисттик көз карашты жактап келем. Феминизм – бул аялдардын укугун коргоо боюнча кыймыл. Анын эч кандай терс мааниси жок. Учурда Гамбургда расизм жана сексизмге каршы саясий топтун мүчөсүмүн.
Кыздарыбызга эрте күйөөгө чыгуу эмес, билим керек. Биздин өлкөгө аялдардын укуктарын коргогон мыйзамдар, ал мыйзамдарды аткарган өкмөт керек. Европада аял-эркектин ортосунда сый мамиле бар экенин байкадым. Эркек болгонум үчүн аялды башкарышым керек деп эч ким ойлонбойт. Эркектер бала кароодо, жумуш кылууда аялдарына жардам берет.
“БАШКА АДАМДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫНА ТӨП КЕЛҮҮ АРАКЕТИ МЕНЕН ЖАШАГЫМ КЕЛБЕЙТ”
– Биз жашоого бир гана жолу келебиз. Ошондуктан мен башка бирөөлөрдүн көз караштарына төп келүү аракети менен жашагым келбейт. Өзүмдүн жашоомо өзүм ээ болуп, өз дүйнөмдөгү жашоону үйрөнгүм келет. Өзүм кызыккан иш менен алек болсом, саякаттасам, жакын адамдарым менен көбүрөөк бирге убакыт өткөрсөм, мен үчүн ошол бакыт.
Күйөөгө тийүү – менин жашоомдун негизги максаты эмес. Бирок эмоционалдык жактан жетилген, түшүнүктүү, башка адам менен сый мамиле кура билген, жоопкерчиликтүү, менин жашоого болгон көз карашымды бөлүшө алган адамдын жанымда болушун каалайм.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg