Учурдагы Жогорку Кеңештин депутаттары партиялык тизменин негизинде парламентке келишкен. Жарандар партияны шайлагандан кийин, элге жарыяланган тизме менен эмес, акчасы көп, тизмеде артта турган, эл билбеген адамдардын депутат болуп келип калышы дайыма суроо жана талкууларды жаратып келе жатат. Эл өкүлдөрү келерки парламенттик шайлоо алдынан “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгелерин көтөрүп чыгышты. Эки депутаттык топ эки башка мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Жанар Акаев сунуштап жаткан мыйзам долбооруна ылайык, шайлоодо партияга гана эмес, партиядагы ар бир талапкер үчүн добуш берүү эрежеси киргизилет. Анда бирдиктүү жалпы республикалык округдан талапкерлер көрсөтүлүп, партиялык тизмедеги катарына эмес, алган добушуна жараша депутаттык мандат берилет. Бул вариантта бюллетенге партиялардын жана талапкерлердин тизмелери кантип батат деген суроо бар. Бул демилгенин авторлору эл аралык уюмдардын жардамы менен электрондук бюллетендерди киргизели деп жатышат.
Ал эми депутаттардын экинчи тобу, тагыраагы, Мирлан Бакиров баштаган 17 депутат дагы бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн мыйзам долбоорун сунуш кылышты. Демилгеге ылайык, парламенттик шайлоодо өлкө он үч округга бөлүнүп, ар бир партия ошол округдардан талапкерлерин көрсөтөт.
Эскерте кетсек, келерки парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg