Баяман Өмүрбек уулу, «Тумар КР» тобунун бийчиси: «БРАЗИЛИЯДА КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮН ТААНЫТЫП ЖҮРӨБҮЗ»

«Тумар КР» тобунун бийчиси Баяман Өмүрбек уулу учурда Бразилияда бий өнөрүн тартуулап жүрөт. «Бизге «кайсы жактан болосуңар?» деп көп эл кызыгат. Кыргыз өлкөсүнүн маданиятын чет өлкөгө тааныткыбыз келет» деген Баяман менен баарлаштык.

– Баяман, көптөн бери Бразилияда жүрөсүңөр. Ал жакта эмне менен алектенип жатасыңар?

– Саламатсыздарбы? Ооба, Бразилияга келгенибизге 5 ай болду. Бул жакка бизди «Тумар КР» тобунун бийчилери Азамат, Саламат Абдрахмановдор менен кошо менеджерибиз Айбек Мирбеков алып келди. Алар бизге бий коюп, формаларыбызды даярдап, продюсерлик кылат. Келгенден бери атактуу адамдар төрөлгөн жерлерде, тарыхый жайларда болдук. Мисалы, Майкл Жексон клип тарткан жерде, футболчулар Неймар, Пеленин туулган аймактарында болдук.

Бул жакка биз бий боюнча Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытуу максатында келгенбиз. Дүйнө жүзүнөн таланттуу адамдар чогулуп, шоу-программалар көрсөтүлөт. Биз ошол адамдарга өнөрүбүздү тартуулайбыз. Биздин бийлерибизди көрүп көпчүлүгү таң калып, «силер кайдан болосуңар?» деп сурашат. Баары эле "биз Кыргыз жериненбиз" десек таанышпайт. Анткени биз бул шоуго катышкан алгачкы кыргыздарбыз. Анан да мени «азиатка окшобойсуң, бет түзүлүшүң европалыктарга окшош» дешет.


– Силер ал жакта «Тумар КР» тобунун атынан чыгып жатасыңарбы? Же топ жоюлганбы?

– Жок, топ ошол боюнча эле. Мен алгач «Тумар КР» тобунда болчумун. Кийин ал топ тараганда Атай байке (ред.: Өмүрзаков) «Адем» тобун түптөп, мен ошол курамга киргем. Бирок кийинчерээк Атай байке өз жумушу менен кетти, мен болсо «Тумар КР» тобума кайтып келдим.


– Топтун түптөөчүсү Атай Өмүрзаков менен иштешип жатасыңарбы?

– Атай байке менен иштешпей калганбыз.


– Сеникиндей оор номерлерди көпчүлүк кайталай албайт. Өнөрүңө кызыгып, иштешели дегендер болобу?

– Ооба, иштешели деген сунуштар көп болгон. Бирок мен «Тумар КР» тобу аркылуу таанылдым. Топтогу балдар менен көп кыйынчылыктарды басып өткөнбүз. Баарыбыз бир туугандай болуп калганбыз. Андыктан топ менен аягына чейин бирге болгум келет.


– Элди таң калтырган номердин артында талыкпаган эмгек бар экенин билебиз. Бий өнөрүнүн түйшүгү тууралуу айтып өтсөң...

– Ар бир жумуштун түйшүгү бар. Менин деле бутум сынган, колум кайрылган учурлар болгон. Ошондо деле алдыга койгон максаттарымды ойлоп, баарын жеңип келем. Жакында эле шоу көрсөтүп жатканбыз. Мен Франкенштейндин ролун ойномокмун. Анда шпагатка отуруп бутумду сындырып, калп эле кыйкырмакмын. Ошол жолкусунда алдын ала даярдыгы жок жасап койгонгобу, бутума күч келип катуу ооруп кетти, чындап бакырып салдым. Эл номер катары кабыл алышты. А бирок бутум чынында ооруп, көздөн жаш чыгып, андан кийин чолоңдоп араң басып жүрдүм.


– Көбүнчө адам жашоосунда жаңы барактарды ачканда чачын боёп, стилин өзгөртүп баштачу эле. Сенин стилиңди өзгөрткөнүңө ошондой чоң себеп болбодубу?

– Мен да стилди гана эмес, жашоомду өзгөртөйүн деп чечтим. Башымдан өткөн кыйынчылыктардан кийин жаңы жашоону баштайын, өзүм өсүп-өнүгөйүн дедим. Ошондуктан да чет жакка кетип калдым. Чет өлкөдө жүргөндүн эмнеси жакшы, эч ким эч нерсе дебейт, "эмнеге чачыңды сарыга боёп алдың?" деп сындабайт. Бул жакта мен көңүлүмө жаккан нерсени жасайм, эркин жашайм. Чачым башында аппак болчу, бирок барган сайын саргайып баратат. Эми кайра ак кылышым керекүлүп).


– Тил жагынан кыйналган жоксуңарбы?

– Бразилияда көпчүлүк португалия тилинде сүйлөйт. Биз аларды чынында түшүнбөйбүз. Бирок жаңсап сүйлөшөбүз үлүп). Балдар өз ара англис тилинде сүйлөп, өздөштүргөнгө аракет кылып жатабыз.


– Мекенди сагынып жаткандырсыңар? Жакын арада Кыргыз өлкөсүнө кайтасыңарбы?

– Ооба, кыргызымдын жытын, манты, оромосун, шоро суусундуктарын сагынабыз. Бирок бул жактын жашоосуна да көнүп баратабыз. Жакынкы планда Европаны кыдырып, ошол жакта өнөрүбүздү тартуулайбыз. Кийин кандай болот, көрө жатабыз.


– Маегиңе рахмат. Мындан ары да ийгилиңер арта берсин!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
PrinsessaNuri
2019-03-18 11:51:13
Молодцы. Кыргызды дуйного таанытып журо бергиле. Атай эмне жумуш кылып жатты экен е
+6
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан