КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛТЫНЫ ТУУРАЛУУ ЖАЛГАН ФАКТЫЛАР

Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов интервью берип, Кыргызстандагы кендерди иштетүү үчүн ишеним жаратпаган чет элдик көз боёмочу компанияларга мыйзамсыз лицензия бергени үчүн экс-президенттер Акаев, Бакиев жана Атамбаев убагындагы бийликти сындады. Тактап айтканда, Мамбетов талап-тоноого кабылган деп эң ири “Кумтөр” жана “Жер-Үй” кендерин атады. Эске салсак, Мамбетов Акаев учурунда вице-премьер, Бакиев убагында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы, ал эми Атамбаев кезинде Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчи кызматтарын ээлеген.

“Биз “Кумтөр” кенинин ачылышы мамлекетибизге гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык алып келет деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, үмүтүбүз акталган жок”,- деди Мамбетов.

Эми экс-чиновник айткан фактыларга токтолуп, анын канчалык чындыкка дал келерине көз жүгүртсөк:

“Кумтөрдөгү” кен казып алуу иштери 1997-жылы башталып, андан бери 358 тонна таза алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу эч ким расмий түрдө билдире элек – Экономика министрлиги да, өкмөт да. Учурда ал алтындын наркы 8,8 миллиард АКШ долларын түзөт. Бизге болжолдуу түрдө 11 пайыз калды десек, кен иштеп жаткандан бери мамлекеттин казынасына 1,075 миллиард доллар түштү”.

Бардык мурдагы алтын запастарынын наркын атоо күмөн, анткени дүйнөлүк рынокто алтындын баасы күнүгө өзгөрөт. Мисалы, 2017-жылы бир унциянын баасы 1245 доллар болсо, 2004-жылга чейин бир унция алтын 300-400 доллар турган деп эсептелчү. Бул тууралуу эч ким айтпайт, анткени эч ким мындай эсептебейт.

Эми төлөмдөргө келсек. “Кумтөр” компаниясы иштеп баштаган 1994-2017-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекетинин аймагындагы төлөмдөр, салыктар, аффинаж үчүн төлөм, товар алып келүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жергиликтүү камсыздоочуларга төлөм,
инфраструктура боюнча төлөм, кайрымдуулук иштерине жана башкаларды кошкондо кеткен жалпы төлөм 3 миллиард 472 миллион доллардан ашык сумманы түзөт.

“1997-жылдан баштап 14 жыл аралыгында ушундай бай кенди иштетип жаткан канадалык компания мамлекеттин эсебине бир сом, бир доллар да которгон эмес. Болгону 2009-жылдын жыйынтыгы менен 13 пайыздын эсебинен мамлекеттин бюджетине 38 миллион доллар которушкан”.

Компаниянын 1994-2010-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгүндө Кыргызстандын аймагындагы төлөмдөрү 1 миллиард 468,8 миллион АКШ долларына жеткен. Мунун ичинде салык, бажы төлөмдөрү жана башка милдеттүү төлөмдөр – 385,9 миллион долларды түзөт.

“Дүйнөлүк практикада эгер чет элдик компания келсе, аны менен “Аталган кенди иштетүүнүн шарттары тууралуу” башкы макулдашууга кол коюлат. Ал жакта иштеп чыгарган тараптын ээси – өкмөт деп жазылат жана өндүрүлгөн алтындын канча бөлүгүн өкмөт, канчасын компания алары тууралуу шарттар белгиленет”.

Чындыгында, андай эмес. Дүйнөлүк практикадан мисал келтирели. Орусияда эң ири алтын казуучу компания – “Полюс Голд”. Компания мамлекеттик эмес жана анда мамлекеттин үлүшү жок. “Полюс” дүйнөдөгү эң ири алтын казуучу компаниялардын арасында запастардын жана ресурстардын көлөмү боюнча экинчи орунда турат. Кызыгы, ал компания “Кумтөргө” караганда түшкөн кирешеден азыраак салык төлөйт. Компаниянын жылдык отчётуна ылайык, 2017-жылдагы кирешеси 2,9 миллиард долларды түзсө, салык төлөмдөрү, лицензиялык чогултуулары жана башка төлөмдөрдү кошкондо “Полюс” Орусиянын бюджетине 426 миллион доллар которгон. Бул кирешенин 14,6 пайызы. Ал эми “Кумтөрдүн” 2017-жылдагы кирешеси 685,2 миллион долларды түзсө, салык жана милдеттүү төлөмдөр үчүн – 126,5 миллион доллар которгон. Бул кирешенин 18,5 пайызы.

“2011-жылы алтын сатуудан 941 миллион доллар пайда түшкөн болсо, мамлекеттин бюджетине анын 13 пайызын – 130 миллион доллар гана которуп кой. Бул сонун нерсе да, эч ким билбейт. Акаев менен Бакиев кантип ушундай келишимге кол коюшкан? Канадалык компания азыркыга чейин Кыргызстанды тоноп келе жатабы?”

941 миллион доллар – бул пайда эмес. Билимдүү адамдар муну киреше дешет. Белгилүү болгондой, киреше – али пайда эмес. Жалпы салыктар жана башка төлөмдөр аталган жылы 173,8 миллион долларды түзгөн. Орточо эсеп менен “Кумтөр” жылына салык жана башка түрдүү төлөмдөр үчүн мамлекетке 120 миллион доллардай которот. Андан сырткары өнүгүүгө, жабдууларды модернизациялоого, кызматкерлерди окутууга, жергиликтүү түрдүү долбоорлорго жана башкаларга миллиондорду сарптайт. Кендеги жалпы ишмердүүлүктүн эффектисин акчалай эквивалент менен эсептегенде жылына болжолдуу 250-270 миллион долларды түзөт. Эми Centerra’нын 2018-жылдагы отчётуна көңүл буралы. Компаниянын таза кирешеси 108 миллион доллар болгон. Бул Кыргыз мамлекети кенден алып жаткан суммадан үч эсе аз.

“1997-жылы “Кумтөр” алтын казып баштаганда коңшу Өзбекстанда америкалык “Ньюман” компаниясы “Мурунтау” кенин иштетип жаткан. Ошондо Каримов шарт койгон: “Бул карьерден чыккан алтындын 79 пайызын Өзбекстанга бересиң”,- деп. 10 жылдан кийин инвестор өзүндөгү 30 пайыз үчүн ыраазычылык билдирип, 1,5 жылда
270 миллион долларлык насыясынан кутулганын, калган жылдары таза киреше үчүн иштегенин айткан. Акаев менен Бакиев мындай келишимге кантип кол койду?”

Жогорудагы мисалдар толук чындыкка жатпайт, кошумча бул иштин жыйынтыгы америкалыктардын ыраазычылыгы менен бүткөн эмес. Тескерисинче, Арбитраждык сот жана Өзбекстан тарабынан чоң суммадагы айып пулга жыгылып, төлөө менен аяктаган. 1994-жылы Өзбекстанда өзбек-америкалык “Заравшан- Newmont” ишканасы ачылган. Бул биргелешкен ишкананын курамына белгилүү америкалык “Newmont Mining Corporation” (биргелешкен ишкананын уставдык капиталынын 50 пайызы) компаниясы жана өзбек тараптан эки катышуучу – Навои тоо-металлургиялык комбинаты ошондой эле Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик комитети (25 пайыздан) кошулган. “Коммерсантъ” басылмасынын маалыматына ылайык https://www.kommersant.ru/doc/110065, долбоордун жалпы баасы 223,769 миллион АКШ долларын түзгөн. Сумманын дээрлик жарымы – 105 миллион доллар Өзбекстанга батыш банктарынан насыя катары берилген. Эч ким мамлекетке алтындын жарымын жөн эле берип койгон эмес. Бирок 2006-жылы АКШ Ташкентти Андижандагы 2005-жылы чыккан баш аламандыкта кан төгүүлөргө жол бергени үчүн күнөөлөп чыккан. Бул пикир келишпестиктин айынан өзбек тарап америкалык компанияны кысымга алган. Жыйынтыгында чет элдик компания Арбитраждык сотко кайрылган да, 2007-жылы өзбек тарап “Ньюмонт” компаниясына анын биргелешкен ишканадагы 50 пайыздык үлүшү үчүн ири суммадагы акча төлөп берүүгө макул болгон.

Базарбай Мамбетов “Жер-Үй” боюнча да ойлорун айтып, “бул дагы бийликтин жогорку тепкичтериндеги паракорчулуктун мисалы” деди. Маалымат бере кетчү нерсе, тоо-кен тармагына эч кандай тиешеси жок, Түркмөнстандагы элчилик кызматтан 2011-жылы бошотулган Базарбай Мамбетов 2015-жылы “Жер-Үйдү” иштетип жаткан “Восток-Геолдобыча” компаниясы тарабынан Талас облусунун элине алтын казуунун технологиясын түшүндүрүүчү эксперт катары жумушка алынган. Бирок “Восток-Геолдобычанын” маалыматына ылайык, эксперт Мамбетов коюлган тапшырманы аткара алган эмес, андыктан компания аны менен иштешүүдөн баш тарткан. Ошондон бери ал интернет айдыңында кен аймактары, геология жана чет элдиктер тарабынан биздин кен байлыктарыбыз “тонолуп” жатканы тууралуу дайыма жазып келет.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
NURSAPAR
2019-03-18 15:28:43
Мына сага... Бийлик талашып жата бергиле. ...
0
Belekus
2019-03-25 21:32:48
бир да факты алып келген жок, мандайындагы журналист эже обончулардын пикирин синирген эже
0
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан