СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

– Оо, аны кийин билдим. Экинчи жолу Москвага барып келгенимде Нурлан Адылжанович тосуп алды. Ишенесиңби, колунда бир кучак роза гүлү. Алгач аңдабай эле алып алдым. Кара түстөгү Жип машина айдап келиптир. Жолдо бара жатканда гана роза гүлдөрүнүн ортосунда бир тутам жасалма сирень гүлү бар экенин байкадым. Таң калып бир гүлдү, бир Нурлан Адылжановичти карадым.
– Малика, азыр күз айы, сирень гүлүн таба алган жокмун,-деди жылмайып.
– Эмне үчүн сирень гүлү?..- дедим ого бетер таң калып.
– Сен сирень гүлүн жакшы көрөт эмессиңби?
– Сиз аны кайдан билесиз?
– Эсиңдеби, биздин ооруканада жатканыңда ар дайым бактын ичиндеги сирендин жанында отура берчүсүң. Сенин сирень гүлдөрүн кармалап, жыттаганыңды терезеден көрүп, байкап жүрдүм. Кийин пол жууган аялга акырын дайындап койдум. Ал сен турганга чейин терезеңе сирень гүлүн коюп кетчү.
– Демек, үйүмө, жумушума келген гүлдөрдү да сиз жибергенсиз?..
Нурлан Адылжанович унчукпай күлүп койду. Көрсө, ал менин сирень гүлүн жактырарымды байкаган экен. Бул гүлдөр тагдырымдан адашкан алгачкы катачылыгымды, аны менен кошо сүйгөн адамымды эсиме саларын кайдан билсин?!
– Сени жакшы көрүп калган элем,- деди бир убакта.
– Ошон үчүн дарылануума да жардам бердиңиз…
– Сендей кызды жоготуп алуудан корктум. Анда менин да жашоом кошо бүтүп калчудай сезилген.
– Кызык… Андан көрө көбү­рөөк үй-бүлөңүзгө кам көрсөңүз жакшы болмок,- ыңгайсыздана үн каттым.
– Албетте, үй-бүлөмдү да унутпагандыгым үчүн болуп жатат. Анткени ата-энеме жакшынакай, тагыраак айтканда, сендей келин керек.
– Сиз?..
– Ооба, мен үйлөнгөн эмесмин. Иш деп жүрүп, отуз бешке чыкканымды да байкабаптырмын. Апам “келиндин колунан чай ичет элек” деп күндө кулагымдын кужурун алат.
– Анан ата-энеңиз үчүн үй­лөнүп коёюн дедиңиз?..
– Жок, сени жакшы көргөнүм үчүн үйлөнөйүн дедим.
Нурлан Адылжановичтин сөздөрү мени ыңгайсыз абалга кептеди. Кийин да телефон чалып, жолугушууга чакырып жүрдү. А мен ар кандай шылтоону айтып, качам десең. Бүгүн аны менен кол кармашып кетсем, эртең эле Бактияр келип, мени таппай калчудай туюлуп туруп алды. Бирок канча күтпөйүн, Бактияр келбеди... Ошол эле учурда Нурлан менден жооп күтүп жатты. Ойлонуп көрсөм, жалгыздыктан тажапмын, мени колдогон, жөлөп-таяган адам керек экен. Ден соолугумду да ойлоп, биротоло айыгышым керек. Кайсы жагын албайын, мен ойлогондой адам Нурлан Адылжанович болуп чыга берди. Күйүмдүү күйөө, айыктыруучу дарыгер да болчудай... Эмне кылам деп канча күн чайналдым. Акыры бир чечимге келип, ага турмушка чыгууга токтолдум. Бирок ага жолугуп, бүт баарын айтып түшүндүрүшүм керек эле. Ошентип, аны түшкү тамактанууга чакырдым.
– Нурлан Адылжанович, мен... Мен турмуш көргөн келин экенимди айтайын дегем. Бул жагынан сизге тең боло албаймын.
– Аны укканмын. Шылтооң ошол эле болсо… Мага сенин бир гана «макул» деген сөзүң керек. Мен сени бактылуу кылам. Ишен мага...
Мен аны тиктеген бойдон катып калдым. Демек, мени чын дилден сүйөт. Эреркеген жаным башымды ийкеп, кантип ыйлап жибергенимди да билбейм. Ошондон баштап аны менен күндө жолугуп, ага тартыла бердим. Сыягы, адамгерчилиги, тунук махабаты менин эркимди жеңип кетти окшойт. Ошентип, экөөбүз жакында баш кошобуз. Тойго келесиңби?
Малика сөзүнүн ушул жерине келгенде жылмая карады.
– Албетте, барам. Сенин бактылуу түрүңдү көрсөм дечү элем. Албетте, барам.
Сөз уланып, канча убак өттү ким билет, бир маалда Маликанын телефону шыңгырап калды. Сүйлөшүп бүткөн соң Малика:
– Нурлан чалды, ал азыр келем дейт. Сени менен тааныштырып, анан жеткизип коёбуз,- деди жадырай.
Анын түрүндө аялга таандык бактылуулук, келечекке ишеним бар эле. Бул мен билген эмес, башка Малика болчу. «Малика, бактың кут болсун!» дедим ичимден дагы бир жолу.

Жумагүл Жолматова

Аягы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Strateg
2010-07-19 10:44:54
Мага айябай жактты бир санын калтырбай окуганга аракет кылдым, кээде ушул учун газета алган кундорум болду. просто Super.
0
Elit
2010-07-20 10:40:32
мага да абдан жакты. Ушунунардан жазбагыла, ишинерге ийгилик СУПЕР ИНФО.
0
Lee Min Ho
2010-07-20 12:41:54
аягын жакшы бутурупсунор окуп чыктым 1 кундо баарын сонун сонун мен да жазгым келип кетти
0
Akjol
2010-07-20 19:18:06
Аябай жакшы сериал экен,баштан аяк окуп чыктым,эхх кандай гана туйшуктуу кундор отту э,аягы абдан жакшы бутуптур.Бактылуу болушса экен.
+1
FIANIT
2010-07-26 11:53:11
Мен да бирин калтырбай окудум, аягында озум бактылуу болгондой эле сезимде калдым. Мага да абдан жакты!!!
0
tynalieva
2010-07-28 17:50:34
Мага абдан жакты.Баардык сериясын калтырбай окудум. Бактылуу бол Малика!!!
0
jikamuz
2010-12-07 15:07:37
Мага дагы аябай жакты,бирок Бахтиярды жек коруп калдым ЛОХ экен да.
0
Эмо
2011-07-23 22:14:18
Maga da jakty,bawynda yilai berip kozum kyzaryp ketiptir,akyry baktyluu boldu ee...
0
munara90
2011-07-26 22:44:06
Menin da eski jaram kozgolup okup jatyp da butkondon kijinda kopko yiladym.
0
adelima
2011-08-31 20:00:31
ой кудай аягы да чыкты. 3 сааттын ичинде окуп чыгапм деп образга укмуш кирип кетиптирмин.Бирде ыйласам,бирде кубанам. Аябай сонун чыгарма экен. Жанагындай сокур Бактыярлар аман эле болушсун. Озу "мамин сыночиктерден" алыс эле болгон жакшы.
+1
honey005
2013-04-23 03:45:45
мага да аябай жакты соонун чыгарма экен байкуш Малика акыры бакыт тааптыр да
0
adidas07
2014-01-24 01:16:14
соонун экен.
0
siezd
2014-05-26 21:28:13
эх бутот экен а окуп буткучо кыйналып кеттим аягы жакшы бутконуно суйундум болбосо ыйлай берип козум тоо болмок
0
Aizurok
2014-11-08 16:10:03
эх сонун бутту аягы рахмат Супер инфо
+2
jaskaaa
2019-01-17 22:11:26
Соонун экеен. Мен жаштыгымды бир эстедим эски бетти барактап!
0
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан