Ильяз Андаш, ырчы: «ЖУБАЙЫМ МЕНЕН КЫЗЫМДЫН ЭРКИНДИГИ ЧЕКТЕЛИШИН КААЛАБАЙМ»

Мекенибиз ырчыларга бай. Арасынан көзгө көп урунбаганы менен, көөдөнүндө дымагы, көкүрөгүндө таланты оргуштап турган жигит бар. Бул жолу маектешим хайп кылууну уят көргөн, үй-бүлөлүк баалуулуктарды көздүн карегиндей сактаган Ильяз Андаш болмокчу.

– Кандайсың, Ильяз, эмне жаңылыктарың бар?

– Үй-бүлө багуу түйшүгү менен эле жүрөбүз, ырлар жазылып жатат. “Бото көз” деген ырды даярдап жатам, бирок бул тойго арналган ыр эмес. Азыр ырчылар тойлор менен эле каражат таап калышпадыбы. Биз чет элдик ырчылардай альбом сатып, концерт коюп акча таба албайбыз.

– Ильяз деген ысымыңдын тарыхын билгим келди, Чыңгыз Айтматовдун каарманынан улам коюлганбы?

– Мен төрөлгөндө атам менин атымды Тимур коюп, тез эле гастролго кетип калыптыр. Чоң энем айылдан келип “атын ким койдуңар?” дейт. Тимур дешсе “айылда бир Тимур деген тентек бала бар, ал атты койбойбуз. Пайгамбардын ысымы менен Ильяз деп атайбыз” деп өзү койгон экен.

– "Атам гастролдоп кетип" деп калдың...

– Атам ырчы, актёр болгон. Ысык-Көлдө белгилүү болгон “Бакай” деген топту негиздеген. Ал топто мен дагы тарбияланып чыккам. Чет мамлекетке чейин барып келгенбиз. Апам болсо комузчу. Тубаса талант жана үйрөтүлгөн шык болот эмеспи. Атам тарапта үйрөтүлгөн шык болсо керек, өзүнүн эмгеги менен музыкалык аспаптарды үйрөнүп ырдап чыккан экен. Апам жакта болсо тубаса талант бар. Таякелеримдин музыкалык сабаты жок, бир да нота билбейт, бирок укмуш ырдашат жана бардык аспаптарда ойношот. Мен тай жагымды тартсам керек деп ойлойм.

– Коомдо көп айтылып келе жаткан тең укуктуулук деген маселеге кандай карайсың?

– Менимче, жашоо жеңил болуп калды. Аялдар азыр кир, идиш-аяк, жалаяк жуубай калды, атүгүл палас килемди да атайын кызматкер чакырып жуудурушат. Техника өнүгүп аялзатынын кыла турган жумушу азайып калгандыктан, бош калган нерсени эмне менен толтурушту билбей эле кыйкырганга өтүштү окшойт. Аялдар эле эмес, эркектер деле үй салбай, мык какпай, бак өстүрбөй калдык. Адам табиятынан өз колу менен бир нерсе жасагандан ырахат алат да. Мындан улам куру кыйкырык, пафос сыяктуу нерселер алдыга чыгып кетип жатат.

– Бир ыр ырчынын тагдырына жазылат дейт, бактыңды ачкан ыр кайсы болду?

– Мени популярдуу кылган “Асылым жерим ардагымда, арналат сага ырларым да” деген саптар менен башталган “Кыргыз жери”аттуу ыр болду. Эски ырды жаңылап ырдап чыкканды дагы мен биринчи баштагам. Ал эми Майра Керим кызынын “Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар” деген ыры каражат жагынан пайда алып келген ыр болду. Ушул ыр популярдуу болгондо тойлордон колум бошобой калган. Майра Керим кызы менин ата-энем менен көп жүрүп калды. Апам өзү тартынчаак адам болгондуктан көп ырдабайт, аябай кыйнаганда эле комузу менен ушу ырды ырдап калчу. Бир күнү угуп отуруп эле ырдагым келди. Тилекке каршы, бул ырды Майра эженин көзү өтүп кеткенден кийин ырдап калдым. Кийин Курал Чокоев менен дуэт ырдадым. “Сейдакматтын ыры” экөөбүздү тең үйлүү, унаалуу кылды окшойт.

Бардык эле ырды жаздырып жатканда “ушул аябай популярдуу болот” деп чыгарасың. Бирок эл өзү тандап алат, кээде үмүт артпаган ыр деле элге алынып кетет.

– Чыгармачылыгыңдын багытын 180 градуска өзгөртсөм деп ойлонуп көрдүң беле? Мисалы, рок-музыка жаатына.

– Музыкалык багытымды өзгөртүүнү эмес, сапатын өзгөртүүнү аябай каалап жүрөм. Мисалы, дүйнөлүк хит болуп жаткан ырларды жаздырган студияларды таап, байланышып көрдүм. Өтө эле кымбат экен. Ал үчүн мен үйүмдү, унаамды сатсам дагы жетпейт. Кыргыз шоу-бизнесин өнүктүрүү үчүн каражат гана жетишпей турат.

– Айрымдар өзгөчөлөнүп элдин эсинде калуу үчүн хайп менен эле убара тартып жатышпайбы...

– Эмне сенден хайп жок деп жатасызбы (күлүп)? “Хайп жаратып койбойсуңбу?” деген кеп азыркы заманда популярдуу болуп турат. Эл менин бир калыпта жүргөнүмө көнгөн болушу керек. Өзүмдүн деле элди алдап хайп жаратканга дитим барбайт. Мага кереги деле жоктой туюлат. Бул жашоонун мыйзам ченемдүү көрүнүшү. 2005-жылдары жаш ырчылардын агымы келбедиби, ошондо эл Спорт сарайына батпай, кыздар ыйлап, эл тебелендиде калып укмуш бир бум жаралган. Эл ага чейин 18-19 жаштагы жаш ырчыларга көнгөн эмес да. 14-40 жаш курагындагы адамдардын баарын ушу жаш ырчылардын деми алып кетти. Мен дагы ушул толкундун аяк жактарына аралашып калдым. Азыр концерт берсең Спорт сарайы толбойт, анткени ырчылар социалдык тармактарда бардык нерсесин ачык айтып, жаңылыгы менен бөлүшүп калды. Мындайча айтканда, “слишком доступный” болуп калды. Аларды көрүү кызык болбой калды, ошондуктан концерттердин саны азайып баратат. Кийин эл “Тамашоуго” күйөрман болушту. Азыр хайп мода болуп жатат. Бул “атың чыкпаса жер өрттө” деген эле кеп. Анын да доору бүтүп башкача агымдар келсе керек.

– Сен дагы ошол жаш ырчылардын мууну катары келбедиңби, кантип ырчы болуп калдың?

– Харизма, талантым мурун эле бар болчу. Ырчы болуп таанылганыма көк беттигим себеп болду. Ырчы болом деп борборго келип үч ай Коомдук телеканалдын алдында отурдум. Жөн эле отурам, анан алдымдан чыккан адамдарга салам бере берчүмүн. 10 күндүн ичинде мени таанып калышты. Музыкага байланыштуу адамдардын баары менен саламдаша берип, таанышып сүйлөшкөнгө өттүм. Ошентип отуруп Тынчтыкбек Кожобеков менен таанышып калдым. “Мен ырчы болом, талантым бар” деп түз эле айттым. Алгач ал көңүл деле бургусу келген жок, улам алдынан чыга берсем тажады. Неля, Съездбек Искеналиев ырдап жүргөн кафеге жиберди. Ошондо бир саат тынбай ырдадым. Баягы качып жүргөн Тынчтыкбек байке ырдаганымды уккандан кийин алдыма бир порция мантыны коюп туруп “Азаматсың, курсакты тойгуз. Экөөбүз эми иштешебиз” деди.Ошондогу 18 жаштагы Ильяз азыр минтип сизге интервью берип отурат (күлүп).

– Мурунку муундун ырчыларынын гастролдоп кеткенин, ичип кеткенин, турмушу бузулганын көп укчубуз. Сүйүндүргөн нерсе, азыркы ырчылар үй-бүлөсүнө карамдуу, сарамжалдуу экени байкалат. Себеби эмнеде?

– Мен актёрдун баласымын. Атам кыдырып концерт коюп кетчү. Союз кулаган жылдары айрыкча искусство адамдарына оор болду. Жашыруунун кереги жок, бизде деле нандын ордуна талкан жеп калган учур болгон. Ал учурда тойлор жок болчу. Гастролдо айлап жүргөндүктөн ажырашуулар көп болсо керек. Акча таппай калып күйүтүнөн, же эл сыйлай берип ичкиликке берилип кетишсе керек. Азыр жашоо жакшы болуп калды, үй-бүлөбүздүн жанындабыз, ашып кетсе тойго барабыз. Ырчылардын 90 пайызы азыр арак ичпейт, чекпейт. Менимче, мезгилдин өтүшү менен адамдын аң сезиминин өзгөрүлгөнү да себеп болду. Азыр сергек жашоо, ден соолукту оңдоо, балдарга көңүл буруу сыяктуу үгүт көп жүрүп жаткандыктан кийинки муун ошолорго аракет кылып жаткандай.

– Үй-бүлөсүн эл көзүнө көп чыгарбагандардын катарындасың...

– Элге таанымал болгондун деле зыян жактары бар. Мисалы, көчөдө эркин жүрө албайсың. Мен жубайым менен кызымдын эркиндиги чектелишин каалабайм. Базарга барсын, коомдук транспортко түшсүн дегендей. Ошол үчүн үй-бүлөмдүн жашоосу тынч болуусун каалайм. Кызым ырга-бийге аябай шыктуу, бала бакчага барат. Келинчегим өзү кызыккан ишин кылып жатат. Мен өзүм да аялдын үйгө камалышын туура көрбөйм, ишке чык деп түртмөлөп турам.

– Ойлоруң жакты. Үй-бүлөң менен бактылуу өмүр каалайбыз.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ильяз Андаш: "Жубайым менен кызымдын эркиндиги чектелишин каалабайм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Paprikafm
2019-03-18 10:30:45
Соонун маек болуптур, ооба 2005 2006 жылдары оо Урмат Мирбек Султан Акбар Иляз, Бактыгул, Неля ушулардын заманы болчу, Динара Эсенгулова менен, Асыл Апасова ай сайын концерт берип, ошол топтогон акчалары азыр деле түгөнө элек болуш керек, а ырчылар өздөрү айткандай эч нерсеси жок калышты
+7
katerina.li
2019-03-18 19:21:08
Бираз арыкта. Ошол хайп болот.
+1
al79mi
2019-03-19 09:12:23
Ырлары жакшы, маанилуу создору жакшы ырларды ырдайт. Ийгилик!
+4
Rubin
2019-03-20 09:26:41
Мен сыйлаган ырчылардын катарында, баары ордунда, сүйлөгөнү да орундуу, ырларды да кылдат тандайт. Ишиңе ийгилик, үй-бүлөнө бакыт, тынчтык каалайм!
+2
Margana93-
2019-03-20 23:14:47
Соонун маек болуптур
+1
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан