Ырчы, актриса Гүлнур Асанова жакында кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү бара бербеген Мальдив аралдарында саякаттап келди. Кубанычы менен бөлүшкөн ырчы керемет жайга ким менен барганын, кантип эс алганын баяндап берди.
– Аралда жалгыз калып, кыйналып жүрүп тирүү калган каармандарды тасмадан көрүп, "аралда калсам эмне болмок?" деп кызыгып койчумун. Ошол нерсени элестетип келсем, бул жакта баары заманбап экен. Деңизде адамдардан чочулабай жайнап жүргөн балыктын түрлөрүн, крабдарды көрүп жомокко түшүп калгандай болот экенсиң. Суунун тунуктугу өзгөчө суктандырды. Кумдун ак түстө болгону да керемет экен. Кокос, манго жерде төгүлүп жатса такыр эле башка көрүнүш. Айтор, биз үчүн экзотика болду. Фихалхохи аралында эс алдык. Курбум Назгүл экөөбүз барганбыз, Мальдив аралдарын көрүүнү көптөн бери эңсеп келгем. Былтыр кышта барабыз деп, тилекке каршы, ишке ашпай калганбыз. Быйыл көптөн бери эңсеп келген кыялым орундалды.