Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалды. Бул жигит президенттин жердеши экени талкууланууда.
2018-жылдын 12 айында Кыргызстанга 569 миллион 790,5 миң доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып келсе, 523 миллион 190,7 миң доллар өлчөмүндөгү инвестиция чыгып кеткен.
Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси болуп дайындалды.
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп Ду Дэвэнь дайындалды.
2019-жылдын январь-февраль айларындагы республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 16 миллиард 250 миллион сомду, ал эми чыгымдар 15 миллиард 259 миллион сомду түздү.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума кутпаларын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орус кошуу тууралуу буйрук чыгарды.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Болсунбек Казаковду үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Экс-депутат Карганбек Самаков абактан чыкты. Жыл башында күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык, анын иши кайра каралып, жатак абагына которулду.
2019-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 457 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 8,4%га төмөн.
"Кырк чоро" коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренесинин негизинде "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши ачылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.