БИР БҮРКҮМ. АР БИР ТӨРТҮНЧҮ БАЛА НИКЕСИЗ ЖАРЫККА КЕЛЕТ
КТРКнын башкы директорлугуна Жайнак Үсөн уулу шайланды. Ал буга чейин НТС телеканалын жетектеп келген.
Улукбек Самыйбеков премьер-министрдин буйругу менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын консультациялык кеңеши түзүлдү. Төрагалыкка Медеткан Шеримкулов, Аткаруу комитетине башчы болуп Акматбек Келдибеков шайланды.
Өлкөдөгү 7 облус, 35 шаар, 40 район башчысынын баары эркек.
Кыргызстандын ички аскерлер түзүмүн Исламбек Кенжекулов жетектейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Жогорку Сот саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгиледи.
4-марттан тартып жол эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар бирдей өлчөмдө айып пул төлөйт.
Парламент комитетинде Германиянын Кыргыз мамлекетине 40,1 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат берүүсүнө багытталган мыйзам долбоору жактырылды.
Кыргызстанда акыркы жылдары ар бир төртүнчү бала никесиз жарыкка келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин "Кыргызстандагы эркектер менен аялдар" аттуу маалыматында айтылат.
Айыл чарба тармагына бир жылда 1 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт.
Мирослав Ниязов Кыргыздын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Кыргыз өлкөсүнүн Бельгиядагы элчиси болуп Муктар Жумалиев дайындалды.
Президенттин жарлыгына ылайык, Мирлан Арстанбаев Кыргыздын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.