ДЖОННИНИН “КҮТТҮМ, АЙ” АТТУУ ЫРЫ ӨЗБЕКЧЕГЕ КОТОРУЛДУ

Джоннинин чыгармачылыктан багын ачкан “Күттүм, ай” аттуу ыры өзбек тилинде жаңырууда. Жакында өзбек ырчысы Карим Мырзакматов аталган ырды өзбек тилине которуп аткарып чыкты.

– Карим экөөбүз Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунда ырдап, ошол жактан таанышып калганбыз. “Күттүм, ай” жарыкка чыкканда угуп жактырыптыр. Былтыр III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келгенде ал мага жолугуп, “Ырың аябай жагып жатат. Казакстандан Кайрат Нуртас которуп ырдаган турбайбы, уруксат берсең, мен да өзбек тилинде аткарсам дегем” деди. Ыр канча тилге которулса, ошончо жакшы эмеспи. Ошондуктан макулдугумду бердим.
Аталган ырды башка тилге которуп ырдоого дагы сунуштар түшүп жатат. Учурда орус тилине которуп ырдайлы дегендер бар. Бирок азырынча ким ырдаары белгисиз,- дейт Джонни.

Эске салсак, Кайрат Нуртас аталган ырды автордон сурабай эле казак тилине которуп ырдап, интернет баракчасына чыгарып салган. Видео тарап кеткен соң Джонни Кайратка ырды аткаруусуна уруксат берген.

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
jaskaaa
2019-03-18 10:33:35
Азамат Джони. Пейилди кенен койуп туура кылып атасын!
+1
Janybekleilekkg
2019-03-18 15:12:14
Москвада Восток FM бир кундо 3-4 жолу жаныртат,Кайрат Нуртастын аткаруусунда
+2
Zizika88
2019-03-19 10:46:23
Орус тилиндегисинда уктумго клип тартылыптыр.
+1
Shahrizaada
2019-03-19 13:44:25
Казак кызы орусча аткарып журот
0
_PeriWa_
2019-03-19 16:30:49
Кайрат Нуртас тоготпогону го э анда.
+2
Birimdik5555
2019-03-24 23:00:24
Каяктан уксак болот озбекчесин
0
admin_kinozal
2019-03-25 08:37:40
Birimdik5555,
Саламатсызбы? http://www.super.kg/media/audio/244389
0
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан