Нурланбек Шакиев, New TV телеканалынын башкы директору: «ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВДУН АРАКЕТТЕРИ КОЛДООГО АРЗЫЙТ»

– Нурланбек мырза, сиз жетектеген New TV телеканалы обого чыккандыгына көп убакыт боло элек. Азыркыдай оор атаандаштыктын шартында өз көрөрмандарын, аудиториясын таап калдыбы? Сөзүбүздү ушундан баштасак...

– Рахмат. Туура айтасыз. Азыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ММК) ортосунда абдан чоң атаандаштык бар, телеканалдардын арасында дагы. Жалпы ММКлардын ичинде телекөрсөтүү тармагы абдан чоң финансылык, материалдык каражатты талап кылат. Айрыкча теленин толук форматын камтыган телеканалдар үчүн. Дегеним, бүгүнкү күндө өлкөбүздө жалпысынан чоң-кичинеси болуп 50гө жакын телеканал бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү өздүк контенти жок, кино, концерт же башка телеканалдардын продукцияларын кайра чагылдырып көрсөтүп жатышат. Анан да көпчүлүгү бир эле аймакты камтыйт. Тактап айтканда, бүтүндөй өлкөбүздүн аймагына көрсөтүлбөйт. Көбүнчөсү Бишкек менен Чүйдү же Ош менен Жалал-Абадды гана камтыйт. Мамлекеттик телеканалдарды кошпогондо өлкөбүздүн дээрлик көпчүлүк аймагын камтыган үч-төрт эле телеканал бар. Албетте, анын бири – New TV. Ошондой эле биздин телеканал спутник аркылуу Евразия континентине да чыгат. Ошону менен катар заман талабына ылайык, социалдык түйүндөрдө, YouTube, Facebook, Instagram`дарда да биздин жүз миңдеген катталуучуларыбыз бар.

Эң башкысы, биздин көрсөтүүлөрүбүздүн дээрлик 70 пайызын өзүбүз өндүрөбүз. Андыктан New TV толук форматтагы кадыресе чоң телеканал болуп эсептелет. Анткени бизде таңкы көрсөтүүлөрдөн тартып, маданият, спорт, бир нече автордук программалар жана ар саат сайын обого түз чыгып турчу жаңылыктар программалары бар.

– Бүгүнкү телеканалдардын багыты, көз карашы көрөрмандарга бештен белгилүү. New TV калыс, орток көз карашты карманат деп жатасыз. Андай болуш кыйын...

– Албетте, кыйын. Анткен менен биз алгач обого чыкканда эле көрүүчүлөрүбүзгө нейтралдуу болобуз деп убада кылганбыз. Мүмкүн болушунча биз ошол абалды сактап келе жатабыз. Болгонун болгондой көрсөтүп, боёксуз маалыматтарды бергенге аракеттенип келебиз. Балким, ошол туругубуз үчүн кайсы бир деңгээлде батыраак өз аудиториябызга ээ боло алдык. Биз ар дайым калыс, нейтралдуу болуп, коомдогу болуп жаткан оң-терс көрүнүштөрдү так чагылдырсак деген максаттабыз. Негизи телеканалдар коомдун күзгүсү эле эмес, агартуучулук милдетти да кошо алып кетишибиз абзел. Жашоо турмушубуздагы айрым кемчиликтер менен ката жактарыбыздан канткенде арылабыз деген сыяктуу көрсөтүүлөр көбүрөөк болушу шарт.

– Телекөрсөтүүлөр жөнүндөгү мыйзамдардын аткарылышы азыр кандай абалда?

– Бул маселе дале курч бойдон калууда. Дээрлик көпчүлүк жеке телеканалдар тийиштүү мыйзамды аткарбай келишүүдө. Биз мыйзамда жазылган талаптарга толук баш ийебиз жана так аткарып жатабыз. Биздин көрсөтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде жана 70 пайызы өздүк өнүм. Тилекке каршы, мыйзам талабына жооп бербеген көпчүлүк телеканалдарга тийиштүү мамлекеттик органдар катаал чараларды көрүп, акыркы чечимдерди чыгарбай жатышат. Антпесе мыйзам баарына бирдей иштебей атаандаштыкка доо кетип жатат.

– ММКларда айтылган маалыматтарга мамлекеттик органдардын, коомчулуктун реакциясына оюңуз кандай?

– Эми бул жагы жагдайга жараша болуп жатат го. Дегеним, азыр ММКлардан сырткары социалдык түйүндөр аркылуу көп нерселер бат чагылдырылып жатат. Коомчулук ошого көбүрөөк ыктап баратат. Бирок анын терс жактары аябай көп. Алар көбүнчө жалган, такталбаган маалыматтарды фейк кылып таркатып жатышпайбы. Анан ага коомчулуктун башы айланып, ишенип-ишенбей калышууда. Өкүнүчтүүсү, социалдык түйүндөр ММК катары кабылданбаган соң мыйзам чегинде чара көрүлбөй калып жатат. Бул нерсе ММКларга абдан терс таасирин тийгизүүдө. Анткени интернеттеги маалыматтарга көпчүлүк терең ишенип алышат.

– Бул маселе жеке эле бизде эмес да...

– Мен өткөн жумада Европанын бир катар өнүккөн өлкөлөрүнө барып келдим, атап айтканда, Чехия, Италия, Францияга. Анан кайтып келе жатып Украинада болдум. Алардын эли жалганга азгырылбайт жана жалганды бизчелик айтышпайт. Жалган айтуу көпчүлүккө жат көрүнүш. Андыктан интернетке дээрлик туура жана далилдүү нерселер жайгаштырылат экен. Бизде, тилекке каршы, тескерисинче. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, Европадагы телеканалдардын материалдык, техникалык базасы бизден бери дегенде жыйырма жыл алдыга кетиптир. Башкасын айтпай, бизге жакын болгон Украинага эле келсем, алар да бизден жети-сегиз жыл алдыда экен. Киевде эки күн болуп, алдыңкы телеканалдарга кирип көрүп, бир катар жолугушууларды өткөрүп чыктык. Алардын бизге окшоштугу – эки ирет ыңкылап жасашты. Анан сөз эркиндиги биздегидей абдан эле эркин. Окшоштугубуз көп. Буюрса, биз дагы быйыл заманбап, келечектин телесине ылайыкталган атайын өзүнчө жаңы имарат курууну пландап жатабыз. Заманбап көрсөтүүлөрдү тарта турган чоң студияларды курабыз. Кудайга шүгүр, эки жылга жетпеген аралыкта жакшы өсүштөргө жеттик. Алдыга мындан дагы эки эсе чоң максаттарды коюп жатабыз.

– Биздеги сөз эркиндигин абдан эркин дедиңиз. Бүгүнкү күндө деле ММКларды миллиондоп сотко берүүлөр, бийлик башындагылардын жыйналыштарына ММКларды бөлүп чакыруу, киргизбей коюулар көп эле болуп жатпайбы?

– Тилекке каршы, сиз айткан көрүнүштөр бар. Соттошуулар мыйзам чегиндеги эле көрүнүш. Кандай гана ММК болбосун эң оболу терең изилдеп, так далилдер менен маалымат таратуу абзел. Тескерисинче, биздин өзүбүздөн да кээде ошондой катачылыктар кетип калууда. Мен кызматкерлерибизге дайым айтам, «бардык маалыматтар эки тараптын пикирине дал келсин, бир жактуу болбогула, тактагыла» деп.

Ал эми бийлик жетекчилеринин жыйналыштарга бөлүп чакыруусу же киргизбей коюусу бул абдан кейиштүү. Жакында эле биздин телеканалды өкмөттүн отурумуна чакырбай коюшту. Силердин гезитти да өгөйлөй башташты. Бул туура эмес. Мен дароо эле «туура эмес кылып жатасыңар» деп тийиштүү органдарга айттым.

Эч качан ММКларды бөлүп, өгөйлөбөш керек. Баары жакшы болсо неге жашырышат, демек, жаман жактары көп. Андыктан элге, коомчулукка чыгып кетпесин дешип чочулашып, коркуп, киргизбей, чакырбай жатышат. Андай болбойт! Тескерисинче, кандай гана бийлик болбосун балээнин баарын ошондо көрөт. Эч качан журналисттерди таарынтып, өз-жатка бөлүп кыжырына тийбеш керек. Биздей ачык демократиялык укуктук коомду курабыз деген өлкөдө андайга жол жок.

– Азыркы бийликке, оппозицияга көз карашыңыз кандай?

– Экөөсүнө тең бирдей түз көз караштамын. Туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп ачык эле айтып келе жатам. Чынын айтсам, азыр бизде күчтүү оппозициячы жок. Болгону оппозициялык маанайдагы саясатчылар бар. Бул жакшы эмес. Анткени ар дайым күчтүү, эл ээрчиген оппозиция болбосо бийликтегилер элди этибарга албай, каалагандай калчай баштайт. Бийликти айтсам, президент азырынча олуттуу чоң каталарга жол бере элек. Ал эми өкмөт бир аз чабалыраак иш алып барууда...

– Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматта бир жылдан ашык убакыт иштеди. Бул аралыкта ишинен оң көрүнүштөрдү байкай алдыңызбы?

– Мамлекет башчысы катары бир жыл ичинде өлкө тагдырын тездик менен бир нукка бура салуу же элдин турмушун жакшырта салуу мүмкүн эмес. Анан да азыркы Баш мыйзамга ылайык, экономиканы жана бардык ички саясаттын дээрлик бүт баарын өкмөт аныктайт жана жүргүзөт. Андыктан президенттин ыйгарым укуктары мурунку президенттердикиндей кубаттуу эмес, чектелүү. Ошого карабай Сооронбай Шарипович туруктуу, омоктуу иш алып барууда. Жеке мен өзүм Сооронбай Шарипович менен бир нече жолу жолугушуп сүйлөшүп, пикир алыштым. Президент катары алты жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштерди жасай турган көптөгөн ой-максаттарын өзүнөн угуп келе жатам. Айрыкча таза, татыктуу кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу, коррупция менен талбай күрөшүү, элет элинин жашоо шартын жакшыртуу сыяктуу аракеттери колдоого арзыйт. Андыктан келерки жылдан тартып президенттин иш-аракеттерине баа берип баштасак болот. Бүгүн бир аз эртерээк...

– Бакиев президент болгондо Акаев, Атамбаев президент болгондо Бакиев чет жакта качып жүрүшкөн эле. Атамбаев бул «салтты» өзгөртүп, өлкөдө кала алды. Ал эле эмес, учурдагы бийликке оппозициялык маанайда шайлоодо партиясын баштап чыкканы жатат. Мындай абалда иштөө президент Жээнбековго оңой болбосо керек. Кандай ойлойсуз?

– Ачык айтсам, мурдагы эки президент өлкөбүздөн сыртта жүрүшкөндүктөн экс-президент Атамбаевге иштеш кыйла жеңил болду. Анан да Алмаз Шаршенович өлкөдөгү бардык терс көрүнүштөрдү ошо Акаев менен Бакиевге төңкөп салып, өзүнүн иши жакшы жүрүшпөй жатса эле «эски бийликтегилер күнөөлүү» деп жүрдү. Ал эми Сооронбай Жээнбеков ушуга дейре эски бийликти кескин сынга албастан, аларга күнөө койбой иштеп жаткандыгы көңүл жубатат. Анткен менен Сооронбай Шарипович дале болсо Атамбаевдин кадрларынан арыла элек. Анан албетте, кыйын болот. Негизи эле Атамбаев «Эрдик кылсаң сүрө кыл» дегенчелик болбоду. Кызматтан кеткенден кийин тынч, жай турмушун кылса болмок. Тескерисинче, «Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тарттың» дегенчелик болду. Тынч жатпай, жаңы президенттин ишине кийлигишип, акыл үйрөтүп, тең ата башкарууну көздөгөнү өзүнө мүшкүл иш болду.


Кубан Жумамидинов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан