БИР КАТ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН “САБАТТУУЛУГУН” КӨРСӨТТҮ

Социалдык түйүндөрдө бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы болгон Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдогон каты кызуу талкууга алынды. Кат мамлекеттик тилде жазылып, ага чыгыштама номери, мөөр жана төраганын колу да коюлган. Талкууга түшкөн каттагы грамматикалык одоно каталар коомчулукту ойго салды. Мисалга алсак, "премьер-министр" деген сөз "примьер-министр" деп жазылган. Кыргыз тилинде жазылган документтин аягы
"С уважением Д.Джумабеков" деп аяктаган.

Каттагы каталар сындала баштаганда парламенттин басма сөз кызматы билдирүү таратып, актанууга аракет кылды. "Бул катты Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле (кол жазманы мөөр катары басуу) жолу менен коюлган. Сунуш берүүчү мүнөздөгү жөнөкөй документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен төраганын кол тамгасы басылат. Убакыттын тардыгынан улам төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат. Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулат",- деп жазылат маалыматта.
Иш кагаздарын төрага өзү жазбаары түшүнүктүү. Бирок төраганын колу коюлган бул кат Жогорку Кеңештин учурдагы абалын даана көрсөттү.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан