11-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Курултайга президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, өз сөзүндө "акыйкаттуу чечим кабыл алган сот бейишке, чындыкты билип туруп, акыйкатсыз чечим чыгарган соттор тозокко кирет" деп сотторду тозок менен коркутту. Бул окуяга чейин президент Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кабыл алып, “сот адилеттүүлүгүнө эл ишенбей калды, элдин ишенимин кайтаруу керек” деп тапшырма койгон.
Өлкө башчы сот системин жакшыртып, адилеттүү, көз карандысыз системге жетиш үчүн сот тармагына мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын суммасы жылдан-жылга өсүп келе жатканын айтып, бирок эл байкагыдай жыйынтык жоктугун айтты. Өлкө башчынын айтымында, ушул жылы сот системин каржылоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого 2 миллиард 154 миллион сом каражат жумшалат. 2016-жылы сот системине 1 миллиард 213 миллион сом, 2017-жылы 1 миллиард 260 миллион сом, 2018-жылы 1 миллиард 555 миллион сом жумшалган.
Президент талап кылгандай соттордун адилеттүү жана көз карандысыз болуп, элдин ишенимине ээ болушу үчүн биринчи аракетти президенттик институттан баштоо керек эмеспи? Анткени саясий куугунтукка туш болгон көпчүлүк жарандар сот иши президенттик аппарат тарабынан көзөмөлгө алынганын, кысым, басым болорун айтып келе жатышпайбы? Дегеле, канткенде бийлик сот адилеттүүлүгүн орнотуп, элдин ишенимин кайтарат? Мына ушундай собол менен саясатчыларга, укук коргоочуларга кайрылып көрдүк.
РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ: “СОТТОРДУН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ ЭҢ НЕГИЗГИ КОРКУНУЧТУ ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТ ЖАРАТУУДА”
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков “соттордун адилеттүүлүгүнө президенттин аппараты жана ага баш ийген УКМК менен прокуратура коркунуч жаратууда” дейт:
– Бүгүнкү күндө соттордун эгемендүү, өз алдынча болушуна эң негизги коркунуч жараткан коом эмес, ал өкмөт дагы эмес, Жогорку Кеңеш дагы эмес. Биринчи кезекте коркунучту президенттин аппараты жана президенттин администрациясына толугу менен баш ийген УКМК менен прокуратура жаратууда. Себеби президент сотторду кызматка коёт жана алат. Бул жагынан соттор президент башында турган аппаратка аябай көз каранды. Экинчи жагынан президенттин администрациясы прокуратура жана УКМК аркылуу сотторду “Эгер силер биз айтканды кылбасаңар, биз силерге каршы кылмыш ишин козгойбуз” деп коркутат. Президенттик администрация, УКМК жана прокуратура сотторду кайтарып, коркутуп турса, алар эч качан көз карандысыз боло албайт.
“Адилеттүү болгула” деп 5-президент айтып жатат, буга чейинкилер деле так ушинтип айтып келишкен. “Адилеттүү болгула” дегенден эле соттор адилеттүү болуп калбайт, “тозокко түшөсүңөр” дегенден тозокко түшүп калбайт. Мунун бардыгы болбогон, коомго жагыш үчүн эле айтылган сөздөр. Күчтүү президент сотторду адилеттүү кыла турган атайын баалуулуктарды, мамлекеттик институттарды жана демократиялык процедураларды ишке киргизет. Эгер алар кирбей турган болсо, президенттин айткан сөздөрү жөн гана сөз бойдон кала берет.
АДАХАН МАДУМАРОВ “БИЙЛИК АДИЛЕТТҮҮ БОЛМОЮНЧА БИЙЛИКТИН СОТУ ДА АДИЛЕТТҮҮ БОЛБОЙТ”
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун айтуусунда, соттордун адилеттүү болушу үчүн мамлекетти кайрадан куруу керек:
– Суроо абдан жеңил, ошол эле учурда оор. Эмне үчүн жеңил? Соттордун адилеттүүлүгүн камсыз кылуу көп жумушту талап кылбайт. Оор дегеним, соттордун адилеттүү болушу үчүн мамлекетти бир сыйра башынан аягына чейин карап чыгып, мамлекетти кайрадан куруу керек.
Бизде бийликтин күчү, бийликтин таасири же мыйзамдын кайсы бир талаптары бирдиктүү түрдө эч качан аткарылбайт. Мен баса белгилеп айтам, бүгүнкү күндө “мыйзам баарына бирдей иштейт” деген сөзгө түк ишенбейм. Же болбосо “мыйзамдын алдында баары бирдей” деген сөзгө түк ишенбейм. Ошол соттор кандай экендигин дайындап жаткан киши аябай жакшы билет (ред.: Кыргыз Республикасында сотторду президент дайындайт жана бошотот). Өткөндө министрдин орун басары боюнча айтканда “Ооба, мен аны кызматка койгом. Бирок анын пара алышын билген жокмун. Билсем аны коймок эмесмин” деп айтып жатпайбы. Бүгүн кимди кызматка койсоң да, ушул адам пара алат деп коюшуң керек. Сен билесиң анын аларын. Себеби Кыргызстанда ансыз мүмкүн эмес. Кызматка баруу үчүн бир нерсе берүү керек. Берген киши кызматка барган соң анын ордун толтурат. Учурда мыйзамдын негизинде чечим кабыл алгандар кандай кыйынчылыкка туш болуп жатышат. Ошолордун бирөөсү азыр Жогорку Кеңеште депутат. Мыйзамдын талабы боюнча, конституция боюнча чечим кабыл алганы үчүн кызматынан бошотулуп кеткен. Өзгөн районунун элинин колдоосуна ээ болуп, азыр депутат болуп отурат. Биздин “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын дагы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда иштеп жаткан сот “ушул партия жеңишке жетишкен, булардын талабы туура” деген чечим кабыл алганы үчүн Ак үйдүн 7-кабатына чейин кабар жетип, ар кандай шылтоолорду таап кызматынан кетиришкен. Ким кетирди? Бийлик кетирди. Ошондуктан соттордун алдында бирди сүйлөп, элдин алдына барганда экини сүйлөп, кабинетине келгенде 3-буйрук берген киши жакшы болбойт. Тарыхый сөзүм бар. Түшкө чейин бирди сүйлөп, түштөн кийин пикирин өзгөрткөн падышанын келечеги жакшы болбойт деген сөз. Бүгүнкү күндө ошол Отунбаева болобу, биз элдик революция менен келдик дегендердин кимиси болбосун соттордун кандай экенин билебиз. Кимдерге кандай чечим чыгарганын көрүп жатабыз. Башка мамлекеттен же айдан түшкөндөй болуп, “айлыгыңарды көтөрүп жатам, силер оңолбой жатасыңар” дейт. Биринчиден, соттордун ишине кийлигишпей, буйрук бербей эле койсун, оңолот. Экинчиден, туура эмес чечим чыгаргандарды катуу жазалаш керек. Мына ушундай мыйзам алдында бардыгы бирдей деген принцип туура болот.
Бардык нерсе адамдын өзүнөн башталат. Ошондуктан бул жерде спектакль ойноштун кажети жок. Күйгөн болуп сотторго ишенимди кайтарып берем дейт, кайтарып бере албайт. Бийлик адилеттүү болмоюнча бийликтин соту да адилеттүү болбойт. Муну биз баса белгилеп коюшубуз керек. Сот адилеттүү болсо мен кечээ мисал келтирип айттым, баш кесерди кызыл килемге салып узатып жиберет да, 4-баскычтагы рак оорусу менен катуу ооруп жаткан генерал Суталиновду коё бербей кармап отурган эмне деген жакшылык? Же болбосо далилдүү фактылар жок, саясий өңүттө камалып отургандарды эмнеге ушул күнгө чейин чыгарбайт? Бирөөдөн талап кылгандын ордуна үлгү көрсөтсүн өзү. Өзү үлгү болгон кезде гана жылыш болот. Ошондуктан мага десе канча беренеден турган мыйзам жазбасын, канча жолу чыгып сүйлөбөсүн, үлгү болмоюнча эч качан сот адилеттүүлүгү Кыргызстанда болбойт. Шек жаралдыбы, заматта ошол жерде акты ак, караны кара деп чыгарып койгон мезгил болгондо гана сотторго ишеним пайда болот.
Бүгүнкү күндө соттор кандай жолдор менен кызматка келүүдө, көрүп жатпайбызбы. Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын курамын карап көргүлө, бул жөн эле жасалма. Мен корком, биз кагаз жүзүндө мамлекет катары барбыз. Эгер турмушта текшерүү келе турган болсо, Жараткандын өзү сактасын, бизде мамлекет деген түшүнүк калган жок.
ДАНИЕЛ КАДЫРБЕКОВ: “ПРЕЗИДЕНТ РЕФОРМАНЫ ЭМНЕДЕН БАШТААРЫН БИЛБЕЙТ”
Саясат таануучу Даниел Кадырбеков “президент реформа кылууга кызыкдар эмес” деген пикирде:
– Президент сотторду тозок менен коркуткандын ордуна, мыйзам аркылуу анык жана так реформалардын багытын көргөзүш керек болчу. Тагыраагы, президент жана анын желдеттери сотторго “көрсөтмө бербейбиз, мыйзамды карап иштегиле” деп багыт бериши керек эле. Ал эми тозок менен коркутуп, ошол эле кезде сот системине анык багыт көргөзбөгөндүгү – бул президент реформа кылууга кызыкдар эмес жана реформаны эмнеден баштаарын билбейт экенин көрсөтөт. Мамлекеттик бюджеттен жыл сайын сот системине 2 миллиард сомдун тегерегинде каражат короткон соң соттордон адилеттүүлүктү талап кылганы туура. Бирок мындай каражатка өлкө башчыдан конкреттүү иш-чаралардын планын жана стратегиясын угушубуз керек эле.
Жээнбеков сотторду тозок менен коркутуп, өзүнүн көз карашына карап чечерине жол таштап кетти.
РИТА КАРАСАРТОВА: “СОТТУН АКЫЙКАТ ИШТӨӨСҮНӨ ШАРТ ТҮЗҮП БЕРИШИ ЗАРЫЛ”
Укук коргоочу Рита Карасартова бүгүнкү күндө ким сот болорун президент чечерин айтат:
– Сот бийлик бутактарына көз каранды болбой, мыйзамга гана баш ийиши керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ким сот болот, муну чечүү президенттин колунда. Бийлик соттун таза иштөөсүнө шарт түзүп бериши зарыл. Алардын ишине кийлигишип, саясий кызыкчылыкты көздөсө, туура эмес жолду тандаган болот. Коррупцияга малынгандардан арылууга, соттун акыйкат иштөөсүнө шарт түзсө соттордун дагы даражасы өсөт. Биз бул маселеге канчалык чыркырасак дагы майнап чыкпайт. Мурдагы бийлик сотторду президентке көз каранды кылган системди куруп кеткен. Кээ бир учурда соттор мыйзамдуу чечим чыгарса дагы, “сен саясий көз караш менен кабыл алышың керек болчу” деп жумуштан кетирип жибергендер болгон.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg