Распутин убагында көзү ачык, табып катары белгилүүлүккө жеткен. Гемофилия менен ооруган Орусия падышасынын мураскерине жардам көрсөтүүнүн арты менен каныша айым Александра Фёдоровна жана император Николай IIнин ишенимине ээ болгон. «Таасири күчтүү болуп кетсе, монархияга залалы тиет» деген кутумчу тарабынан өлтүрүлгөн.
Аны атактуулукка адамдарды гипноздогон көз карашы, ал мүчө болгон диний сектанын таасири (чындыгында, узундугу 30 сантиметрге жеткен “алигиси”) да ээ кылган делет.
ҮЙҮРГӨ КОШУЛУУ
Григорий Ефимович Распутин (1864-1916-жж.) Орусиянын Тоболь губерниясындагы дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлүп-өскөн.
Жылаңач сууга түшүп жаткан кичинекей Гриша кыз-келиндердин эрмеги эле. Алар баланын салаңдап, көзгө урунган узун “алигисин” сөз кылып бүтө алышчу эмес. Андай сөздөр Гришанын кулагынын сыртынан кетпей, эс тарткандан баштап ошол артыкчылыгы менен сыймыктанууга өтөт. Аны үйүргө 16 жашында генералдын аялы Ирина кошот. Аял Гришанын чоң “аспабынын” даамын татуу үчүн 6 кызматчысынын жардамына таянат. Ошондон баштап Григорий кыштактагы кыз-келиндер менен сайран курууну баштайт. Кээ бирлерине өзү тийишип төшөккө чакырса, кээ бир аялдар өздөрү Григорийдин “алигисине” ээк шилтей көз кысышчу.
“Балам биротоло аңги болуп кетпесин” деген атасы Григорийге Просковье аттуу кызды алып берип коёт. Албетте, атасы кыздын сырт келбетин эмес, эркек сымал иштей алуусун баалаган. Ал кезде жалаң дыйканчылык менен жан баккан алар үчүн сулуу кыз эмес, иштерман кыз артык эле. Жубайлар эки кыздуу жана бир уулдуу болушат.
ДИН МЕНЕН СЕКСТИ АЙКАЛЫШТЫРЫП...
Григорий очоктун ээси болгону менен, ыгын келтирип, кыз-келиндерди “сугарганынан” жазбайт. Анын мындай адатын айтып келгендерге аялы “анын күчү баарыбызга жетет” деп узатып турат. Жашоо уланып, Григорий диний сектага мүчө болуп өтөт. Секта жыныстык жактан бузулууга жол берген жагы менен айырмаланчу.
Григорийдин көп нерселерди билүүгө умтулуусу аны акырында Орусияны кыдырууга жеткирет. Ал сапарында өзү кирген диний сектаны үгүттөй баштайт. Ошондуктан сапары таңкаларлык диний жөрөлгөгө катышууну каалаган аялдар менен коштолот. Диний жөрөлгө, чындыгында, сексуалдык оргияны (музыка, ыр менен коштолчу көңүл ачуу) элестетчү. “Динге кызмат кылып жатабыз” деген катышуучулар сыйынуусун төшөктө кошулуу менен аякташкан. Болгондо да шеригин башкага алмаштыруу менен. Мындай жөрөлгөнү аткаруу токойдо, талаада, бастырмада, чатырда да мүмкүн болгону үчүн жеңил болчу. Распутиндин секстин арты менен күнөөдөн арылуу теориясы миңдеген аялдарды тузагына илинткен. Ошентип, алар “ыйык бузуку” Распутиндин төшөгүнөн өтүп турушкан. Чындыгында, алардын диний түшүнүгү абдан тар болгонун же динди шылтоолоп, Распутиндин айгырдыкындай “алигиси” менен таанышууну көксөшкөнүн айтуу кыйын.
“КҮНӨӨДӨН АРЫЛТУУЧУ” ЖӨРӨЛГӨ
Кийинчерээк Санкт-Петербургдун дөөлөттүү аялдары да Распутинге кучагы менен этегин ачып бере башташат.
Жуунбаган, тырмактары өсүп кирдеген алп дыйкан менен төшөктө болуу үчүн аялдардын кезекте туруусу көнүмүшкө айланган. Распутин болсо төшөктү диний сөз менен “ыйыктын ыйыгы” деп атачу. Качан болбосун аны “шакирт” аялдардын ортосунда отурган жеринен көрүүгө мүмкүн эле. Адатта анын тизесинде бирөө отурчу да, ал анын кулагына кайра тирилүү, күнөөдөн кутулуу тууралуу шыбыроодон тажачу эмес. Анан ырдап баштап, аны аялдар коштоп, акырында бийге өтүшчү. Бий маалында аялдардын улам бири аркы бөлмөгө өтүп, Распутиндин кучагына бой таштап, “күнөөлөрүнөн арылып” турушкан. Андыктан берки бөлмөдөгү диний бий, наркы бөлмөдөгү акыштоо, оргазмдан улам назданып ыйлоо, “алигиңден” деп жалынуу кошул-ташыл болуп турар эле...
КУМАРДЫН КУРМАНДЫГЫ БОЛГОНБУ?
Распутиндин өлүмүн анын катын жандуулугуна байланыштырышат.
“Дворяндардын сарайында анын таасири өсүп кетсе, коомго зыяны тиет” дегендер аны конокко алдап чакырышат. Ууланган тамак жана шарап менен сыйлашкан соң акыл-эсин жогото баштаган Распутинди Юсупов деген адам зордуктайт. Анан 4 жолу тапанча менен атат. Распутин жерге кулап түшкөнү менен али тирүү эле. Эми Юсупов анын атактуу “алигисин” кесип ыргытат. Кесилген жыныс мүчөнү кызматчылардын бири таап, жыгач кутучага салып, сактап коёт. Ал аял 1968-жылга дейре Парижде жашайт. Ошентип, узундугу 30 сантиметрге жеткен “алиги” кутуда сакталып кала берет.
Маалыматка караганда, Юсупов гомосексуал болгон жана Распутин менен жакындашуу үчүн ага шынарлап, аракет кылган. Бирок тилеги таш каап, кеги ичинде сакталып кала берип, акыры ошондой жол менен өч алган.
Распутин канча аялды төшөгүнөн өткөзгөнүн саноо кыйын. Алардын арасында дөөлөттүү айымдар, аскер кызматчылардын аялдары, актрисалар, карапайымдар да болгон.
8 МИҢ ДОЛЛАРГА БААЛАНГАН МҮЧӨ
Распутин каза болгон соң анын “мүчөсү” Парижде сакталган делет. Анан Санкт-Петербургдагы Игорь Князькиндин эротикалык музейине алынып келинип, коюлган. Доктор Князькин “мүчө” Распутиндики экендигин тастыктаган документтин бардыгын жана “мүчөнүн” узундугу 30 сантиметр экендигин айтат. Ал гана турсун 2000-жылы “мүчөнү” 8 миң долларга сат” деген адам чыккандыгын билдирет.
Князькиндин эромузейинде учурда 15 миңден ашык экспонат бар.
Астра Айдарова
erotika@super.kg