Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«АПА, МЕНИ ТАШТАП КЕТПЕЧИ...» Кыргызстанда 119 миңден ашык баланын ата-энеси миграцияда

№853 7-13-март, 2019-жыл


Өлкөдө 119 миңден ашык баланын атасы да, энеси да миграцияда. 259 миң баланын атасы же энеси мигранттар. Кыргызстанда 750 миңге жакын жаран миграцияда. Бул ЮНИСЕФ атаган сандар. Өлкөдөгү жумушсуздук, экономикалык абалдын оордугу мигранттардын санын өстүрүүдө. Ал эми миграция кароосуз калган балдардын санын арттырып жатат. Көр оокаттын айынан чет жерге кеткен ата-энелер көбүнчө балдарын туугандарына же интернатка ташташат. Мигранттардын балдары ата-энелүү балдарга караганда катаал мамилеге жана зомбулукка көбүрөөк кабыларын жаңылыктардын криминалдык бөлүгүн толуктаган кабарлар да тастыктап жатат. Миңдеген мигранттардын балдарынан алыс жашоосун бир мисал менен чагылдырып бергибиз келди.


«КЫЗЫМДЫ ЖАНЫМА КОЛЯСКАГА ОТУРГУЗУП КОЮП ИШТЕДИМ»

26 жаштагы Гүлсүнай Алманбетова жашоо шарттын начардыгынан улам 1 жаштан эми өткөн наристесин таштап Түркияга кетүүгө мажбур болгон. Кусага, ыйга толгон күн менен түндөрүн каарманым мындайча баяндап берди:

– Мен 2014-жылы башка айымдарга окшоп үй-бүлө түтүнүн булатып бактылуу болуу максатым менен турмушка чыккам. Бирок өмүрлүк жарымды туура эмес тандаган окшойм. Ал кумар оюндарына азгырылып үй-бүлөнү караган жок. Өзүнүн тапкан акчасын, айрым учурда менин акчамды да ошол оюндарга жумшачу. Күйөө келечекти түзүп бергенге жарашы керек. Менин окуямда андай болгон жок. Жадакалса жумурткага акча таппай калган күндөрүм болду. Кош бойлуу учурумда да, төрөттөн кийин да тынбай иштөөгө мажбур болдум. Кош бойлуу кезимде врачтар мага иштөө кооптуу экенин айтышкан. Бирок күнүмдүк турмуш үчүн каражаттын жоктугунан бир фабрикада таштандыларды иреттеп иштегем. Бир ирет ичимдеги түйүлдүк кыймылдабай калды. Анда да дарылануу менен катар иштеп жүрдүм. Жумуштан кеткенден эки күндөн кийин кызымды 7 айлыгында төрөдүм. Төрөттөн кийин бир айга жетпей кайра жумушка чыктым. Такма жалаяк сатып алууга акча табышым керек эле. Башында пирожки жасап эжемдерге жардам берип иштеп жүрдүм. Кийин Бишкектеги «Ош базарында» самса бышырган жерде картошка, эт, пияз туурап ашпозго жардамчы болуп иштедим. Жумушка кызымды алып алчумун. Ал жанымда коляскада отурчу. Ошол жактан бешикке бөлөп уктатчумун. Акча баары бир жеткен жок. Бирине тартсам, экинчисине артпайт. Дайыма ушинтип жашап жүрө бербейм да. Кызымдын келечегин түптөш керек. Айла жок наристемди апама таштап Түркияга кетүүгө мажбур болдум.


«2 ЖЫЛ ИЧИНДЕ КЫЗЫМ МЕНЕН АШЫП КЕТСЕ 5 ЖОЛУ СҮЙЛӨШТҮМ»

– 2016-жылы Түркияга кеттим. Анда кызым 1 жаш 2 айга толгон. Мен кеткенден кийин кызымды жолдошум алып кетип, өзүнүн ата-энесине таштаптыр. Алар мени кызым менен сүйлөштүрүшкөн жок. 2 жыл ичинде кызым менен ашып кетсе 5 жолу сүйлөштүм. Кийим-кече жөнөткөнүмдө апам аны жеткирип барып, ошондо телефон аркылуу сүйлөштүрөт.

Азыр Түркияда жупка жасап, сатып иштейм. Наристеме мээрим төгө турган учурда ач курсактын, жетишпеген жашоонун айынан аны таштап талаалап жүрөм. Башкалардын балдарын көрүп өзүмдүн наристемди эстейм. Кызымды ар бир секунд сайын сагынам. Сагынып түнкүсүн зарлап ыйлап жүрүп 2 жыл өттү. Кыйналганымда мамлекеттин жарандарына кам көрбөгөнү үчүн кейип кетем.

Азыр кызымды жаныма алып кетүү үчүн документтерди бүтүрө албай жатам. Жолдошум экөөбүз нике кыйдырып, расмий ЗАГСка катталбай эле үйлөнгөнбүз. Түркияга кеткенимде ал телефондон мага талак берген. Бирок өзү мен жок эле экөөбүздү ЗАГСка каттатып коюптур. Бул ишти кантип жасады, билбейм. Кызыма башында күбөлүк алган эмесмин. Атасы күбөлүк алып, ал жакка атасы катары өзүн жаздырыптыр. Эми кызымды алып кетиш үчүн анын уруксаты керек. Ал уруксат бербей жатат. Ушул иштерди бүтүрөйүн деп Кыргызстанга келгем. Кызымды алайын деп чоң ата-чоң энесиникине барсам, анын бети-башы кир экен. Мага шыр эле «апа, мага трусы алып бериңизчи» деди. Ушул сөзүн эч унутпайм. Кичинекей кыз кандай шартта жашаганын айтып бере албайт. Мен да өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин айта албайм. Азыр кетем деп калсам, кызым «мени таштап кетпечи» деп жатат.


Бул бир гана эне-баланын тагдыры. Бул наристеге окшоп ата-эне мээримине зар наристелердин саны жүрөк оорутарлык көп. Ар бир бала бактылуу жашоого татыктуу. Андай жашоону түзүп берүү биздин, чоң адамдардын милдети. Чачылганды жыйнап, ата-эне менен балдардын бир чатыр алдында жашоосуна шарт түзө албаган мамлекет өзүнүн алсыз экендигинен кабар берет.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(14)
11.03.2019. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
04-12-2018
Соӊку аракети:
18-03-2019 18:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Искусство
+19
Мигранттын акчасына семирип эле баратышат же жарылып тынбады ушу "жегичтер".
Ушинтип эне - баланы зар какшатып отуруп, "светтин акчасын көтөрөбүз" дегендери сыздатат да. Бир күн тешип чыгаар...
Кыргызымды колдой көр, Жараткан.
11.03.2019. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
290
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
18-03-2019 17:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+11
Surotchu-kyz,эркектер жоопкерчиликти алса мындай окуялар болбойт.Ар бир эркек оз уйбулосун камсыздаса ,тентиген катындар азаят,уйундо мээрим тогуп ,кызын эркелетип ,тамак жасап отурат.
11.03.2019. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
18-03-2019 19:23
Жынысы:
Белгисиз
+12
Наалат ушул чондоргомиллион миллиардлап элдин акчасын жеген
11.03.2019. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
25-04-2010
Соӊку аракети:
18-03-2019 15:46
Жынысы:
Белгисиз
+13
Менин да эжем 3 баласын таштап чет жерде иштеп журот, айла жок балдарын багыш керек. Балдары аябай мамасын сагынышат. Озу медсестра, айлыгы болгону 7000 сом. 7000 сом менен 3 баланы бага албайсын да
12.03.2019. 17:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
05-09-2013
Соӊку аракети:
17-03-2019 18:11
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай буюрса баары жакшы болот, дай мне силы Аллах...
12.03.2019. 23:36 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
17-03-2019 23:34
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жараткан ар бир үй бүлөөнүн эркектанасына уят, намыс берсин.Аракеч ,кумарпоз эркектердин айынан келин кыздар тентип жүрөт
13.03.2019. 00:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
24-04-2018
Соӊку аракети:
18-03-2019 18:41
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз дагы бактылуу болгубуз келет айымдар. КЫРГЫЗДЫН чыныгы мырзалары азайып саны жоголуп бараткансыйт.Намыскөй,туруктуу, үй бүлөөсүн жоопкерчилигин билген .Аманатка кыянаттык кылбаган.Кыргыз жигиттери кайдыгер болбогулачы...!!!
13.03.2019. 00:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
588
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
16-03-2019 20:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп алып журогум ооруп уктабай жатам! «Апа маг трусы алып берчи!», дегенин укканда. Кайра жарашып алчы
13.03.2019. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
290
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
18-03-2019 17:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+9
Автор мага жаз,сага юрист керек, сен жок Загс алып каттатканы мыйзамды бузганы.Куйоон да кызматкерлер да жооп берет.Сен озун живой ошол жерде туруп Загска соглашение кол коюшун керек эле.Азыркысы жарабайт,мыйзам сен тарапта.Документалдуу балдар сенин атына отот.
13.03.2019. 17:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
290
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
18-03-2019 17:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
meni_kut,сенин база данныйында кайсы числодо чыгып кетип,кайсы куну киргенин бар, сен жок кезде ал сенсиз Загс алганына ушуну мн доказать этсе да болот.
15.03.2019. 13:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
18-03-2019 18:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+2
meni_kut,ошентип жардам берип койчу.
13.03.2019. 15:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
03-08-2013
Соӊку аракети:
18-03-2019 18:59
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коррупция болсо каякта онугот, Бир келинди кордум ажырашкан, квартирада жашайт шаарда кафеде иштейт, баласын огой кайненесине таштаптыр,баланы жанына алып албайсынбы садикке берип десем садик да 5мин сурайт экен дейт паракорлор
14.03.2019. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
18-07-2018
Соӊку аракети:
14-03-2019 16:04
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тилекке каршы мен да жакын адамдарымдан узактамын, сагындым... Уйго кете турган кун качан келет деп кутуп журом:((
16.03.2019. 15:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
17-03-2019 15:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Э мындай окмот ойлонбойбу деймго эл жумуш жок болсо кайдан акча таап жашап жатат депчи? Же булардын козуно корунбойбу эл жашоосу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21972;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: