Ырчы Нурбек Савитахунов жана анын жубайы актриса Альбина Бейшембиева уулу Артур аутизм дартынан жабыркай турганын февраль айынын башында айтып чыгып, коомчулуктан жардам сурашкан. Мындан улам кичинекей Артурдун дарылануусуна каражат чогултуу башталган эле.
“Элге уулубуздун аутист экенин айтып чыгуу үчүн 2 жыл керек болду” деп актриса Альбина Бейшембиева гезитибизге маек берген.
Бул аптада актрисанын жолдошу, ырчы Нурбек Савитахунов уулунун дарылануусуна керектүү болгон 45 миң доллар өлчөмүндөгү каражат чогулганын, буга байланыштуу банктарда ачылган эсептер жабылганын билдирди.
"Альбина экөөбүз жагымдуу кабар менен бөлүшөлү деп турабыз. Сиздердин жардамыңыздар жана атын атагысы келбеген эки меценаттын жардамы менен Артурдун дарылануусун улантуу үчүн 45 миң доллар чогултуу максатыбызга жеттик" деп жазды ал өз баракчасына.