2010-жылдагы Апрель элдик революциясынан кийин түзүлгөн «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси Сооронбай Жээнбековду жана анын иниси Асылбек Жээнбековду тегерегине коррупционерлер менен ууруларды чогултуп алды деп күнөөлөп жатат. Бул тууралуу коомдук бирикме маалымат таратты.
“Уюмдун мурдагы төрагасы Мээрбек Мискенбаев 2018-жылдын 17-мартында Апрель революциясынын келип чыгуусуна Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусу себеп болгонун эскертип, президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылган. Ошол убакыттан тартып "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнө кысым көрсөтүлүп келет. Акыркы учурда коомдук бирикмени тартып алуу жолун көздөшүп, рейдерлик жолу менен басып алууну максат кылышууда. Мындан тышкары коомдук бирикменин төрагасын Жылдызбек Исаков деп алмаштырып коюшту. Акыркы бир жыл ичинде ага-ини Жээнбековдордун жаңы бийлигинин тегерегине эл коррупционер, ууру деп атаган адамдар гана чогулуп жатканын кооптонуу менен байкап жатабыз. Жаңы бийликти Акаев менен Бакиевдердин жакындары да колдоого алып, айга күнгө теңеп мактап жатышканы бекеринен эместир",- деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчилерин материалдык жардам катары берилген каражатты кымырып алышкан деп шектеп, 25-январда Мээрбек Мискенбаев сурак берген.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg