АВАС

«Унута албайм», «Айганыш», «Кошуна кыз», «Ыраазымын» аттуу ырлары менен мектеп курагындагы жаш кыздардын сүйүктүү ырчысына айлана баштаган Авас Акимов менен тааныштырабыз.

Авас 1990-жылы 1-мартта Өзгөн районунун Кызылтоо айылында төрөлгөн. Музыкадан тышкары спортко кызыгат. Учурда М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда улуттук аспаптар бөлүмүндө 1-курста окуйт.

– Авас, ыр дүйнөсүнө аралаша баштаганыңа канча болду?
– Мен 7 жашымдан бери ырдап, ыр менен жашап келем. Биздин үйбүлөдө ырчы деле жок. Бирок, таенем жакшы ырдачу, менимче, ырчылык таенемден өтсө керек. Ал эми 12 жашымда «Сыймык» тобуна келип, атамдын колунда тарбиялана баштадым. Атам менен жүрүп, чыгармачылыктын өйдө-төмөнүн жакшы эле түшүнүп калдым. Мектепте 9-классты аяктагандан кийин М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, азыр ошол жакта окуп жаткан кезим.
– Демек, Сыймык Бейшекеевди ата дейт турбайсыңбы?
– Ооба, биринчи келгенимден бери мага ата болуп келатат. Эмнегедир байке деп айта алган эмесмин. Анын үстүнө, мага өз баласындай камкор мамиле кылса, ата дегеним эле туура го.
– Сыймык байкеге кантип келгениң тууралуу кененирээк айтып берсең?
– Баарына эле белгилүү болгондой, атам таланттарга колдоо көрсөтүү максатында «Биз элдик таланттарды издейбиз» деп конкурс уюштуруп жүрүп, биздин айылга барган болчу. Ошондо ырдатып көрүп, көп таланттардын арасынан мени тандап алган. Албетте, алгач ата-энемден уруксат алып, мени тарбиялоо үчүн шаарга алып келген.
– Айылдан шаарга келгенде кыйынчылыктар болдубу?
– Жашоо жагынан эч кыйналган жокмун. Анткени, үйдө бардык шартым, каалаган тамак-ашым, кийимим бар, анан эмнеге кыйналам. Мени өз баласындай эркелеткен Нурзада апам, бир туугандай күйүмдүү ини-карындаштарым турганда кыйналмак турсун өзүмдү бактылуу сеземин. Ошондой эле айылымды сагынганда айылга ата-энеме барып турам. Бирок, окуу жактан кыйналдым десем болот. №67-гимназия мектебинде окудум. Айылдан келгенден кийин орусча жакшы билбей, орус тил жагынан кыйналдым. Чынымды айтсам, мектепке жаңы келгенде «3кө» окучумун. Мектепти бүтөөр­гө жакын окууга жакшы жетишип калдым.
– Сен өзүң да ыр жазасыңбы?
– Ооба, мага тиешелүү бир-эки ырым бар. Ошондой эле ыр жазуудан тышкары аранжировка да жасайм.
– Сен азыркы жаштардай продюсер менен иштешкиң келеби?
– Жок, себеби, менин атам мен үчүн зор продюсер. Андан артык продюсер таба албайт болушум керек.
– Жактырган кызың барбы?
– Жактырган кызым жок. Бирок, дос кыздарым бар.
– Бош убактыңда кантип эс алганды каалайсың?
– Кыргыздын баласы болгондугумдан, ат минип, тоодо эс алгым келет.
– Алдыда кандай пландарың бар?
– Буюрса. музыкалык билим менен эле чектелбей, дагы бир чоң окуу жайды бүтүрүп, дагы бир жакшы кесиптин ээси болгум келет. Кыргызда «жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дейт эмеспи.

Маектешкен Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан