Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.
КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада буюм, акча иштерине көп алагды болосуз. Өйдө-төмөн учурлар болот. Үй чарба иштерине да тийиштүү деңгээлде көңүл бурууга аргасыз болосуз. Жакындарыңыз менен болгон мамиле өзгөрмө мүнөздө өтөт. Чыр чыкпасын десеңиз токтоо болуңуз. БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумушуңузга караганда жеке иштериңизди бүтүрүүгө көбүрөөк басым жасайсыз. Кошуна, бир тууган, достор менен сүйлөшүүлөр көп жүрөт. Сапарга чыгуу, иш кагаздар, электрондук приборлор маселе жаратат. Эске алыңыз.ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жуманын алгачкы күндөрү жалгыздыкта иш алып барууга туура келет же купуялуулук күчөп жашыруун жумуштарды жасайсыз. Акча табуунун үстүндө иштейсиз. Анын жыйынтыгы сиздин акыл калчап иш алып барууңуздан толук көз каранды.БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дос, өнөктөш, кесиптештер менен кайсы бир маселени чогуу талкуулайсыз. Кайсы бир максатыңыздын орундалышын күтөсүз. Көңүл чөкчү мүнөзүңүздү ооздуктай билсеңиз баары сиз ойлогондой бүтөт. Уюштуруу иштериңиз жана маанайыңыз өзгөрүлүп турмакчы.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сиз бул жумада айрым иштериңизди жалгыздыкта алып барууга мажбур болосуз. Жабык типтеги мекемелер менен байланыштар болот. Жетекчилик, бийлик өкүлдөрү менен баарлашууда этият болуңуз. Антпесеңиз, маанайлар кескин өзгөрүп маселе жаралат.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Куда-сөөк тараптар, дин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр көп болот. Өнөктөштөр, текшерүү органдарына кайрылууга туура келет. Жакын санаалаш, ишканалар менен сүйлөшүүгө барасыз. Аналитикалык акылды азыраак колдонсоңуз жумушуңуз ойдогудай бүтөт. ТАРАЗА (24.09-23.10)
Акча, буюм иштерине байланыштуу жумуштарга көбүрөөк алагды болосуз. Бул суроолорду чечүүдө өзүңүздүн кесипкөйлүгүңүздү көрсөтүңүз. Ошентсеңиз өкүнбөйсүз. Айрым бирге иштеген адамдар же бийлик өкүлдөрү сизге суроолор менен кайрылат.ЧАЯН (24.10-22.11)
Адамдар менен алака көп болот. Активдүүлүк күчөйт. Баарлашуу учурунда шашмалыкка алдырбаңыз. Сапарга чыгуу, окуу, кагаз иштерине алагды болосуз. Бөтөн шаардыктар, бийлик өкүлдөрү, кудаа-сөөк тараптарга жолугуп сүйлөшүүлөр болот. ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Буюм, каржы маселелерин чечүү менен алектенесиз. Бул суроолорду чечүүдө мүмкүн болушунча чынчыл болууга аракет жасаңыз. Антпесеңиз туура эмес жасалган иштер жакында сыртка калкып чыгат. Жумуш, ден соолук жаатына да көңүл бөлүүгө туура келет.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өз балдарыңызга байланыштуу маселени бүтүрүүгө шашасыз. Алардын кайсы бири кыялын көрсөтсө, капаланбаңыз. Бул убактылуу гана көрүнүш. Романтика, эс алуу, чыгармачылык менен иштөө тармагы да четте калбайт. Жубайыңызга көңүл бөлүңүз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кесиптештер менен болгон мамилелер өзгөрмө өтөт. Андыктан түзүлүүчү түрдүү жагдайларга алдын ала даяр болуңуз. Ден соолукка да жакшы көңүл буруңуз. Үй тиричилик иштерине демейдегиден көбүрөөк убакыт бөлөсүз. Жакындарыңызды унутпаңыз.БАЛЫК (20.02-20.03)
Жакынкы чөйрөдөгү адамдар менен тыгыз байланышта болосуз. Андан соң сиздин күнүмдүк турмушуңузга бир туугандарыңыз кийлигишет. Сиз да алардан кем калбай, кайра аларга акыл үйрөтөсүз. Эс алуу, балдар темасына көңүл бурасыз.