САКТООЧУ КЕРЕКПИ? СУЛЬШЕРДИ ЧАКЫРГЫЛА!

Англиянын футбол талаалары кызыктуу окуяларга бай келет. “Лестердин” жомогун улай эми дагы бир жагдай күйөрмандардын көз алдында. Жеңиш даамын унутуп бара жаткан “Манчестер Юнайтедди” “тирилтүү” миссиясын аткарууга кезинде чабуулчу болуп ушул клубда ойногон Уле-Гуннар Сульшер киришти...

Аты-жөнү –
Уле-Гуннар Сульшер

Туулган жылы – 1973-жыл, 26-февраль

Туулган жери – Норвегия, Кристиансунн шаары

Жетишкендиктери – “Манчестер Юнайтед” менен Англиянын 6 жолку чемпиону, 2 жолку Англия Кубогунун ээси, Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү.

Учурда – “Манчестер Юнайтеддин” башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу.

Үй-бүлөлүү. 2 уул, бир кыздын атасы.

АНЫН ЭКИНЧИ АТЫ КАМБЭК

Өткөн аптанын ортосунда “Манчестер Юнайтед” Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында “Пари Сен-Жермен” клубу менен жооптук беттеште кез келди. Биринчи оюнда “МЮ” өз талаасында 0:2 эсебинде жеңилип, күйөрмандар кийинки баскычка чыгууну кыялданышкан да эмес. Жооптук оюнда машыктыруучу Сульшер Парижде 3:1 эсебин камсыздап “Юнайтедди” чейрек финалга алып чыкты. Сульшердин экинчи аты Камбэк (ред.: come to back деген сөздөн, “кайра жаралып келүү” деген маанини камтыйт)...

Эмне үчүн Камбэк? Мунун жообу 1999-жылга такалат. Чемпиондор Лигасынын финалында “МЮ”– “Бавария” тирешкен. Оюндун акыркы мүнөттөрүнө чейин англиялык клуб 0:1 эсебинде жеңилип жаткан. 81-мүнөттө Сульшер талаага чыгат. Алмашууга чыккан футболчу чабуулдун дымагын күчөтүп, 91-мүнөттө “МЮ” эсепти теңейт. 93-мүнөттө бурчтан чыгарылып берилген топту Сульшер Оливер Кандын дарбазасына киргизет. “Манчестердин” керемет жеңиши!

Ушул оюндан кийин “МЮнун” оюнчуларынын атагы дүйнөгө тараган. Алардын катарында Сульшер да бар эле...

ЧАБУУЛЧУНУН САПАТЫ – ГОЛДУН “ДААМЫН СЕЗҮҮ”

Аты-фамилиясы айтып тургандай эле Сульшер норвегиялык. Атасы Ойвинд күрөш боюнча Норвегиянын чемпиону, андыктан Сульшер дагы бала кезинде күрөштөгү килемдин “даамын” татып калган. Бирок өлкөдө футбол анчейин популярдуу болбосо да Сульшер футболду тандап алат. Ылдамдыгы же ыкчамдыгы менен айырмалана албаган Сульшерден тыңыраак футболчу чыгат деп эч ким күткөн эмес. Бирок анда башынан алмашкыс бир нерсеси бар эле, ал голдун “даамын” сезе алчу. Бул ылайыктуу убакытта ыңгайлуу жерде боло калуу дегендик. Топ кайда келерин, топ кайда секирерин туя билчү. Чабуулчуга эң керектүү сапат.

Бир эле сапаты менен ал алыска барбайт эле. Сульшер керектүү машыктыруучуга жолугат. Норвегиянын “Мольде” клубунда 42 оюнда 31 гол киргизип, “МЮнун” машыктыруучусу Алекс Фергюсондун көңүлүн бурат. 23 жаштагы Сульшер үчүн англиялык клуб 1,5 миллион фунт стерлинг төлөп берет.

ГОЛ КЕРЕКПИ? СУЛЬШЕРДИ ЧЫГАРГЫЛА!

Сульшер ишеничти алгачкы оюндарда эле актайт. Алгачкы сезондо жалпы 19 гол киргизип, эң мыкты жаш футболчу аталат. Көбүнесе негизги курам менен чыкпаса дагы, Фергюсон аны экинчи таймда алмашууга чыгарып турган. Сульшер мындай мүмкүнчүлүктөрдү жөн коё бербейт эле. “МЮнун” иши жүрүшпөй жатканда Фергюсон ар дайым Сульшерди талаага чыгарчу. Норвегиялык чабуулчу ишеничти актап турган. Анын эң керектүү голу жогоруда жазылгандай, 1999-жылы орун алган.

Ар дайым жүзүнөн жылмаюу кетпеген Сульшер “Олд Траффорддун”(ред. "МЮнун" стадиону) сүймөнчүгү боло алган. Күйөрмандар аны жеңиштүү голдорду киргизгендиги үчүн “Наристе жүздүү бомбардир” деп атап коюшкан. Сульшер 150 жолу алмашууга чыгып, анда 28 гол жарата алган. Бул рекорддук көрсөткүч.

“Менин спорттогу гана эмес, жашоомдогу эң мыкты машыктыруучум – Алекс Фергюсон” деп агынан жарылган Сульшер 11 жыл “МЮда” ойноп, карьерасын жыйынтыктайт. Фергюсон аны дароо чабуулчулардын машыктыруучусу кылып дайындап алган.

МАНЧЕСТЕРГЕ КАЙТЫП КЕЛҮҮ

Акыркы эки жылдан ашык убакыт “Манчестерди” Жозе Моуриньо машыктырып, бир катар ийгиликтерди жаратканы менен, күйөрмандардын эмнегедир ага купулу толбой койду. “Юнайтедге” өзүнүкү болгон машыктыруучу керек эле.

Сульшер бул убакытта машыктыруучулук карьерасын кезинде өзү ойногон “Мольде” клубунда жасап жаткан. Ал бул клуб менен 2 жолу өлкө чемпиондугун жана бир жолу кубокту жеңип алган. Ал “Мольде” менен 2021-жылга чейин иштешмек, бирок “МЮнун” иши жүрүшпөй баштабадыбы... Кезинде Фергюсон кыйын кырдаалда Сульшерге таянчу. Дал ушул Фергюсондун кеңеши менен "МЮ" Сульшерди чакырды. Анын келиши менен “Манчестердин” оюну жүрүшүп, Премьер-Лигада жана Чемпиондор Лигасында жеңиштер орун алды. Сульшердин таасири менен “Юнайтед” кайрадан каардуу күчкө айланып бара жатат.

Сульшердин "Манчестерге" кайтып келүүсүнө Фергюсондун пикиринин таасири тийгени айтылат. "Манчестерге" Камбэк. Норвегиялык чабуулчу кайрадан керектүү учурда пайда боло калды...

Машыктыруучу Сульшер жана Фергюсон.
"Манчестер Юнайтеддин" "ПСЖны" жеңиши Сульшердин аброюн көтөрдү.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurgazy80
2019-03-18 16:59:58
Укмуш эле болду оюн. Мбапе, Неймар, Кавани байкуштар ай, жаман эле болду.
+1
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан