Телекөрсөтүүлөрдүн жүзү катары таанылып келе жаткан жаш алпаруучулардын бири Айпери Адамкулова турмуш жолуна аттанганы турат. Ага сүйүктүүсү сөйкө салып, жакын арада боло турган заманбап тойго даярдык көрүп жатышат.
– Жигитим сөйкө салганга чейин турмушка чыгарымды айтып жарыя деле кылган эмесмин. Туулган күнүмдө сөйкө салышты. Салт боюнча, ата-энелерибиз жолугуп той жөнүндө сүйлөшүштү. Болочоктогу жолдошум Чүйдүн жигити. Ысымы Марат. Мамлекеттик кызматта иштейт, чыгармачылыкка тиешеси жок. Мен башынан эле чыгармачылыктан алыс адамга баш кошсом деп тилечүмүн. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир жылга жете элек. Буюрса, заманбап тоюбуз апрель айына белгиленди,- дейт Айпери Адамкулова.