«БИР ТУУГАНДАРЫМДЫ ТАПКЫМ КЕЛЕТ»

Издейм сени

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер аз эмес.

– Өзүм Алай районунун Сопу-Коргон айылынан болом. Алты бир тууганмын. Түбүм Ноокаттан. Мен 5-класста окуп жүргөндө ата-энем ортодогу келишпестиктерден улам ажырашып кетишкен эле. Ошондо апам бизди төркүнүнө, Алайга алып келе берген. Кийин 2008-жылы Орусияда жүргөнүмдө атам өзү мени издеп таап, жолуккан элек. Учурда атам экөөбүз телефон аркылуу гана байланышып турабыз.
“Эл сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас жылкы болбос” дегендей чоңойгон сайын туугандарыңды таап, жакшылык-жамандыгыңды тең бөлүшкүң келет. Ошондуктан сиздердин гезит аркылуу бир туугандарыбызды тапкыбыз келип, кайрылып отурабыз.
Биз атамдын үчүнчү никесиненбиз. Атамдын биринчи никесинен Төрөева Патилла аттуу эжебиз бар экен. Энеси өзбек улутунан.
Ал эми экинчи никесинен Төрөева Нуржамал жана Төрөев Нуржандыр деген бир туугандарыбыз бар. Эжебизди Араван районуна турмушка чыккан, ал эми агабыз Нуржандырды Москвага барып-келип иштейт деп укканбыз.
Мындан сырткары сүрөттө көрсө­түлгөн аталаш бир туугандарыбызды, 1989-1990-жылы туулган Төрөев Медерди жана Төрөева Мээримди издеп тапкыбыз келет. Үчүнчүсүнүн аты эсибизде жок. Булар Таалай уулу же кызы болуп катталышы да мүмкүн. Алар менен байланышпаганыбызга 10 жылдан ашыптыр. Чоң энебиз атайын бизди чогултуп, сүрөткө түшүргөн экен. Бизде булардын жалгыз гана сүрөтү сакталып калыптыр. Балким, сүрөттөн өзүлөрүн көрүп таанышып, биз менен байланышат деген терең ишеничтемин.
Биздин бир боорлорубуз, силерден жагымдуу жаңылык күтөбүз.

Нургазы жана Нурмухаммед. Бишкек шаары.
т.: 0778 826285, 0778 053420.


“ГРУППАЛАШТАР, БАЙЛАНЫШКЫЛА”
– Cаламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезитинин жамааты! Мен 1999-жылы Бишкек жогорку коммерциялык колледжинин финансы жана укук адистигинин 17 “А” группасынан бүтүргөн группалаштарымды издейм. Окуу жайды бүтүргөндөн бери эч кимиси менен кабарлаша элекмин. Бул окуу жайда өткөргөн күндөрүмдү эстеген сайын группалаштарымдын элеси көз алдыма тартылат. Алар менен өткөргөн ар бир мүнөт кызыктуу болчу. Алардын кээ бирлеринин атын атай кетсем, Шейшен уулу Мурат (Талас), Ишеналиев Кубаныч (Нарын), Акелов Чынарбек (Беловодск же Сокулук), Калпаков Данияр (Бишкек), Астаркулов Анвар (Бишкек), Жолдошбаева Нургиза (Бишкек), Токсумбаева Кенжегүл (Бишкек), Адын кызы Замира (Ош), Курманкулова Назгүл (Талас) жана башкалар. Чогуу түшкөн сүрөттөрүбүздү карап отуруп, “булар кайда, эмне кылып жүрүшөт болду экен? ” деп көп ойлоном.
Группалашташтар, келгиле, кайрадан чогулуп, өткөн күндөрдү эске салып, чер жазышалы.

Тургуналиев Замирбек Оросбекович, Аксы району, Авлетим айылы.
Электрондук дарегим:
zturgunaliev@mail.ru
т.: 0777 296345, 0557 120500.


«ЭЛМИРА, КАЙДАСЫҢ?»
– ОшТУда окуган айдаркендик Элмираны издейм. Элмира экөөбүз жакын тааныштардан элек.
Элмира, сени менен шартка байланыштуу байланыша албай калдым. Мага кабарыңды билдир же СМС-билдирүү жазчы, суранам. Мындан ары тыгыз байланышта бололу. Бул мен үчүн өтө маанилүү.

Канатбек Исмаилов, Москва шаары.
т.: 79250777182, 79268769727.


«АСЕЛ ТАЕЖЕ, ТАЕНЕМ СИЗДИ КӨРСӨМ ДЕП...»
– Мен таежем Тентиева Аселди издеп жүрөм. Ал 1977-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Асел таежем 1 айлык кезинде таякем менен таажеңем ажырашып кетишиптир. Таажеңем Мая канттык болчу. Ошол боюнча алар менен байланышыбыз жок.
Бир таанышыбыз таежем Аселди Казармандагы китепканалардын биринен көргөнүн жана апама аябай окшош экенин айткан эле. Ал кезде таежем 10 жаш чамасында экен.
Асел таеже, сизди издеп жатканыбызды билсеңиз, анда сөзсүз биз менен байланышыңыз. Биз сизди көргүбүз келет. Жок дегенде эжелериңиз Айгүл, Нургүл менен байланышып коюуңузду өтүнөм. Таенем “Аселди көрүп өлсөм арманым болбос эле. Сөзсүз издеп таап, катташып тургула” деп жүрчү. Буйрук экен, сизди көрбөй өтүп кете берди. Атаңыздын, таякемдин да көзү өтүп кеткен. Таенемдин аманатын аткаруу үчүн сизден үмүт үзбөй издеп келем.

Жээниңиз Элмира.
0778 71-37-79, 0543 03-55-50, 0777 99-74-29.


АВСТРИЯДАН КАТ
– Мен 1983-жылы туулган Кожомуратов Акылбекти издеп тапкым келет. Ал экөөбүз август айында “Супер-Инфо” аркылуу таанышкан элек. Бат эле жылдызыбыз келишип, жакын адамдардан болуп калганбыз. Анан чукул арада Орусияга кетүүгө туура келип, ага айтпай эле 1-сентябрда шашылыш жөнөп кеткен элем. Ал жакка баргандан кийин да телефон аркылуу байланышып турдук. Кийин 2009-жылдын февраль айында Кыргызстанга келип, аны издеп таппай калдым. Ал Бишкекте жашап, ошол жерде иштечү. Мага берген номуру өчүрүлгөн экен. Анын жашаган жерин же машинасынын номурун да билбейт экенмин. Ошентип, экөөбүз бири-бирибизди жоготуп алдык. Балким, ал да мени Айгуля деп издеп жүргөндүр. Анткени мен өз атымды жашырып, Айгүл деп таанышкан элем.
Акылбек, эгер сени издеп жатканымды окусаң, анда сөзсүз мага байланышка чык.

Электрондук дарегим: milli.meridina@gmx.at
т.: +43 650 4191124 (уюлдук), +43 732 944210 (үй).


«АКЫЛБЕК, МАГА ЧАЛ»
– Мен 1983-жылы туулган Кожомуратов Акылбекти издеп тапкым келет. Ал экөөбүз август айында “Супер-Инфо” аркылуу таанышкан элек. Бат эле жылдызыбыз келишип, жакын адамдардан болуп калганбыз. Анан чукул арада Орусияга кетүүгө туура келип, ага айтпай эле 1-сентябрда шашылыш жөнөп кеткен элем. Ал жакка баргандан кийин да телефон аркылуу байланышып турдук. Кийин 2009-жылдын февраль айында Кыргызстанга келип, аны издеп таппай калдым. Ал Бишкекте жашап, ошол жерде иштечү. Мага берген номуру өчүрүлгөн экен. Анын жашаган жерин же машинасынын номурун да билбейт экенмин. Ошентип, экөөбүз бири-бирибизди жоготуп алдык. Балким, ал да мени Айгуля деп издеп жүргөндүр. Анткени мен өз атымды жашырып, Айгүл деп таанышкан элем.
Акылбек, эгер сени издеп жатканымды окусаң, анда сөзсүз мага байланышка чык.

Майлуу-Суудан Зуура.
т.: 0552 056716.


Сиз качандыр бир кездеги жакын адамы­ңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номуру так көрсөтүлүүгө
тийиш.
Байланыш телефону: 32-33-26

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан