БАГБАНДЫН ИШИН ЖЕҢИЛДЕТКЕН ШАЙМАН

Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Булак айылынын тургуну Абдимиталип Каримов бак-дарак отургузуу үчүн чуңкур каза турган шайман ойлоп тапкан. Ал шайманды тракторго кошуп алып, чуңкурларды каза берсе болот.

– Мурун дыйканчылык менен алектенсем, кийинки 6 жылдан бери үйдөгүлөр болуп багбанчылыкка өтүп жатабыз. 6 жыл мурун талаага, менчикке бөлүнгөн 20 сотых жерге алманын карлик түрүн отургуздук. Ошондо кол менен чуңкурларды казууда абдан тажагам. Күч көп кетет, чарчайсың, булчуңдарың ооруйт. Түшкө чейин эптеп иштесең, түштөн кийин иштегиң келбей калат. 3 жыл мурун телевизордон бир берүүнү көрүп калдым. Анда чет элдик багбан өзү жасаган шайманын тракторуна чиркеп, чуңкурларды казып жатканын көрсөткөн. Аны көрүп “буга окшош шайманды мен жасасам эмнеге болбосун?” деп ойлодум. Андай шайманды жасоого эмнелер керек экендигин тактап алып, базарга барып керектүүлөрдүн жарымын: 3 метр швеллер, 2 метр бурчтуу темир (угольник), редуктор (унаа тетиги), 4 даанадан болт-гайка, кардан (унаа тетиги) сатып келдим. Анан кыш заводдон ылай аралаштырып берчү спиралдуу шайманды (бийиктиги 60 сантиметр) сатып келдим. Алып келгендерди кураштырып отуруп акыры шайманды жасадым. Баарына 10 000 сом акча кетти.

Бул шайманды тракторго чиркеп алып, тереңдиги 55-60 сантиметр, диаметри 45 сантиметр келген чуңкурларды, башкача айтканда, алма отургузуу үчүн керектүү өлчөмдөгү чуңкурларды казууга болот. 1 чуңкур казууга 45 секунд кетет. Шайман казыла турган жердеги таштардын өлчөмү муштумдай болсо күч келтирбей каза берет. Андан чоң таштар болсо күч келет. Андыктан таштактуу жер болсо сынып калабы деп казбайм.

Өзүбүздүн эшик алдына 5 сотыхка 150 түп алма отургузганбыз. Ошого чуңкурларды шашпай, казганга 2 саатка жетпеген убакыт кеткен. Ал эми 1 гектар жерге 3500 түп карлик алма отургузулат. Мындайда кол менен чуңкур казып бүтпөйсүң. Андыктан меникиндей шайман ишке жарайт. Бак тигет элем деген айылдаштардан, коңшу айылдагылардан буюртмалар көп эле түшөт.

Мини тракторду 2017-жылы курап жасагам. Анын тетиктеринин көбү жана алдыңкы 2 дөңгөлөгү эски Жигулиники, арткы дөңгөлөктөрү “Муравейник” мотоциклиники. Мотору гана жаңы. Калган тетиктери түркүн техниканыкы. Бул тракторго өзүм жасаган шаймандарды кошуп жер айдайм, культивация жүргүзөм, картошка казам.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gul_gulum
2019-03-24 22:32:23
Ноокаттын Телман айылынын адамдарына керекгоо деп ойлосом дал ошол айылдан болот турбайбы
0
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан