БИЙЛИК КОРРУПЦИЯНЫ ТОЗОК МЕНЕН КОРКУТУП ЖОЙМОКЧУБУ?

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Иш-чаранын расмий бөлүгү президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөөсү менен башталды. Сот тармагына бюджеттен жыл сайын миллиарддап акча бөлүнгөнүнө карабай жыйынтык чыкпай жатканына, сот адилеттүүлүгүнө элдин ишеними жоктугун президент моюнга алды. Бийликтин сот системин жакшыртуу, реформалоо боюнча конкреттүү иш планы жоктугунун белгисиби, айтор, президент сотторго кайрылуусунда тозок жана бейиш тууралуу сөз козгоду. “Пайгамбарыбыз сот үч түрдүү болот деп айткан. Экөө тозокто, бири бейиште. Акыйкаттыкты билип, чындык менен чечим чыгарса, анын орду бейиште. Ал эми маселени билбей же акыйкатты билип туруп туура эмес чечим чыгарган соттор тозокко кирет”,- деди Жээнбеков.

Мамлекеттик эң жогорку кызматкердин расмий иш-чарада бийликтин бир бутагынын өкүлдөрүн конкреттүү иш менен эмес, абстрактуу тозок менен коркутуусу бир нече күндөн бери катуу талкууга алынууда.

Бийликтин "баш кесер" органдары, бийликтин буйругун аткаруучу тергөөчүлөр, соттор кандай болорун өз жон териси менен сезген акын, жарандык активист Темирлан Ормуков президенттин бул сөзүн кескин сынга алды. "Тозокту айтуунун өзү эле коррупция менен күрөшүүгө алым жетпей калды деген иш болду. Мен аябай нааразы болдум. Канча адамдар Жогорку Соттон да утулуп калганда президентке кат жазып, жооп күтүп отурушат. Анан президент баарын Кудайга оодарып койду. Бул туура эмес. Президентке докладды атайын кызматкерлер камдап беришет. Алар элдин көйгөйүн билбеген, тайкы адамдар көрүнөт. Элге Кудай деп айтсак жагат деп жазып берген окшойт. Андан көрө былтыр 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында кол койгон чечиминин бир пунктун окуп койсо элге жакмак. Ал жерде элге соттун ишенимин кайтаруу үчүн соттордун үй-бүлөсүнүн тапкан байлыктарын көзөмөлгө алуу сыяктуу пункт бар экен. Ошол боюнча мыйзам чыгарылса эл сүйүнүп калмак. Соттордун жаза алышын баарыбыз өлүп, тозокко барып күтөлүбү?",- деп суроо салат жарандык активист.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан