Озода Нурсаидова, өзбек ырчысы: «РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВДУН ЫРЫ РЕПЕРТУАРЫМА КОШУЛГАНЫНА КУБАНЫЧТАМЫН»

Бир кездери коңшу өзбек элинин ырчысы Озода Нурсаидованын «Кетпе, жанымдан кетпе» деген саптары бар ыры Өзбекстанда эле эмес, Кыргызстанда да хит болгон. Так ошол ырдын аткаруучусу кыргыз элинин белгилүү композитору жана ырчысы Рыспай Абдыкадыровдун «Эсиңдеби?» аттуу ырын жаңылап кыргызча ырдады. Биз ырчы, обончу жана аранжировкачы Озода айым менен маек курдук.


– Саламатсызбы, Озода айым? Өткөндө байланышканда бир аз сыркоолоп жаттыңыз эле, жакшы болуп калдыңызбы?

– Саламатсыздарбы? Рахмат, жакшы болуп калдым. Ден соолугум боюнча бир аз көйгөйлөр болду эле, азыр баары жакшы.

– Жакында Бишкекке концерт койгону жатасыз. Чыгармачылыгыңызда башка кандай жаңылыктар бар?

– Азыр Кудайга шүгүр, жаңылыктар көп. Өзүңүздөр билгендей, ден соолугума жана башка себептерден улам 8 жылга жакын шоу-бизнестен алыстап кеткен элем. Албетте, бул аралыкта чыгармачылык менен алектенип жүрдүм, тагыраагы, ырларды жазганым менен, өзүм ырдап чыккан жокмун. Өткөн жылдан тартып кайрадан шоу-бизнеске кайтып келип, чыгармачылык менен алпуруша баштадым. Ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, жаңы альбомдун үстүндө иштеп жатам. Андан тышкары Түркияга, Тажикстанга концерт койдук. Буюрса, 9-майда Бишкек шаарынын Кожомкул атындагы Спорт сарайына алгачкы жолу жеке концертимди өткөрүү алдында турам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыргызстандык күйөрмандарымды бул концертке чакырып кетким келет.

– Кыргыз эли сиздин «Кетпе» ("Кетма") аттуу ырыңызды аябай жактырып угушкан. Так ушул чыгарма сиздин чыгармачылыгыңыздагы «визиттик карточкаңыз» болду окшойт?

– Бул ырды мен 2000-жылы ырдагам. Чындап эле чыгармачылыгымдагы «визиттик карточкам» болду. Бул ырды КМШ өлкөлөрүндөгү угармандар баары жактырып угушту. Арадан 19 жыл өтсө да дале угушат, сүйүшөт, аларга ыраазычылык.

– Жакында эле кыргыздын чыгаан ырчысы, обончусу Рыспай Абдыкадыровдун «Эсиңдеби?» деген ырын кыргыз тилинде жаздырдыңыз. Бул идея кимге таандык? Эмне себептен так ушул ырды аткарууну туура көрдүңүз?

– Сахнага башкача форматта кайтууну туура көрдүм. Өз тилимден тышкары арабча, түркчө, казакча жана кыргызча ырларды жаздырууну мурда эле ойлоп, бирок жүзөгө ашпай жүргөн. Сиздерде Ислам Сатаров аттуу продюсер бар. Аны менен кызматташып, ошол ойлогондорум ишке ашып жатат. Кыргыздын көптөгөн композиторлору жазган ырларды жана элдик ырларды жактырам. «Кыргызча ырдагым келет, бирок кайсы ырды ырдаарымды билбей жатам» десем Ислам мага Рыспай Абдыкадыровдун ушул ырын сунуштады. Композитор абдан таасирдүү жазган экен. Ырды угуп, аябай жактырдым. Сүйүп калдым десем болот. Ошентип ырдап калдым.

– Рыспай Абдыкадыровдун ырларын, деги эле кыргыз музыкасын мурдатан эле угасызбы?

– Албетте, мен бул адам тууралуу угуп жүргөм. Аккордеондо ойногонун билчүмүн. Мурда сиздердин өлкөнүн башка облустарына барганда Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгы менен таанышкам. Бирок ал кезде анын ырларын ырдайм деген ой жок болчу. Эми минтип менин репертуарымда бул улуу композитордун ыры кошулганына абдан кубанычтамын. Эгер бул ырды аткарууда менде кандайдыр бир кемчиликтер болсо кыргыз угармандарынан кечирим сурайм. Бул менин кыргыз тилиндеги алгачкы ырым болду. Ырды жаздырып жаткан маалда Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгы менен кенен таанышканга мүмкүнчүлүк болуп, мурдагыдан да кызыгуум артты. Буюрса, алдыда дагы ырларын ырдайм деген ойлорум бар.

– Чыгармачылык чыйыр жолдун түйшүгү да, түшүмү да болот. Ырчылык үчүн эмнени курмандыкка чалдыңыз? Кээ бир күндөрү ырчы болбой башка кесипти тандасам болмок деген учурлар болобу?

– Чыгармачыл адамдын жолу – абдан татаал жол. Башка кесиптер менен салыштыра албайм. Бул кесипте көптөгөн курмандыктар болот. Албетте, мен дагы ырчылык үчүн көп нерсени, керек болсо жашоомду, үй-бүлөмдү да курмандыкка чалдым десем болот. Чыгармачылык жолдо чыгармачылык менен алектенүү татаал эмес, бардык нерсени өзүң, жүрөгүң аркылуу өткөргөн татаал. Мисалы, биз ыр менен жашап, бир ырды ырдаганда же сөз, обон жазганда ошол ыр менен элдин оорусун, кайгысын, күйүтүн, кубанычын, бардыгын сезебиз. Ушунун баарын өзүбүздөн өткөрөбүз. Анткени чыгарма чындыкка шайкеш келип, чын дилден жаралыш керек. Чыгарма чын дилден жаралбаса анда элдин энчиси, сыймыгы, сүймөнчүгү боло албайт. Чыгармачыл адамдар эл үчүн иштейбиз, элге кызмат кылабыз. Элди кубантууга, чындыкты табууга жардам берүү керек. Эгер чындык жок болсо, анда «фальш» болуп калат. Азыр «фальш» жасагандар, башканын эмгегин уурдагандар, өзүн сүйгөн, элдин көңүл борборунда болгусу келгендер, эптеп эле акча табууну каалагандар көбөйдү. Андай жасалмалуулуктар көбөйгөндө чыныгы чыгармачылык үчүн күйгөн адамдар үчүн да татаал. Шоу-бизнесте атаандаштык абдан күчтүү. Туура багыттагы, чыгармачылыктагы атаандаштык болсо жакшы. Интрига, жасалмалуулук көп болот, артыңдан айтылган ушактар да андан көп. Бул нерселер адамды чарчатат.

– Ырчы болушуңузга кимдер түрткү болгон? Бала кезиңизде эле ырчы болууну самачу белеңиз?

– Чынын айтсам, мен кокустан ырчы болуп калгам. Кичинемде юрист болууну кыялданчумун. Бир таанышым вокалдан сабак алчу эле. Бир ирет аны менен чогуу барсам, мугалими мени ырдатып, үнүмдү укту да, «Сенин үнүңдүн тембри өзгөчө экен. Ырдасаң абдан жакшы болот» деди. Муну укканда таң калгам. Бирок ошол сүйлөшүүдөн жарым жыл өтпөй ырдап баштадым. Тагыраагы, үнүм өзгөчө болсо анда ырдап көрөйүн деп чечкем.

– Сиздердин өлкөдө ырчылардын көбү тасмада өзүн сынап көрүшөт. Сиз да өзүңүздү актриса катары сынап, тасмага тартылдыңыз беле?

– Туура айтып жатасыз, азыр көп ырчылар өзүн тасмадан сынап көрүшүүдө. Студент кезимде, тагыраагы, 20 жыл мурун кокустан тасмага тартылып калган жайым бар. Бирок каалоом жок эле тартылгам, чынын айтсам, мага тасмага тартылуу жакпайт. Себеби актриса болсоң мыкты болушуң керек. Жакында бир тасмага тартылмакчы болуп турам. Ошол алгачкы жана акыркы тасма болот. Себеби ырчылык менен актрисалыкты аралаштыргым келбейт.

– Кыргыз өлкөсүнө мурда да келип турчу белеңиз?

– Кыргыз өлкөсүнө алгачкы ирет 17 жыл мурда келгем. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында болгом. Ал эми расмий сапарым III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине келип ырдаганым болду. Кыргыз эли абдан меймандос. Эмнени айткым келип турат? Биздин эки элдин ортосунда жагымсыз окуялар болуп кеткенине карабастан сиздердин эл бизди жакшы көрүп, сыйлап тосуп алганына, эки элдин мамилеси, ынтымагы бекемделгенине абдан кубандым, ыраазымын. Мени эл эстейби, ырымды унутуп калышкан жокпу деп тынчсыздандым эле, эстеп, аябай жакшы кабыл алышканы мени кубандырды. Бишкек аябай өзгөрүптүр, мурда эле кооз шаар эле, эми андан да кооз шаарга айланыптыр.

– Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз?

– Мен чыгармачылыктан башка иш кылбайм. Өзүм ырдабай калган маалда ырларды жазып, аранжировка жасап жүрдүм.

– Эки элдин достугун бекемдөөгө чыгармачыл инсандардын салымы чоң эмеспи. Алдыда достук, тилектештик үчүн дагы кандай салым кошоюн деген максаттарыңыз бар? Негизи эле чыгармачылыктагы пландарыңызга токтоло кетсеңиз?

– Чыгармачыл адамдар көпүрө сымал. Алар дайыма достукка өбөлгө болушат. Эң негизги нерсе – эки элдин ынтымагы. Андыктан эки өлкөнүн ынтымагын бекемдөө үчүн биз, ырчылар да демилге көтөрүп, өз салымдарын кошушу керек деп ойлойм.

– Маегиңизге рахмат. Концертиңиз ийгиликтүү өтсүн!


Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
katerina.li
2019-03-11 10:22:50
Маекти ушундай кызыктуу беришсе. Биздикилердин кимиси чыкса да"мектепте шок ,жинди болчум. Орус муноз болгондуктан бетке чаба айтам,тушунбосо бетин жара чабам,бут тоскондордун бутун сындыра коем,бала кезде андай болчум,мындай болчум "деп айта беришет ан донду каравай. Кызыбы,эркегиби баары эле шок,жинди,орус муноз.
+34
Paprikafm
2019-03-11 10:43:01
katerina.li,жайладыңго
+15
Rusbubu
2019-03-12 17:38:08
katerina.li,ой боорум ай))))))
+4
Paprikafm
2019-03-11 10:44:00
Ташкенттен Бишкеке келгенде айылга келгендей эле болду болуш керек, дагы аябай кооз шаар деп мактап өтүптүр, азаматсыз
+28
Kamchybek-007
2019-03-11 13:16:22
Мына ушуну маек десе болот европадан кийиндим малазияда концерт бердим дегендер тойдурдуго
+22
mamashovich88
2019-03-12 09:33:52
Бишкекте концерти 9-мартта өттү беле?
Же 9-майда болобу? Же 9-майда дагы болобу?
0
admin_portal
2019-03-12 11:15:43
mamashovich88, саламатсызбы! "Буюрса, 9-майда Бишкек шаарынын Кожомкул атындагы Спорт сарайына алгачкы жолу жеке концертимди өткөрүү алдында турам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыргызстандык күйөрмандарымды бул концертке чакырып кетким келет" деген ырчы.
+3
mamashovich88
2019-03-14 06:33:16
admin_portal,
Рахмаат.
0
Aikan1966
2019-03-12 10:25:34
Ишинерге ийгилик
0
radostmoya
2019-03-12 22:28:27
Ташкенттин алдында Бишкек айыл эле болуп калат. Былтыр Ташкентке барып, оозум ачылып кайттым. Биздин өнүгүшүбүз белгисиз экени өкүндүрдү.
+4
orxidey
2019-03-13 18:02:07
Ооба бери жактагы шаарларычы Андижан Верганалар укмуш жолдоручу туптуз машинада уктап каласын айдап баратып)))
+2
Jelezo
2019-03-15 16:54:30
Кытай грант берип турса биздикилер да Бишкекти өзгөртүп баштайт.
-1
nurhan2702
2019-03-17 19:30:18
Jelezo,анын 70%ы жегичтердин чонтогуно тушсо ,сапатсыз ондоп-тузоо болот.Анан эки жылда мурдагы абалына тушот
0
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан