Интернет айдыңында «Жолугалы, гүлүм, жолугалы» деп аккордеон тартып, берилип ырдаган баланы көрдүңүз беле? 4 жарым жаштагы Субан бул видеодон улам элдин сүймөнчүлүгүнө айланды. Интернет жылдызы Субан учурда чоң энесинин колунда Ноокатта жашайт. Андыктан алгач чоң энеси Гүлайым Эрматова менен, андан кийин жигиттин өзү менен баарлаштык.
– Саламатсызбы, Гүлайым эже? Небереңиз сиз менен турабы?
– Ооба, Субан менин неберем. Анын ата-энесин бөлүп койгонбуз, бизге кошуна турушат. Субан дайым чогуу жүргөн үчүн мага көнүп калган. Атасынын үйүнө барбайт.
– Небереңиздин таланты качан байкалды?
– Балам бала бакчада жүргөндө бир агай келип, аккордеон ойноп берген экен. Ошондон бери агайын туурап, аккордеондукундай кылып колу менен ойноп, бала бакчадан үйрөнгөн ырларын ырдай берди. Анан «аккордеон алам» дегенге өттү. Баланын көңүлүн калтырбай Ошко барып аккордеон алып бергенбиз. Кийин интернеттен Бек Борбиевдин ырларын угуп, жаттап алды. Анын ырдаганын көрүп Орусиядан абасы (атасынын агасы) дагы жаңы аккордеон жөнөттү. Эми Субанга ноталарды үйрөтөлү деп жатабыз.
– Видео интернетке кантип тарап кетти?
– Аны ким тартып, жайылтканын билбей калдык. Көчөгө чыксак кошуналар «небереңиз интернетте жүрөт» деп телефондорунан көрсөтүп жатышты.
– Сиздер кайсы жакта жашайсыздар?
– Биз Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылында жашайбыз. Интернетте Субанды таластык бала деп жазып жүрүшөт экен. Ал маалыматты кимдер берген, билбейбиз.
– Тили канча жашында чыккан? Небереңизди тойлорго барып ырдайт дешти, чынбы?
– Тили бир жарым жашында чыккан. Неберем эч нерседен тартынбайт. Биздин аймакта той болсо аккордеонун көтөрүп алып кетип калат. Кээде суранат, кээде сурабай да чыгып кетет. Ал жакка барып ырчыларды туурап аккордеону менен ырдайт. Ал эми телевизордон ырчылар ырдап жатса түбүнө барып алып көрөт.
– Жакшы экен, небереңизге кең келечек каалайбыз!
– Субанбек, ассалому алейкум!
– Уалейкум салам.
– Канчага чыктың?
– 4 жашка.
– Кичинекей болсоң да чоң кишилердин ырларын аткарат турбайсыңбы, ээ?
– Ооба, ырдай алам.
– Кайсы ырды билесиң?
– «Жолугалы, гүлүмдү».
– Анда ырдап берчи.
– Алло, алло, бул сенсиңби, кандай, салам! Ооба, ооба, тааныдыңбы, жүрөм аман... (Бир ырды толугу менен ырдап берди).
– Азаматсың, ырды ким үйрөттү сага?
– Илимбек акем.
– Чоңойгондо ким болосуң?
– Ырчы болом.
– Азамат, тилегиңе жет!
– Макул, жакшы калыңыз!
Гүлжамал Абылкасымова
koom@super.kg