4-мартта Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Атамбаевден Жээнбековдорго ооп кеткен тобу саясий кеңештин жыйынын өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. "Жыйындын жүрүшүндө буга чейин кабыл алынган чечимдер легитимсиз деп табылды" дейт КСДП фракциясынын лидери. Башкача айтканда, бул күнү чогулгандар Кожобек Рыспаевдин, Сагынбек Абдрахмановдун жана Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышын легитимсиз деп табышкан. Өмүркуловдун айтымында, саясий кеңештин жыйынына өзү менен катар Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Марат Аманкулов, Гүлкан Молдобекова, Жылдыз Мусабекова, Искендер Матраимов, Төрөбай Зулпукаров, Чыныбай Турсунбеков жана башкалар катышкан. “КСДП 3-апрелде кезектеги съездди өткөрүү чечимин кабыл алды. Партиянын жетекчилерин алмаштыруу жана башка маселелерди съезддин катышуучулары чечет. Кечээги өткөн саясий кеңештин жыйынында кворум болду",- дейт Өмүркулов. Ошол эле күнү “КСДП Атамбаевсиз” деп ураан таштап жыйындарды уюштуруп жүргөн Сагынбек Абдрахманов өзүнүн социалдык баракчасына 3-апрелде партиянын съезди болот деп жарыялады.
5-март күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП партиясы депутат Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө жооп кайтарып маалымат жыйынын өткөрүштү. Партиянын юристи Нурбек Касымбеков 3-апрелде аталган партиянын съездин өткөрүү регламентти бузуу болуп эсептелет дейт. "Өмүркуловдо өзүм билемдик менен партиянын съездин өткөрүүгө укук жок. Анткени ал партиянын мүчөсү дагы, төраганын орун басары дагы эмес. Бул жерде ал элдин жана журналисттердин башын айлантып жатат. Съезд тууралуу КСДПнын катчылыгы коомчулукка билдирүү жасайт. Ал эми биздин партиянын 3-апрелде боло турган съезди тууралуу маалыматы да жок. Себеби биз 6-апрелде КСДПнын съездин өткөрүүгө даярданып жатабыз",- дейт Касымбеков. Эске салсак, былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасады" деп өз курамынан чыгарган.
Буга чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын шаардагы жыйыны март айында, ал эми КСДПнын съезди 6-апрелде болорун билдиришкен.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg