Авитаминоз кетсин! ЖАЗГЫ ВИТАМИНДҮҮ МЕНЮ

Алсырап, уйкусурап, эч нерсеге көңүлүңүз чаппай турабы? Мындай абал витаминдер жетишсиздигинен, жазгы авитаминоздон кабар берет. Негизинен март жана апрель авитаминоз чакырган айлар болуп саналат. Андыктан бул айларда менюну витаминдүү тамак-аштарга толтуруу шарт. Авитаминоз менен сабиз, лимон, балык, жумуртка, козу карын, капуста, чечевица, имбирь, жаңгактын түрлөрү жана мөмө-жемиштер эң мыкты күрөшө алат. Төмөндө алардын айрымдарынан рецепттерди сунуштайбыз.


ЧЕЧЕВИЦА ШОРПОСУ

Даярдоо ыкмасы:

  1. Козу карынды тазалап, жууп, туздуу сууга 5 мүнөттөй кайнатып алабыз.
  2. Жашылчалардын баарын аарчып, тазалайбыз да, сабиз менен картошканы төрт чарчы формасында туурайбыз. Ал эми пияз менен сарымсак майда тууралат.
  3. Казанга өсүмдүк майын куюп, алгач пиязды, андан соң сарымсакты салып кууруп алабыз. Булардан кийин козу карынды салып 5 мүнөттөй кууруйбуз. Куурулуп жаткан жашылчалардын үстүнө томат пастасын, татымына жараша туз, мурч салып дагы 5 мүнөттөй кууруйбуз да, 2-3 литрдей суу куябыз.
  4. Шорпо кайнап чыккан соң сабиз, картошка жана жуулган чечевицаны салып бышканча кайнатабыз.
  5. Шорпо бышкан соң отту өчүрүп, майда тууралган ашкөк менен сарымсакты салып, 5 мүнөт казандын капкагын жаап коёбуз. Шорпо ичүүгө даяр!


«ЖАЗГЫ МААНАЙ» САЛАТЫ

Даярдоо ыкмасы:

  1. Нокотту жылуу сууга 5-6 саатка чылап, андан соң кайнатып бышырып алабыз.
  2. Консерваны ачып, ширесин төгүп салабыз да, вилка менен майдалап алабыз.
  3. Брокколини жууп, гүлдөрүн ажыратабыз. Ал эми сабактарын ичке кылып туурайбыз. Андан соң туздуу сууга салып, 5-6 мүнөт кайнатып алабыз.
  4. Помидорду жууп, 5-6 бөлүккө бөлөбүз.
  5. Петрушканы майда туурайбыз.
  6. Чоң идишке азыктардын баарын салып, лимон ширесин, өсүмдүк майын жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып, тарелкага салып дасторконго коёбуз.


ЛИМОН ТОКОЧУ

Даярдоо ыкмасы:

  1. Жумуртканын агы менен сарысын өзүнчө бөлүп алабыз. Бул рецептте бизге агы гана керектелет.
  2. Лимонду жууп, ширесин сыгып алабыз. Ал эми кабыгын сүргүчтөн өткөрүп майдалайбыз.
  3. Каймак майга кумшекерди кошуп чалабыз. Эми буга жумуртканын агын жана лимон ширесин жана кабыгынын таарындысын кошуп аралаштырабыз.
  4. Андан соң бул аралашмага эленген ун, көптүргүч жана крахмалды салып камыр жууруп, бетин жаап, 30 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
  5. Тыныккан камырды майда бөлүкчөлөргө бөлүп, тоголоктоп, андан соң токочтун формасына келтиребиз. Токочторду 180 градуста иштеп турган мешке 10-15 мүнөткө салып бышырып алабыз.


ШПИНАТ+АЛМА СМУЗИСИ

Даярдоо ыкмасы:

  1. Шпинат менен алманы жууп, тазалап, туурайбыз.
  2. Банандын кабыгын аарчып, бөлүктөргө бөлөбүз.
  3. Азыктардын баарын блендерге салып, сууну куюп аралаштырабыз. Смузи даяр!


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан