КӨК БӨРҮ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА ЧЫР КҮЧӨДҮ

27-февраль күнү Көк бөрү федерациясынын курултайы өтүп, Жыргалбек Саматов аталган федерациянын президенттигинен кетирилди. Көк бөрү федерациясынын жаңы президенти болуп "Түндүк электр" ишканасынын директору Искендер Кадыркулов шайланды.

Федерациянын президентинин Ысык-Көл облусу боюнча орун басары Канат Хасанов маалымат жыйын өткөрүп Жыргалбек Саматовду бошотуу мыйзамсыз болду деп билдирди. "Кызматтан алуу же кызматка бекитүү алдын ала жыйындын күн тартибине киргизилиши керек эле. Өлкө боюнча федерациянын делегаттарынын жок дегенде жарымынан көбү катышышы керек болчу. Бирок андай болгон жок. Биринчиден, күн тартибине жаңы президент шайлоо киргизилген эмес. Экинчиден, жыйында 60-70 гана делегат отурду. Жалпы республикада 300дөй делегат бар. Демек, 150дөн ашык делегаттын катышуусусуз өткөн шайлоо легитимсиз. 60-70 делегаттын жарымы да Саматов сөз сүйлөгөндөн кийин аны менен кошо чыгып кетишти. Калган 30 делегат менен кантип шайлоо өтмөк эле?”- деп суроо салат Хасанов.

Саматов да курултайды легитимсиз деп айтып, ал курултай эмес, жөн гана жыйын болгонун билдирди. Ал күнкү курултайга Көк бөрү федерациясынын экс-президенти, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев, федерациянын вице-президенти, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев катышкан.

Жаңы шайланган президент Искендер Кадыркулов УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун бир тууган агасы.
Дал ушундай ысым укук коргоочу Нурбек Токтакунов президенттик шайлоо алдындагы талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын кассасы деп жарыялаган документте кездешет. Ал файлда дал ушундай Искендер Кадыркулов ысымдуу адам президенттикке талапкердин кассасына 1 миллион сом кошкону көрсөтүлгөн.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан