БРАВО, ИНЬЕСТА! ИСПАНИЯДА ФИЕСТА!

Ооба, Испанияда болуп көрбөгөндөй майрам. Ал алгачкы жолу Дүйнө чемпиону болду. 11-июлдан 12-июлга оогон түнү ЮАРда "Европанын падышалары" "ааламдын падышаларына" айланышты. Беттештин 116-мүнөтүндө Иньестанын голу голландиялыктардын чемпиондук үмүтүн өчүрүп, командасына зарыгып күтүлгөн жеңишти алып берди. "Кызыл фурия" мундиаль тарыхында сезонду жеңилүү менен баштап, жыйынтыгында жеңип чыккан алгачкы команда болуп калды.

ФОРТУНА КҮЧТҮҮЛӨРГӨ ЖЫЛМАЯТ
ХIХ мундиалдын финалы голдорго бай болбосо да, корогон нерв клеткалары көп эле болгону турган сөз. Нервдердин мынчалык чыңалуусу көптөн бери боло элек эле. Атаандаштардын буга чейин бир да жолу чемпион болбогонун эске алганда ал жагы түшүнүктүү эле. Андыктан майданда ойногон 22 футболчу жеңиш үчүн жанын берүүгө даяр болчу.
Оюнда, негизинен, күрөш майдандын ортоңку бөлүгү үчүн жүрдү. Ким аны ээлесе, ошол оюнду колго алмак. Жана мунун өтөсүнө испандар чыга алышты. Бул жолу да испаниялыктардын жеңишинин рецебин баягы эле оюну түздү: топту атаандашынан алып коюп өзүндө сактоо, акырындык менен атаандашынын талуу жерлерин таап, багындыруу.
Командалар 90 мүнөттүн ичинде каршылашынын дарбазасына жол таба алышпаса да, кошуп берилген убакытта фортуна Испанияга жылмайды. Чынында, "голландиялыктар көзгө басар чабуулчусу жок, анча кооз эмес оюну менен чемпион болсо, футбол үчүн жагымсыз окуя болмок" дегендерге кошулбоого айла жок.

"КЫЗЫЛ ФУРИЯ" ЭЛИТАЛЫК КЛУБГА КОШУЛДУ
Бул жеңиши менен испандар Дүйнө чемпиондугун жеңген 7 өлкөнүн (Уругвай, Италия, Бразилия, Германия, Аргентина, Англия жана Франция) катарына кошулду. Анан дагы айта кетчү нерсе, быйыл биринчи жолу европалык команда бөлөк континентте жеңишке жетишти. Дүйнө кубогуна ээ болуу боюнча “Европа-Түштүк Америка” тирешүүсү уланууда. Азырынча эсеп 10:9 Европа алдыда (мундиалды аталган 2 континенттин гана өкүлдөрү жеңип келишет).


ГЕРМАНИЯ КАЙРАДАН ҮЧҮНЧҮ
“ЮАР-2010дун” көркү болгон Германия 3-орун үчүн болгон беттеште Уругвайды 3:2 эсебинде жеңип алды. Немистер коло медалга жетүү үчүн көп кыйналышкан жок. Машыктыруучу Лев майданга негизги курамын чыгарбады. Кошумчалай кетчү нерсе, Йоахим Левдун “Германияга сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен сыйлана тургандыгы белгилүү болду. Ал эми Томас Мюллер ФИФА тарабынан мелдештин “Эң жаш мыкты оюнчусу” деп табылды.
Ошентип, немис машинасы быйыл да мындан 4 жыл мурдагыдай 3-орун менен чектелди.


КЫРГЫЗСТАНДЫКТЫН ЮАРдагы ОКУЯЛАРЫ
Чакан өлкөбүз Кыргызстан да мундиалдан четте калбады. Оюндар телеканалдар аркылуу түз алып берилип гана тим болбостон, ЮАРдагы дүйнөлүк мелдешке кыргызстандык түздөн-түз таасирин тийгизди.
Ал каарманыбыз – каптал сызык калысы Бахадыр Кочкоров. Мекендешибиз өзбекстандык Равшан Ирматовдун бригадасынын курамында баш-аягы 5 оюнда калыстык милдетин аткарды. Анын ичинде "ЮАР-2010дун" ачылыш "ЮАР-Мексика" жана жарым финалдык "Уругвай-Голландия" оюндары да бар.
Кошумчалай кетсек, "Акиpress" маалымат агенттиги ФИФАнын президенти Зепп Блаттер Роза Отунбаевага Кочкоров мекенине келгенден кийин анын коопсуздугун камсыздоону сурап кайрылгандыгын маалымдады. Бул өтүнүч анын улуту өзбек экенине байланыштуу.


МЫКТЫ БОМБАРДИРЛЕР

Мындан бир ай мурда “мундиалда ким бомбардир болот?” деген суроого бир добуштан “Месси, Роналду, Руни же Торрес” деген жооптор айтылган. Бирок мелдештин жыйынтыгында алардын бири да бомбардир болгон жок. Жадакалса төртөөнүн бирөө гана бир жолу айырмалана алды. Ал – Роналду. А калгандары ЮАРдан голсуз кайтышты. “ЮАР-2010дун” чыныгы 4 бомбардири тууралуу төмөндө кеп кылабыз. Кызыгы, алардын баары 5 жолудан гол киргизишип, мелдеште алдыңкы 4 орунду ээлеген командалардын өкүлдөрү болуп саналышат.

Давид Вилья (Испания)
28 жашта. “Барселонанын” чабуулчусу.
Давид буга чейин спортчу, “красавчик” жана активист болсо, Дүйнө чемпиондугунан кийин “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” наамына талапкер да болду. Анын “Барселонага” 42 миллион евро акчага өтүшү быйылкы жылдын эң кымбат трансфери болуп турат.
Вилья Жаңы жыл сайын балдар үйүнө кайрымдуулук кылып турат. Ошондой эле өзү чыккан Асутрия аймагынын эгемендүүлүккө жетиши үчүн активдүү күрөшүп келет.

Уэсли Снейдер (Голландия)
26 жашта. “Интердин” (Италия) жарым коргоочусу.
Уэсли футболдук үй-бүлөдө туулуп-өскөн. Атасы, агасы жана иниси мыкты футболчулар. Башкалардан 2 буту менен тең мыкты ойноосу жана айып соккуларын чеберчилик менен аткаруусу менен өзгөчөлөнөт.
Азыркыга чейин Уэслинин “Реалдан” кетиши мадриддиктердин катасы катары айтылат. Былтыр Криштиану менен Каканы сатып алган “Реал” бул голландиялык футболчудан баш тартып койгон.

Томас Мюллер (Германия)
20 жашта. “Бавариянын” чабуулчусу.
Томас жаракаттын айынан Дүйнө чемпиондугун өткөрүп жиберүү коркунучу алдында калган. Ал кадимки велосипедден жыгылып, бутун оорутуп алган эле. Бактыга жараша, жаракаты жеңил болуп чыгып, аягы минтип жакшы аяктап отурат.
Анан дагы Томас фамилиясы Мюллер болгон Германиянын курамында ойногон 4-футболчу. Ага чейин Герд, Ханси жана Дитер Мюллерлердин атагы чыккан. Азырынча Германиянын курамында 8 оюн өткөрүп, 5 жолу айырмаланды. Бул болуп көрбөгөндөй көрсөткүч.

Диего Форлан (Уругвай)
31 жашта. “Атлетико Мадриддин” (Испания) чабуулчусу
Башкалардан өзгөчө чач жасалгасы менен айырмаланып турган Диего сенсациялуу түрдө “ЮАР-2010дун” мыкты футболчусу аталды. Мыкты чыгат деп көпчүлүк Мессини, Роналдуну же Рунини күтүшкөн. Бирок Диегону эмес.
Форландын атасы да, таятасы да футболчу болгон. Өз мекенинде бир да профессионалдык командада ойной элек Диего Испаниянын да жараны болуп саналат. Жеке жашоосуна токтолсок, ал былтыр 20 жаштагы аргентиналык Заира Нара аттуу моделге үйлөнгөн.


ЭРКЕК АЙТТЫ, ЭРКЕК АТКАРДЫ!
“ЮАР-2010” башталганда биз атактуу адамдарыбызга кайрылып, алардын кимге жан тарта тургандыктарын сураган элек. Кубандырганы, алардын арасында ким чемпион болорун алдын ала ишенимдүү атаган жалгыз каарманыбыз чыкты. Ал – гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов.
Спорт баяндамачы Кубан Атабеков жеңүү­чүнү 50 пайызга туура тапты. Ал "финалда Бразилия менен Испания ойнойт" деген божомолун айткан эле.
Ал эми "дордойчу" Азамат Байматовдун мисалы өзүнчө кеп кылууга татыктуу. Ал Англия менен Испанияга жан тартарын айтып, "экөөнүн бири чемпион болсо, чачымды сарыга боёйм" деген эле. Жыйынтыгын төмөнкү сүрөттөн көрүүгө болот.


Жылмайып коюңуз!

“ЮАР-Франция” беттеши тууралуу гезиттеги макаладан: Бул оюнда кара терилүүлөр менен кара терилүүлөр ойношту. Бирок негедир аягында француздар жеңилип калышты.


“ЮАР-2010” ЭМНЕСИ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ?

Вувузела. ЮАРдагы мундиалда вувузела деп аталган музыкалык аспаптын жылдызы жанды. Мелдештин жүрүшүндө футболчулар, күйөрмандар жана телеканалдар вувузела футболго тоскоол болуп жатканын айтып чыгышты. Натыйжада, үнү төмөн болгон түрлөрү чыгарыла баштады. Вувузеланын ушунчалык популярдуу болуп кеткенине уругвайлык бир үй-бүлөнүн жаңы төрөлгөн кызына Вувузела деп ат койгону далил.

Пауль. Германиянын Оберхаузен шаарындагы "олуя" Пауль аттуу осьминог бар экенин айтпасак да белгилүү болуп калды. Пауль дүйнөдөгү эң популярдуу суу жаныбарына айланды. Анткени ал Германиянын оюндарынын баарынын натыйжаларын алдын ала туура көрсөтүп жана финалда ким жеңерин да жазбай тапты. Аргентиналыктар “Паулдан сонун деликатес жасаш керек” деп чыгышса, Испаниянын өкмөт башчысы аны коргоого алды. Ал эми италиялыктар “Пауль Италиянын деңиз жээктеринен кармалган, ага Паоло деген ат берүү керек” дешүүдө.

Гриндин катасы. Англиялык дарбазачы Гриндин катасы командасына кымбатка түштү. Бул тууралуу кезиндеги атактуу бир дарбазачы: “Мезгил өтүп, баары унутулса да, футбол күйөрмандарынын эсинде Гриндин катасы кала берет. 50 жылдан кийин деле Гринди колу менен көрсөтүп, анын айынан Англия упайлардан куру калган дегендер чыгат”,- деп билдирди.

Суарестин колу. “Гана-Уругвай” чейрек финалынан кийин “Уругвайды жарым финалга Суарес колу менен алып чыкты” деген кеп жаралды. Чынында, эгер Суарес колу менен топту тоспосо, командасы жеңилмек. Анын ордуна өзү курмандык болуп, майдандан куулганы менен, ганалыктар пенальтиден гол киргизе албай, натыйжада, жеңишти да тарттырып жиберишти. Чабуулчу Суарес тамашалуу түрдө “ЮАР-2010дун” мыкты дарбазачысы" наамына ээ болду.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
temu
2010-07-23 15:40:31
Байкуш Паулду немицтер шашлык кылып жейбиз деп жатышат.
0
Jyrgalbek_kg12
2016-03-16 16:36:23
соонун,мен да Голландияны колдоп жаттым эле.
0
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан