ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн саныбызда)

ТӨШӨКТӨ ТЕЗ МУЗДАГАН ЭРКЕКТЕРГЕ КЕҢЕШ
Убакыттын аз же узак талап кылынышы эркектин жеке жөндөмүнө, чыдамдуулугуна жана эркине байланыштуу болот. Эркек жыныстык катнаш алдында 20 мүнөттөй аялды кучактап, сылап-сыйпап, оозу жана тили менен денесинин ар бир бөлүгүн өөп дүүлүктүрүп, эркелетүүсү кажет. Аялдын кулагына сүйүү сөздөрү куюлуп, жүрөгүндө музыка ойногондо гана дене кумарына болгон эңсөөсү артып, бүт денеси балкып, эркек менен чын дилден кошулууга даяр болот. Негизи, аялды төшөккө даярдабай туруп жыныстык катнашты баштабоо кажет. Биринчи жыныстык катнашты бүткөндөн 20-30 мүнөт өткөндө гана экинчи жыныстык катнашты жасаса, кошулуу узагыраак болот.

“АЛИГИНИ” КЫСЫП МАШЫГУУ
Американын учурдагы атактуу сексопатологдору Уилям Мастерс жана Виржиния Жонсон тез муздаган эркектерге, ошондой эле жубайларга арнап, төмөнкүдөй машыгууларды иштеп чыгышкан:
Бул машыгууда “аял үстүндө” деген ыкма колдонулат. Эркек денесин бош коюп, чалкасынан жатат. Аял эркектин үстүнө чыгып, жеңил ыйкоону баштайт. Эркек бел суусу түшөйүн деп калганда аялга колу менен белги берет. Аял ыйкоону токтотуп, эркектин үстүнөн түшөт. Колу менен эркектин “аспабынын” башын 3-4 секундга чейин кыса кармап, бел суусун түшүрбөй токтотуп калат. Анан 15-20 секунд өткөндөн соң аял эркектин үстүнө кайрадан чыгып, ыйкоону баштайт. Кайра эркектин үстүнөн тез түшө калып, анын “аспабынын” сүмбөсү менен башынын кошулган жерин (моюнун муунтуп) 3-4 секундга кыса кармайт. Мында колдун баш бармагы “алигинин” алдында, калган манжалары үстүндө болот. Бир эле жыныстык катнашта аял эркектин “аспабын” кайра-кайра кысып, бел суусун түшүрбөй 15-20 мүнөткө жеткизиши зарыл. Бул машыгуу 3-4 аптага созулат. “Аспапты” кол менен кыскандан кийин анын чыңалышы бир аз бошой түшүшү мүмкүн, буга көңүл буруунун кажети жок. Ыйкоону баштай берүү керек.

ИЛГЕРКИ КЫТАЙ ЫКМАСЫ
Жыныстык байланыш убагында тез муздаган эркектер кытайлардын бул ыкмасын үйрөнүп, машыгып алышса, аялды дене кумарына жеткире кандыра алат.
Кошулуу маалында эркек бел суусу түшөрүн сезгенде ыйкоону тезинен токтотуп, көкүрөгүн керип, терең дем алат. Ошол дем алуусун токтоткон бойдон оң же сол колунун сөөмөй жана ортончу бармактарынын учун бириктирип, көтөн чучугунун тышкы тешигинин ортосундагы тилкени 3-4 секундга катуу басышы керек. Анан бүт денесин бошотуп, 15-30 секунд өткөндөн соң ыйкоону кайра баштайт.
Кытайлардын бул ыкмасын бир нече жолу колдонуп, бел суусун түшүрбөй 15-30 мүнөткө жеткизүү кажет. Бул машыгууну “эркек үстүндө” же башка ыкмаларда колдонсо да боло берет.

БИРИНЧИ НИКЕ ТҮНҮ
Сүйүү сезими адам баласына гана таандык. Адамдын сезимдеринин ичинен эң күчтүүсү - сүйүү сезими болуп эсептелет. Дүйнөдөгү гениалдуу чыгарманын баары чоң сүйүүдөн жаралган. Бойго жетип турмушка чыгуунун мезгили кыздар үчүн 20-23 жаш, жигиттер үчүн 23-25 жаш курак эсептелет.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kg_ularbek
2011-12-26 04:27:56
ен тууру
0
Rashinboy
2015-08-23 13:32:05
Мен эч кандай машыгуусу жок эле 15-20 минутадай иштейм, аялым ал убакта 2 кээде 3 жолу оргазм алганга жетишет.
0
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан