Убакытты артка кайтаралбайт турбайбызбы. Арадан мезгил өтүп, жылдар жылып кете берет. Мезгилдин бизге баш ийбегенине сүрөттөр далил. Аны төмөнкү сүрөттөр да тастыктап турат.
АЗАМАТ ЭРКИНБАЕВ
Алгач Эдил деп тааныган угарман-күйөрмандары Эркинбаевдин “Арзуу” берүүсүн угуп алып, жүзүн көрүүгө ашык болушчу. Бир аз тыным алган соң бул жигит өз ысымы менен Азамат болуп чыга келди. Мурунку Эдил менен азыркы Азаматтын айырмасы сүрөттө көрүнүп турат.
БЕГИМАЙ ЭСЕНГУЛОВА
Мектеп курагынан баштап эле ырдай баштаган Бегимай Эсенгулова 18ден 19га ооп, толукшуп турган кези. Алгач сахнага чыккан кезиндеги Бегимай менен азыркы керилген Бемада да чоң өзгөчөлүк бар экен. Минтип өзгөрүүнүн себеби, балким,таеже-продюсеринендир же мыкты стилисттин колунан бекен?..
АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА
“Кыз-Буракка” татына жүздүү, кыска чачтуу Айжамал келгенде көп жигиттер "ала жат" деп эле ашык болуп калышкан эле. Айжамал көп жигитти артынан чуркатып жүрүп акыры Өзгөнгө келин болду. Кыска чачы узарып, карарып эмес, саргайды дегендей. Учурда уул-кыздын сүйүктүү энеси Айжамал жолдошу Азамат экөө Москвада жашап жүрүшөт.
МИРБЕК АТАБЕКОВ
Мирбек биринчи сүрөттө шоу-бизнеске жаңыдан кадам таштаган убагы. “Сени гана” аттуу ыры хит боло электе досу Азиз Жетигенов экөө “Жүзүң” аттуу ырды дуэт аткарып, “Улуттук хит параддан” жакшы эле орунду алып жүрүшчү. Карабайсызбы, мезгил өтүп, Кыргызстандын жаштары арасында №1-ырчы болуп чыга келбедиби. Эми БУУнун ыктыярдуу элчиси болгону жатыр.
ЭРМЕК НУРБАЕВ
“Браво” деген сөздү жүз кайталоо менен бир кезде аталган көрсөтүүнү алпарган күлкүчү жигит азыр “Тамашоуну” түптөдү. Ошондогу Эрмек менен азыркы Эрмекбайдын айырмасы – бир аз курсак салып алганында. Күлкүчү жигиттин өзгөчөлүгү ууртундагы уячасында белем. Анткени ушул уяча көп адамдарга өзү айткандай сонун, жакшынакай, күлкү тартуулайт.
НЕЛЯ
Неля сахнаны аттагандан бери бирде чачын кызылга, бирде сарыга, айтор, узартып, кыскартып отуруп акыры кара чачтуу айымга айланды. Ошентип, өзүңөр билгендей Таластын татына келини, Урматтын байбичеси, Нурэлдин апасы болду. Адатта энелер бала менен жүдөп кетет эмеспи, тескерисинче, Неля жүдөбөй эле чыгармачылыкка да, өзүнө да катыра кам көрүүдө.
Бурул Исмаилова
star@super.kg