21 жаштагы америкалык модель, "Кардашьяндардын үй-бүлөсү" деп аталган реалити-шоунун катышуучусу жана жеке косметикалык бренддин негиздөөчүсү Кайли Женнер байлыгын өз күчү менен тапкан дүйнөдөгү эң жаш миллиардер аталды. Бул тууралуу 5-мартта “Форбс” журналы билдирди. Анын байлыгы 1 миллиард АКШ долларды түзөт. Бул жетишкендиги менен ал Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергди ашып өттү. Анткени Цукерберг 23 жашында миллиарддер болгон. Белгилей кетсек, жаш миллиардер америкалык актриса, фотомодель Ким Кардашьяндын сиңдиси.